15.08.2018

IV «Мекендештер» Форумунан фото жана видео репортаждар

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

 

2018-жылдагы «Мекендештер» Форумуна катышканыңар жана аны өткөрүүгө кошкон салымыңар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Быйылкы жылдагы Форумду өткөрүүгө дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 300дөн ашык адам катышты. Тартылган аудитория, маанилүү темалар, көрүнүктүү спикерлер – ушулардын бардыгы – «Мекендештер - 2018» 4-форуму!

 

Эки күндүк иштин натыйжаларына Ысык-Көлдүн жээгиндеги пайдалуу таанышууларды, кызматташтык жөнүндө макулдашууларды, иштиктүү дискуссияларды жана толгон-токой жакшы маанайды, дурус иштерди жана таза абаны кошууга болот. Быйылкы жылдын башкы алга илгерилөөсү чет өлкөлөрдөгү мекендештердин орчундуу көйгөйлөрүн биргелешип чечүү үчүн тараптардын: чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын жана КР Өкмөтүнүн үзүрлүү өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы жолдорун жана ыкмаларын издөө зарылчылыгы жөнүндө жандуу дискуссиянын жүрүшүндө келип чыкты.

 

Форумдун жыйынтык документи талкуулоонун натыйжасы болуп калды, алар менен шилтемеден таанышууга жана өз сунуштарыңар менен толуктоолоруңарды берүүгө болот шилтеме >>>

 

Азыркы учурда бул документ толукталып жатат, өз сунуштарыңар менен толуктоолоруңарды Форумдун уюштуруу комитетине жөнөтүүгө болот. Документтин толук тексти жакынкы учурда биздин сайтка жарыяланат.

 

Форумдун бардык материалдарын жана презентацияларын төмөнкү шилтеме боюнча көрүүгө жана жазып алууга болот: https://drive.google.com/open?id=1cRU1e3RMdPStbrzTNrciCo0rO1H5cyMR

 

8-августтагы бардык фотосүрөттөрдү сайттан көрүүгө жана төмөнкү шилтеме боюнча жазып алууга болот: https://drive.google.com/open?id=1ghfSklfV2hK5dT0ZunMrg0dDBRLyt3P3


 


Е-mail: muhovikova17@gmail.com; office@roza.kg; 

Тел: + 996 555 81 22 51 

+ 996 312 62 16 03 

www.roza.kg 

http://mekendeshter.roza.kg

Акыркы жаңылыктар

21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...
07.10.2019

Билим берүүчү уюмдарга жана китепканаларга «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китеби берилди

4-октябрда Бишкек шаарынын билим берүүчү уюмдарына жана китепканаларына “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” китептерин берүү аземи болуп өттү. Китепти АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «SТЕМ’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогоурлатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ басып чыгарды.   Кыргызстандагы STEM жагынан көрүнүктүү илимпоз ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»