7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү
Бүгүнкү күндө, кыязы, биздин өлкөдө газета окубаган, телевизор көрбөгөн, радио укпаган же Интернеттеги жаңылыктарды иликтебеген бир да адам жок. Жалпыга маалымдоо каражаттары эчак эле коомубуздун ажыралгыс бөлүгү, социалдык, экономикалык жана саясий окуялар жөнүндө өз учурунда билүүгө жана ойлонууга жардам берген маанилүү булак болуп калды. Азыркы шарттарда алар коомдун өнүгүшүнө кыйла таасир этет.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду журналисттерди, китеп чыгаруучуларды, полиграфисттерди, телекөрсөтүүнүн, радионун, интернет-басылмалардын кызматкерлерин – өзүнүн эмгеги жана таланты менен өлкөбүздүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин камсыз кылып жаткандардын бардыгын – кесиптик майрамы – Басма сөз жана маалымат кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!
Биз үчүн силер – өлкөдө болуп жаткандарга кайдыгер карабаган чыныгы өнөксүңөр. Силердин татаал жана зарыл эмгегиңер, жогорку кесипкөйлүгүңөр, так жарандык позицияңар, аудиторияны сыйлаганыңар, бардык жаңы нерселерге ачыктыгыңар, болуп жаткандарга көңүл кош эместигиңер жана чындыкты объективдүү чагылдырууга умтулууңар жана иштиктүү кызматташтыгыңар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Баарыңарга кесиптик ийгиликтерди, шыктанууну жана тартынбастыкты, көбүрөөк жакшы кабарларды, журналисттик табылгаларды жана ыраазы окурмандарды каалайбыз!
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
