Келечек муундун өсүүсүнө салым кошкон өнөктөштөр
Элде демилге болсо дагы, ар тараптуу колдоо болбосо, бир нерсени ойдогудай ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошол себептен Жайлоо Өнүгүү борборлорун ачууда өнөктөштөрдүн колдоосуз уюштуруу кыйын.
Жайлоо өнүгүү борборлорун окуу процессин жүргүзүүдө, ар кандай мастер-класстарды өткөрүүдө керектелүүчү материалдарды өнөктөштөр камсыздайт. Кумтөр компаниясы 214 930 сом акча каражатына Жети-Өгүз жана Тоӊ райондорунун жайлоо бала бакчаларын канцелярдык буюмдардан тышкары оюнчук, методикалык колдонмолор жана үн чыгаруучу жабдуулар менен камсыздашты. Берилген материалдар балдардын толук кандуу билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан тышкары ата-энелер менен иш алып баруудагы иш чараларга жумшалат. Болжол менен эки жарым үч ай аралыкта иштеген жайлоо бала бакчаларында эне-аталар үчүн дагы атайын окутуулар каралган. Анда ата-энелер жеткинчектерди мектепке даярдоонун ыкмаларын, туура тарбия берүү жолдорун, алар менен мамиле түзүүнүн сырларын үйрөнүшөт. Жогоруудагы окутуулардын баардыгын атайын даярдалган адистер алып барышат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду тарабынан уюшулган жайлоо бала бакчаларына болгон талап жыл сайын өсүүдө.
Жайлоо бала бакчалары жай мезгилинде жыл сайын уюштурулат. Бул демилге 2014-жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан өнөктөштөр менен бирге ишке ашууда.
Учурдан пайдаланып “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоорун 4 жылдан бери колдоп келе жаткандыгы үчүн “Кумтор” компаниясына жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Акыркы жаңылыктар
Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Прямая ссылка:
- Ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуучу тренинг
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- Пресс-центрПресс-релизы
Армениянын маалыматтык-коммуникативдик технологиялары, инновациялык билим берүү тажрыйбасы менен таанышуу сапары
«Поэзия поезди» поэзия кечеси

- Прямая ссылка:
- «Поэзия поезди» поэзия кечеси
- Опубликовано в:
- Пресс-центрПресс-релизы
- Пресс-центрАнонсы и объявления
- ИнициативыРазнообразие и культураВечера поэзии
2019-жылды экология менен улантабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын февралына иш-чараларынын дайджести

Барскоон жана Сузак айыл аймактарынын өкүлдөр «Миграция жана өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарында гендердик теңчилик маселелери» лагеринде окутуудан өттү
STEM - 2019 кышкы мектебинин ачылышы болуп өттү
«Ызгаардагы ыр» поэзия кечеси чоң аншлаг менен өттү
Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

«50+»долбоору «Мобилдүү технологиялар» курстарына чакырат

КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Прямая ссылка:
- КР ЖК депутаты Садык Шер балдарга китеп окуп берди
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости