23.08.2018

Сүйүнчү! Сүйүнчү!

Балдар үчүн Жаңы окуу жылына карата “Роза Отунбаевнын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Биз мектепке барабыз” аттуу түрмөгүнүн алкагында биринчи жолу окуучулар жана ата-энелер үчүн төмөндөгү китептер жарык көрдү.



“Мектепке даярдык”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Бул китеп мектепке бара турган балдарды психологиялык жактан даяр¬доого багытталган. Китепте ар дайым ата-энесинин гана айланасында жүргөн балдардын биринчи өз алдынча мектепке баруу кадамы, өзүнүн кыймыл-ара¬кети үчүн жоопкерчиликти жана коомдо өзүн алып жүрүүнүн алгачкы бил¬гичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу жөнүндө жөнөкөй тил менен жеткиликтүү маалыматтар берилет.


Баасы 80 сом. 




 “Башталгыч мектепке саякат”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Бул китеп мектепке жаңы барып жаткан окуучуларга мектептеги эрежелер, шарт¬тар тууралуу маалымат берүүгө жана алардын коомчулукта өзүн-өзү алып жүрүү боюнча алгачкы көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.

Китеп жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен жазылды. Анда¬гы маалыматтар өнүктүрүүчүлүк мүнөздө болуп, ата-энелер жана мугалимдер кошумча кырдаалдарды ойлоп таап, өз алдынча иш¬теп чыгууга да мүмкүнчүлүк берет.

Биз балдарыбыздын түрдүү кырдаалдардан чыгуу жана шарт¬ка ылайыкташа билүү компетенттүүлүгүн канчалык эрте калып¬тандырсак, ошончолук турмушта өз алдынчалыкка жана жооп¬керчиликтүү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Китептеги маалыматтар баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык¬ташкан жана жамааттагы анын ролун аныктоого, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга максатын коёт.

Китептин башкы максаты окуучунун жеке жоопкерчилигин эртелеп калыптандыруу.


Баасы 170 сом.




“Ынтымак сыры”


Автору: Догдургүл Кендирбаева

Сүрөтчүсү: Бек Жайчыбеков


Китепте өлкөбүздө жашаган көп улуттуу элдердин ортосундагы достук мамиленин маанилүүлүгү чагылдырылган. Балдар бири-бирине, жаратылышка аяр жана камкор мамиле кылганда гана жакшы маанай өкүм сүрүп, жашоо көңүлдүү, кызыктуу улана тургандыгын баяндайт. Аталган китеп ынтымак болбосо ырыс жок экендигин баса көрсөтүп, ата-энелерди, балдарды ынтымакка, бири-бирин сыйлоого, урматтоого чакырат.

Баасы 170 сом.


Акыркы жаңылыктар

19.11.2018

«Тагдыр каармандары» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте элибизге таанымал акындардын жана таланттуу жаш акындардын поэзия кечелерин 2016-жылдын март айынан тарта ай сайын үзбөй өткөрүп келатат. Кезектеги «Тагдыр каармандары» поэзия кечеси акын жана жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун , Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын ...
17.11.2018

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева КР Президенти С.Ш.Жээнбековду кутман курак мааракеси менен куттуктады

Ушул күндөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун мүчөсү катары ЮНЕСКОнун эгидасы астында өтө турган жер жүзүндөгү тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды түзүү жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндөгү экинчи эл аралык конференциянын алдында Индияда жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйынын өткөрүп жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековду анын ...
16.11.2018

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И. Отунбаева жерде тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды жаратууда жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндө жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйналышын өткөрдү

Кыргызстандын Экс-президенти Р.И. Отунбаева ЮНЕСКОнун Махатма Ганди атындагы институтунун (Дели, Индия) мүчөсү катары 2018-жылдын 14-ноябрында ЮНЕСКОнун калкасы астындагы экинчи эл аралык конференциянын алдында жерде тынчтыкты жана туруктуу жамааттарды жаратууда жана сактоодо санариптик педагогиканын ролу жөнүндө жогорку деңгээлдеги эксперттердин жыйналышын өткөрдү Конференция Индиянын түштүгүндө, Андра-Прадеш штатындагы Висакапатнам шаарында ...
15.11.2018

Талас шаарында мектеп театрларынын фестивалы өтөт

13-15-ноябрда Талас шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мектеп театрларынын фестивалы өтөт. Кыргызстандын бардык областтарындагы 13 мектептен келген 105 жаш артист Медетбеков атындагы Областтык драма театрынын сахнасында улуу жазуучунун чыгармалары боюнча өз иштерин көрсөттү. Курамына белгилүү артисттер, филологдор жана театр сүрөтчүлөрү кирген калыстар тобунун мүчөлөрү аткаруунун жана оюн коюунун жогорку деңгээлин жана зор ...
10.11.2018

Зомбулук - коомдун вирусу

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.   "Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".   Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.   Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта ...
07.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өттү

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында ...
06.11.2018

Конференциянын экинчи күнү «Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу»

«Саясий чечимдерден аракеттерге карай. Борбордук Азиянын кыз-келиндерине карата гендердик зомбулукту жоюу» деген эки күндүк конференциянын алкагында кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык формаларына каршы күрөшүүдө комплекстүү стратегияларды талкуулоо үчүн Бишкек шаарында 60тан ашык катышуучу чогулду. Бул конференциянын актуалдуулугу ошондой эле убакыттын контексти менен шартталган, анткени азыркы учурда гендердик зомбулук көйгөйүн чечүү ...
03.11.2018

Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда лидерлик, коммуникациялык жөндөмдөр, техникалык англис тили жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча вебинарлар өттү

АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун катышуучулары үчүн эки ай бою (ноябрь-декабрь) Бишкек шаарында жана өлкөнүн региондорунда вебинарлар өтөт. Долбоордун катышуучуларынан тышкары вебинарларга каалагандардын бардыгы катыша алат. Бул үчүн вебинарлар базасында өткөрүлө турган долбоордун өнөк ЖОЖдорунун: И.Раззаков ...
02.11.2018

Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өтөт

2018-жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) саламаттык сактоо жана билим берүү тутумунун өкүлдөрү, ошондой эле чечимдерди кабыл алуучу адамдар үчүн туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өткөрүлөт.   Тренингдин максаты – ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана алардын адамдын организминдеги ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө, ошондой эле «Тамактануу пирамидасы» ...
02.11.2018

КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына визити

БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин демилгеси боюнча 2017-жылы уюштурулган Ортомчулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Консультациялык Кеңештеги иштин алкагында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын БУУнун штаб-квартирасына (Нью-Йорк шаары, АКШ) визити болуп өттү.   Алсак, 2018-жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейинки мезгилде КР экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментинин башчысы Розмари ДиКарло, ...
02.11.2018

30-31-октябрда Ош шаарында туура тамактануу боюнча эки күндүк семинар-тренинг өттү

РФнын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарыны жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Ош шаарында ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»