02.11.2018

«STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталды

2018-жылдын 1-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан «СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «STEM’деги айымдар» инновациялык долбоорлорунун конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Конкурска Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас областтарынан жана Борбордук Европадан арыздар келип түшкөн.

 

Курамына ар түрдүү багыттар боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк эксперттер кирген калыстар тобу долбоорлорду төмөнкүдөй критерийлер боюнча баалады: долбоордун инновациялуулугу; сунуш кылынып жаткан идеялардын атаандаштык артыкчылыктары; билдирилген параметрлердин Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуулугу жана аларга жетишүү ыктымалдуулугу. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн чечими боюнча жеңүүчүлөр жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү долбоорду ишке ашыруу үчүн материалдарды жана приборлорду сатып алууга гранттын ээси деп 10 мыкты инновациялык долбоор аталды.

 

1. Нарын шаарынын мектеп окуучулары үчүн робот техникасы боюнча ийримдерди уюштуруу (Бейшеналиева Уулкан Үсөнбековна, Нарын областы).

 

2. Таштандылардын алда канча көп тараган түрлөрүнүн биринин – пластик бөтөлкөлөрдүн экинчи жашоосунун жана аларды кайра иштетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү (Самидинова Дилбар Полотовна, Ош областы).

 

3. Айыл чарба өсүмдүк жана мал чарба калдыктарын микробиологиялык ыкма менен кайра иштетүү (Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна, Ош областы).

 

4. Акылдуу күнөскана (Жолдубаева Эльнура Жолдубаевна, Чүй областы).

 

5. ЭКГ сигналды санариптик өткөргүч (Абдыманап кызы Мээримкүл, Чүй областы).

 

6. I way (invisible way) мобилдик тиркемеси (Тайирова Накылай, Чүй областы).

 

7. Калдыктарды бөлүү, аларды чогултуу жана андан соң кайра иштетүү аркылуу курчап турган чөйрөнү коргоо (Жумамүдүнова Нурзат Шайлообековна, Чүй областы).

 

8. «Кара - Буура» мамлекеттик жаратылыш сейил багынын кыртышынын күрдүүлүгүн жогорулатуунун экологиялык негиздери жана аларды сарамжалдуу пайдалануу (Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровна, Талас областы).

 

9. АСКУЭ – электр энергиясын эсепке алуу, анын сапаты боюнча ачык чечим (Көкүмбаева Күлүмкан Асановна, Жалал-Абад областы).

 

10. СТЕМде айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу (Ибраева Нургуль Ашимбековна, Ысык-Көл областы).

 

Эске сала кетели, Конкурс жогорку инновациялык потенциалы бар адис кыз-келиндердин, техникалык ЖОЖдордун жана жогорку класстардын окуучу кыздарынын жана мектептердин (гимназиялардын), лицейлердин жогорку класстарынын окуучу кыздарынын арасынан кайталангыс идеяларды табуу максатында өткөрүлдү.

 

Акыркы жаңылыктар

25.03.2019

Көргөзмөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Ушул күндөрү "Жибек жолу" интерактивдүу көргөзмөсүн даярдоо иши "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук Фонду жана "Кийиз дүйнө" коомдук фонду аркылуу өнөктөштөр менен биргеликте кызуу жүрүүдө. Жумушчу топ аталган Көргөзмөнүн идеясын ачып берүү үчүн өлкөбүздөгү 15 мамлекеттин элчиликтери, эксперттер, консультанттар, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер жана башка өнөктөштөр менен контентти талкуулап, иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө иш ...
23.03.2019

Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5-28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү. Бул болсо адамдар жана ...
22.03.2019

КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева Чыгаан айымдар үчүн Кувейт сыйлыгына ээ болду

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Кувейт мамлекетиндеги "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгына татыктуу болду. Чыгаан Айымдар үчүн Кувейт Сыйлыгы (ЧАКС) Кувейт мамлекеттик жана жеке сектордук, жарандык коом жашоосунун сапатынын өнүгүүсүнө чыгаан айымдардын кошкон салымын баса белгилейт. ЧАКС чыгаан айымдарды гана сыйлоо менен ...
22.03.2019

Ак-Талаа районундагы «Жайлоо өнүгүү борборлоруна» алты боз үй берилет

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Жайлоо өнүгүү борборлоруна” райондук жайыт департаменти алты боз үй, күн-шам чырактары менен берет. Бул тууралуу 2019-жылдын 15-мартында Ак-Талаа районунда “Жайыттарды башкаруу жана колдонуу, инвестиция тартуу, келечек план-2019” темасындагы тегерек столдо айтылды. Тегерек столду райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, ...
21.03.2019

Чыгыш мейманы - жаркын Нооруз майрамы!

Күн менен түн теңелген жаз күнүндө, узакка созулган кыштан кийин күн узактыгы боюнча түндү кубалап жеткенде, дүйнөдөгү бардык мусулмандар эң сүйүктүү майрамдардын бирин – жазгы Нооруз майрамын тосуп алат.   Күн менен түн теңелген жаз күнү, жаз майрамы жашоонун жаңыланышын билдирет! Нооруз Сиздин турмушуңузга кандайдыр-бир жаңы жана жакшы нерселерди алып келип, жаңы жетишкендиктер жана максаттар пайда болушунун башталышы жана символу болуп ...
20.03.2019

Талас шаарында көркөм сүрөт студияларынын иши улантылууда

Талас шаарынын № 6 мектебинин алдындагы «Заманбап көркөм өнөр – балдарга» долбоорунун алкагында көркөм сүрөт студиясы иштеп жатат, ага Талас шаарынын үч мектебинен ар кандай курактагы 20 бала барат. Бардык сабактар акысыз. Балдар үчүн бул сүрөт тартуу жагынан өзүнүн талантын ачуу же, тескерисинче, сүрөт тартууда өзүнүн күчүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү. Өткөн 2018-жылы, Герцен атындагы музейдин алдындагы студиядагы сабактарга катышып жаткан үч бала ...
20.03.2019

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы университеттин табигый илимдер факультетинин ...
15.03.2019

Жетинчи Билим фестивалы 2019 жакын арада кайрадан меймандарды чогултат!

Силерге салам!     Биз эң сонун жаңылыктар менен келдик – алдыдагы  Жетинчи Билим фестивалы 2019  жөнүндө айтып берүүнү баштайбыз!       Фестиваль 13-апрелде шаарыбыздын алдыңкы жана кызыктуу ЖОЖдорунун биринин – Асанбай кичи районунда жайгашкан АУЦАнын (Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин) аймагында өтөт.   Экинчи күн – 4-май биз жакшы көргөн жерде – "Курманжан Датка" эстелигинин жанындагы башкы сахна, ал эми ...
12.03.2019

Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды

Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?Азаттык
11.03.2019

КР ЖК депутаты Эмил Токтошев балдарга китеп окуп берди

Үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Эмил Токтошев, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштуруп келе жаткан, китеп окуп берүү акциясынын алкагында Бигкек шаарындагы №91 мектепте балдарга залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинен үзүндү окуп берди. Аталган чыгарманы китеп окууга ынтызар болгон 200 дөн ...
07.03.2019

«КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулады

6-мартта саат 13.00дө И.Раззаков атындагы КМТУда АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ ишке ашырып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуунун максаты тармактын ишин активдештирүү маселелерин талкуулоо ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Р.И.Отунбаева номинирована на первую премию NABU «Снежный барс»

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»