Жайлоо бала бакчаларында чет элдик ыктыярчылар балдарды ар нерсеге үйрөтүүдө
Республиканын ар тарабындагы жайлоо бала бакчаларында жеткинчектер англис тилин, чет элдин маданиятын үйрөнүүдө. Тынчтык корпусунун (Peace Corps) жана Корей агентствосунун (KOICA) ыктыярчылары балдарга англис, корей тилдерин үйрөтүүдө. Тынчтык корпусунун ыктыярчысы Джеффри Винкелман балдарга англис тилин жана ден-соолукту чыӊдоо, тазалыкты сактоо сырлары менен бөлүштү. Андан тышкары жеткинчектерге искусство тууралуу дагы бөлүштү. Ал эми Холли Тила Даниэлла балдарды англис тили жана йога менен машыктырды. Ошондой эле, Виктория Молина англис тилинен тышкары испан тилин дагы үйрөттү. Жессика Айерс жана Джаред Байерс англис тили менен кошо балдар оюндарынын түрлөрүн ойнотту. KOICA ыктыярчысы Гунхи Чо оригами жасоо менен спорт оюндарын үйрөттү. Бул ыктыярчылар Кыргызстандын аймактарында, мектептерде ыктыярчылык менен алектенишет. Бирок жай мезгилинде жайлоо бала бакчаларында өз ишмердүүлүктөрүн улантышты. Жайлоо өнүгүү борборлорун уюштуруу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өнөктөштөр менен бирге ишке ашууда.
Учурдан пайдаланып “Тынчтык Корпусуна”, “KOICA” уюумуна жана алардын ыктыярчыларына терең ыраазычылык билдиребиз.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
