03.12.2015

«АБР ар кандай чөйрөлөрдө»: Англис тили боюнча ачык билим берүү ресурстары.

Кымбаттуу достор, силердин көңүлүңөргө англис тилин үйрөнүү үчүн шилтемелерди сунуш кылабыз.

 

http://lingust.ru/english

Англис тилин жана башкаларды үйрөнүү үчүн мыкты сайт. Англис тилинин онлайн сабактарынын беттеринен силер бул тилди мыкты үйрөнүүгө жардам бере турган эрежелерди, видео жана аудио жазууларды таба аласыңар. Сабактар башталгыч деңгээл үчүн арналган, бардыгы 34 сабак. Ошондой эле аудио курс сунуш кылынат.

 

http://www.study-languages-online.com/ru/en/english-for-children.html

Англис тилин үйрөнүү үчүн дагы бир онлайн портал. Бирок сайт кенже муунга арналган. Англис тилиндеги көп колдонулуучу сөздөрдүн мыкты жыйнагы силердин балдарга жагат.

 

http://www.homeenglish.ru/Tests.htm

Онлайн тест жүргүзүүчү, ал силерге англис тилиндеги өз билимиңерди текшерүүгө жардам берет.

 

http://www.homeenglish.ru/Text-book.htm

Бул шилтеме боюнча онлайн режимде англис тилин үйрөнүү боюнча өтө көлөмдүү адабият берилген.

 

http://www.homeenglish.ru/Phrase-book.htm

20дан ашык темага орус-англис сүйлөшмөсү.

 

http://iloveenglish.ru/videomaterials

Силердин көңүлүңөргө англис тилин өз алдынча үйрөнүү үчүн видеоматериалдар берилет. Ошондой эле сайттан силер англис тилиндеги толгон-токой видеороликтерди, кызыктуу макалаларды, окуу сериалдарын жана башкаларды таба аласыңар.

 

http://englsecrets.ru/

Сунуш кылынган сайттын программасы силерге компьютердин жанынан чыкпастан англис тилин үйрөнүүгө жардам берет. Туура тандалган материал балага да, чоң кишиге да жеткиликтүү түшүндүрмө репетиторсуз түшүнүү таптакыр мүмкүн болбогон татаал лекцияларга убакыт коротууну жокко чыгарат. Сайтта пайдалуу видеоматериалдар, макалалар, блогдор бар. Ошондой эле атайын топторго бөлүнөт.

 

http://www.learnathome.ru/

Жагымдуу жана түшүнүктүү түзүмү бар сайт силерге англис тилиндеги түшүнүктөрдү өркүндөтүүгө жардам берет. Веб бет окуучуларга көнүгүү, аудирлөө түрүндөгү көп сандаган комикстерди жана башка материалдарды сунуш кылат. Бул сайт силерге абдан жагат деп ишенебиз.



http://www.native-english.ru/

Native English  долбоору толугу менен англис тилине жана аны үйрөнүү менен байланышкан маселелерге арналган. Долбоордун башкы максаты англис тилин үйрөнүп жаткан адамдарга жардам берүү, ошондой эле үйрөнүү процессинин натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат. Ар кандай адам, кала берсе англис тилин жаңыдан гана үйрөнө баштаган адам, бул жерден өзүнө пайдалуу маалыматты табат. Эгерде силер англис тилин мурда үйрөнгөн болсоңор, бул долбоор силерге алынган билимдерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жардам берет.

 

http://www.native-english.ru/articles

Бул шилтеме силерге англис тили жөнүндө макалалардын кенчине багыт берет. Бул жерде сунуш кылынган англис тилин үйрөнүү жөнүндө макалалар аны өздөштүрүүдө силерге жардам берет, жаңы сөздөрдү жаттап калуунун эң мыкты методикалары жөнүндө айтып берет, алда канча натыйжалуу үйрөнүүнүн сырларын ачып берет.

 

http://www.native-english.ru/grammar/irregular-verbs

Силердин алдыңарда англис тилиндеги туура эмес этиштерди туура колдонууга шилтеме. Келтирилген таблицада англис тилиндеги алда канча көп колдонулган туура эмес жүз этиш алфавит тартибинде чогултулган.

 

http://englishon-line.ru/gaseti.html

Эгерде силер англис тилин түшүнүү жагынан өз жөндөмүңөрдү колдонуп көрүүнү кааласаңар, силер ушул шилтемеге кайрылышыңар керек. Бул бет өзүнө орус тилине удаалаш которуу менен англис тилиндеги The Guardian, The museum of hoaxes, People.com, Telegraph.co.uk, BBC magazine, BBC NEWS газета жана журналдарынан макалаларды камтыйт.

 

http://englishstory.ru/

Бул сайтта англиялык жана америкалык жазуучулардын түп нускада басылып чыккан китептери берилген. Бул китептерди силер онлайн режимде окуй аласыңар. Китепкана дайыма кызыктуу китеп басылмалары менен толукталып турат. Эгерде силер англис тилинде алынган билимдерди сактагыңар келсе, силер бул бетке көп кайрылып турушуңар керек.

 

http://www.rulit.me/books/en/1/date

Бул шилтеменин аркасында силерде жалаң гана англис тилиндеги эбегейсиз көп сандагы электрондук китептерди акысыз жазып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ушул эле жерде силерге ар кандай көркөм жанрлар, драматургия, маалымдама адабият, журналдар жана газеталар, окуу китептери жана окуу куралдары, ошондой эле ишкер адабият сунуш кылынат.

