22.05.2019

Бишкектин 10 пилоттук турак-жай конушунун үй-бүлөлүк врачтар топтору медициналык жабдууларды жана оргтехниканы алды

2019-жылдын 22-майында Көлмө турак-жай конушунда Бишкек шаарынын 10 пилоттук турак-жай конушунун үй-бүлөлүк врачтар топтору (ҮВТ) үчүн медициналык жабдууларды жана оргтехниканы тапшыруу болуп өттү.

 

Ак-Ордо, Ак-Тилек, Ак-Бата, Бакай-Ата, Жеңиш, Калыс-Ордо, Көлмө, Мурас-Ордо, Рухий-Мурас, Эне-Сай турак-жай конуштарынын ҮВТларына ЮНФПА/ЮНИСЕФ/ООН УНПнын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» деген биргелешкен долбоорунун алкагында медициналык жабдуулар жана оргтехника өткөрүп берилди.

 

Долбоордун негизги багыттарынын бири турак-жай конуштарынын туруктуу өнүгүшү жана гүлдөп-өсүшү үчүн социалдык оорчулукту төмөндөтүү, тынчтык, ынтымак жана биримдик идеяларын алга илгерилетүү максатында ҮВТларды зарыл жабдуу менен камсыз кылуу аркылуу ҮВТлар берүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле бул калктын ден соолугун жакшыртуу үчүн пилоттук турак-жай конуштарында сергек жашоо ыңгайын, социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү боюнча коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) ишин колдоого көмөктөшөт.

 

Медициналык жабдууларды жана оргтехниканы өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча Вице-мэри Татьяна Кузнецова, ЮНФПАнын КРдагы аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкектин саламаттык сактоо департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова, ҮВТлардын жетекчилери, 10 пилоттук турак-жай конушунун Коомдук ден соолук комитеттеринин төрагалары катышты.

 

Вице-мэр өз сөзүндө келечекте ушундай долбоорлорду башка турак-жай конуштарында да жигердүү алга илгерилетүү керек деп белгиледи.

 

«Долбоордун иши 10 турак-жай конушунда өтүп жатат – бул көп эмес, бирок аз эмес. Анткени эбегейсиз зор иш жасалды. Коомдук ден соолук комитеттерин (КДК) уюштуруу үчүн ар бир тургунга чейин баруу, аларга туура маалымат берүү зарыл – бул өтө зор эмгек. ҮВТлар жакшы деңгээлде иштеши үчүн көн нерсе төрагага, ал өзүнүн тобунда канчалык мобилдүү иштеп, ишти кандай багыттап жана пландаштыра тургандыгына байланыштуу. Бул долбоор КДКларды алга илгерилетүүгө жардам берет жана бул биздин социалдык ишибиз үчүн абдан зор колдоо. Мен долбоор өз максатына жетти деп ишенем. Бүгүнкү иш-чара ҮВТлардын ишине көмөктөшүү турак-жай конуштарындагы социалдык оорчулуктун алдын алууга жардам берээрин көрсөтүп турат, анткени медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жана анын сапаты жакшырууда. Мен мэриянын атынан жана өзүмдүн атыман биздин өнөктөргө – ЮНФПАга жана «РОД» ЭКФга зор ыраазычылык билдирем», - деп белгиледи Т.Кузнецова.

 

ЮНФПАнын КРдагы аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков бул долбоор көп кырдуу жана бир нече секторлорду камтыйт, бул саламаттык сактоонун жергиликтүү башкармалыктары жана жаштар менен аткара турган иш деп белгиледи.

 

«Биздин максаттарыбыздын бири жаңы турак-жай конуштарындагы адамдар мэрия, мамлекет жана өкмөт тышта калбаганын сезиши үчүн алардын жашоосун өзгөртүү болду. Чындыгында эле өзгөрүүлөр болуп жатканын, адамдар натыйжалар жөнүндө айтып жатканын көрүү жагымдуу. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр маанилүү роль ойнойт, анткени дал медициналык кызматкерлер калк менен иштейт. Өткөрүп берилген жабдуу мыкты медициналык кызмат көрсөтүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», - деп айтты М.Өмүрзаков.