 

http://fb2-epub.ru/load/knigi_na_anglijskom_jazyke/682

Англис тилиндеги көркөм китептердин онлайн китепканасы.

 

http://theoryandpractice.ru/posts/10527-academic-english

Чет өлкөлүк журнал үчүн илимий макаланы кантип жазуу керектиги жөнүндө кызыктуу макала.

 

http://www.library.fa.ru/files/Mihelson.pdf

Т. Н. Михельсондун, Н. В. Успенскаянын «Илимий макалаларды, рефераттарды жана рецензияларды англисче кантип жазуу керек» аталыштагы көлөмдүү макаласы.

 

http://www.volsu.ru/Student/institutes/ffmk/engfilo/dissertacii.php#

Англис тилин алда канча кең-кесири жана ийне-жибине чейин үйрөнүүнү каалагандар үчүн өтө пайдалуу шилтеме. Бул бетте англис филологиясы кафедрасынын окутуучуларынын жана аспиранттарынын диссертациялары берилген. Иштерди эркин жеткиликтүүлүк менен жазып алууга болот.

 

http://www.vokrugsveta.ru/encyclopedia/

Англис тили кандайча пайда болгонун билгиңер келеби? Бул шилтеме силерди ушул тилдин тарыхы жөнүндө ири макалага алып келет.

 

http://english-films.com/

Англис тилиндеги фильмдердин ири онлайн сактагычы.

 

http://www.lookatme.ru/mag/live/inspiration-lists/213255-learning-english

Англис тилиндеги фильмдерди көрүп жаткан учурда англис тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн Lookatme.ru’дан макала.

 

www.films.kg

Көпчүлүк адамдар майнап чыгат деген үмүт менен англис тилинин грамматикаларында сунуш кылынган эриктирме эрежелерди жана окуу тексттеринде жолуккан сөздөрдү алиге чейин жаттап келет, бирок эң жөнөкөй акыйкатты унутуп калышат: тилди билүү үчүн ага аралашып, аны менен жашап жана аны менен дем алуу керек. Жакшы жери, материалдар жетиштүү. Сайтта фильмдер жана сериалдар, ошондой эле фильмдерден үзүндүлөр камтылган, алар төмөнкүдөй үч деңгээлге бөлүнгөн: баштоочу, орточо, такшалган. Ошондой эле сайтта котормочу жана бекемдөөчү тесттер камтылган.

 

http://courses.kg/english/

Вебсайт Бишкектеги англис тилинин курстары жөнүндө маалыматты камтыйт. Контакттарды, курстардын наркын, типтерин, окутуучулар жөнүндө маалыматты, галереяны камтыйт, ошондой эле комментарий калтырууга же суроо берүүгө жана ага сайттын администраторунан жооп алууга болот.

 

http://eggheado.com/courses

Сайттан кыскача таанып-билүүчү email-курстарды табууга болот, алар аң-сезимди өөрчүтөт, шыктандырат жана күн сайын эртең менен жаңы билимдердин кубатын берет. Күн сайын эртең менен силердин почта ящигиңерге билимдерди камтыган кат жеткирилип турат. Курс таанып-билүүчү кыскача макалалардан турат, ар бир курста бир кыска тема ачып көрсөтүлөт, ал эми курстун өзү 10 күнгө жакын созулат. Азыр Eggheado’до 9 ар кыл категориядагы 40 курс жеткиликтүү, алар дайыма толукталып турат.

 

Англис тилинин курсунун бөлүмүнөн белгилүү англис фразеологизмдери, шыктандыруучу цитаталар жөнүндө, эң көп колдонулуучу англис идиомалары жөнүндө маалыматты, ийгиликтүү ишкерлер менен интервьюну, ар кандай темаларга дем берүүчү макалаларды жана башкаларды күн сайын алууга болот. 

Акыркы жаңылыктар

14.11.2019

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү ...
13.11.2019

«Үчтөн кийин кеч»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтык салым кошууга арналган социалдык тармактарда «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта өстүрүү, ата-эненин коомдогу орду жана озуйпасы, ...
06.11.2019

7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү

Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук ...
04.11.2019

«МКТ билим берүүдө: Санариптик мейкиндиктеги заманбап мугалим» педагогикалык өнөрканасы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2019-жылдын жазында «Кыргызстандын санариптик мууну: МКТ билим берүүдө жана IT билим берүү» деген темада өткөрүлгөн 7-Билим фестивалынын алкагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып жатат, фестиваль Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин базасында жана Бишкек шаарынын ортосунда 16 аянтчада өткөрүлгөн, аларга эки күндө 25 миңден ашык адам барган. 2019-жылдын 5-6-ноябрында «Роза Отунбаеванын ...
03.11.2019

«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын геометрия боюнча Иран олимпиадада көрсөткөн ийгиликтери

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында геометрия боюнча Иран олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду. Олимпиада үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүп, ага 54 өлкөдөн 6 миң окуучу аралыкта катышкан. Кыргызстандан эки окуучу: Адилбек Абдырасулов күмүш медалын ал эми Барчынбек уулу Сыймык коло ...
02.11.2019

Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медитация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.   Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ...
02.11.2019

Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди   Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын ...
31.10.2019

КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.   Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен ...
22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»