 

29-ҮВТнын жетекчиси Шаира Махмудова жана 3-ҮВТнын жетекчиси Акылай Эсенгельдиева саламаттык сактоо багыты боюнча долбоордун ишинин натыйжалары жөнүндө презентация жасады. Алар ҮВТлардын жабдууларга муктаждыгын аныктоо процесси комплекстүү жүргүзүлдү жана ҮВТлардын эң зарыл муктаждыктарын аныктоого мүмкүндүк берди деп белгиледи. 29-ҮВТ локалдык компьютердик тармакты алды, ал ҮВТлардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн электрондук менеджментке өтүшүнө, анын ичинде пациенттердин электрондук кезегин, он-лайн жазууну киргизүүгө, врачтардын ишин жакшыртууга, пациентерди дарылоого жана текшерүүгө көз салууга, медициналык кызматкерлердин ишинин он-лайн мониторингин, он-лайн консультацияларды жана үчүнчү деңгээлдеги адистердин консилиумун өткөрүүгө мүмкүндүк берет. №3 ҮВТнын жетекчиси алынган жабдуу алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга жардам берет, жүрөк кан тамыр ооруларынын, кант диабетинин алдын алууну күчөтөт деп белгиледи. ОРВИнин жана дем алуу жолдорунун учурунда физио-процедураларды жүргүзүүгө мүмкүн болуп калат, Тез жардам станциясынын ишин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Компьютерлер электрондук медицинага өтүүгө мүмкүндүк берет, бул башкаруу тутумдарын санариптештирүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына байланыштуу өтө маанилүү.

 

Ошондой эле КДКлардын төрагалары артериялык кан басымдын мониторинги жана маалыматтарды ҮВТлардын врачтарына берүү боюнча өздөрүнүн иши жөнүндө айтып берди. Бардыгы болуп 10 турак-жай конушунда КДКлардын 162 мүчөсү иштеп жатат, алар сергек жашоо ыңгайы жана коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтарды таратат.

 

Белгилеп кетүү керек, мурда долбоор боюнча медициналык кызматкерлердин пациенттер менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча ҮВТлардын жетекчилери жана медициналык кызматкерлер үчүн бир катар тренингдер өткөрүлгөн. Коомчулук менен иштөө, КДКнын мүчөлөрүнүн уюштуруу потенциалын жогорулатуу, артериялык кан басымды өлчөө, өлчөнүн маалыматтарын жана калктын артериялык кан басымынын мониторингин берүү үчүн электрондук почтаны жана Гугл дисканы пайдалануу боюнча шаардын 10 пилоттук турак-жай конушунун КДК мүчөлөрү үчүн тренингдер жана коучингдик сессиялар өткөрүлдү. Бул калктын кан басымынын опурталдуу көрсөткүчтөрүн четтетүүгө жардам берет.

 

Долбоордун алкагында 2018-жылдан тартып КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте (КР ССМнын 2018-жылдын 19-ноябрындагы №971 көрсөтмөсү менен) кырдаалды талдоо жасалды жана жумушчу топ түзүлдү, медициналык жабдуулардын жана оргтехниканын стандарттуу тизмеси түзүлдү, алар сатып алынды жана пилоттук турак-жай конуштарынын ҮВТларына берилди.

 

Алсак, ҮВТлар үч каналдуу 9 даана электрокардиографты, 9 даана небулайзерди, өпкөнү убактылуу жасалма желдетүү үчүн топтомдун 9 даана АМБУ мүшөгүн, 17 даана глюкометрди, 17 даана пульсоксиметрди, наристелерди таразага тартуу үчүн бой ченегичи бар столго коюлуучу 9 даана электрондук медициналык таразаны, чоң кишилерди таразага тартуу үчүн полго коюлуучу 9 даана электрондук медициналык таразаны, медициналык металл стационардык типтеги 9 даана бой ченегичти, 17 даана кыймылдуу кварцты (нурлантуучуну), 9 даана ооз кеңейткичти, 9 даана тил кармагычты (көп жолу колдонулат), 9 даана кислород жаздыгын, кургак кактоочу 9 даана шкафты, 10 даана компьютерди, 10 даана принтерди (3 амалды жасайт), 11 даана суу ысыткычты, 8 даана жогорку дем алуу жолдорун жана кулактын көңдөйүн ультра-көк стационардык нурланткычты – 4 тубустуу ОФНУну, бөлмөдө температураны сактоо үчүн 56 даана кондиционерди, вакцинаны сактоо үчүн 5 даана медициналык муздаткычты алды. Ак-Ордо турак-жай конушунун №12 медициналык борборунун №29 ҮВТсы 5 даана компьютерди, 4 даана принтерди, гинекологиялык кабинет үчүн жалпы суммасы 36 миң доллар болгон локалдык компьютердик тармакты жана стулдарды алды.

 

Акыркы жаңылыктар

13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»