13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду.


Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Аземде Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева кандай гана заман болбосун бардык учурда маданий байлык, руханий дөөлөт, тарыхый жана адабий мурастар өлкөнүн мамлекет катары жетилүүсүндөгү негизги уютку экенин белгиледи.


- Кыргыздар кылымдар бою жашаган узак өмүрүндө алтын, күмүш деген сыяктуу көр оокат, байлык чогулткан эмес, “Манастай” улуу дастандарды жаратып, руханий байлык топтогон. “Манас” эпосубуз элибиздин маданий көрөңгөсү, уюткусу катары бааланып, эпостогу маалыматтар жомокторубузда, оймо-чийме саймаларыбызда, ыр-күүлөрүбүздө сакталып, калкты шамдагайлык, чыдамкайлыкка каныктырган ат менен жана жөө улуттук оюндарыбызда көчмөндөр цивилизациясы деп аталган улуу да, катаал жана татаал да бай доордун тарыхы жатат. Ал байлыкты ооздон оозго, муундан муунга жеткирип, кыргыздар өзүн-өзү жоготпос үчүн үрп-адатын, салтын, тарыхын, дүнүйө таануу өзгөчөлүгүн, тилин сактап, мекенин коргоп, эрдикти, эркиндикти, үмүттүү жашоону, ынтымак, ыймандуулукту даңазалап келген. “Манас” эпосу - кыргыз элинин байыртадан келаткан тарыхый мурасынын оозеки көркөм жылнаамасы гана болбостон, руханий жана философиялык дымагын, душмандардан коргонуу жана жеңе билүү мүмкүнчүлүгүнүн, күч-кубатынын, дүйнөнү дүңгүрөткөн зор окуяларды башынан өткөргөн тагдырынын өзгөчө системасын баяндаган чыгарма, кыргыздарда конституция жөнүндө түшүнүк жок кезде “Манас” эпосу баш мыйзамдын милдетин аткарган, улуттук идеологияны да камтыган, - деп белгиледи.


Р.Отунбаева келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен келе жаткан Жаңы-2020-жыл менен куттуктады.

 

Китепти жаратуучулар окурмандардын эпостогу маалыматтарды тез жана кызыгуу менен жеңил кабыл алуусун көздөп, жапондордун манга сүрөт жанрын колдонушкан. Китеп Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай сыяктуу улуу манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосунун варианттары менен Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл Жазуучусу Бексултан Жакиевдин нуска жана кыска мазмундуу кыскартып жазылган тексттеринен жана иллюстрациялардан турат. Ал эми тексттерге карата сүрөттөрдү Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын доценти, белгилүү сүрөтчү Замир Илипов тарткан. Түшүндүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын белгилүү “Манас” изилдөөчү окумуштуулары Раиса Кыдырбаева жана Асел Исаева түзгөн.


Китеп толук түстүү, 23 бөлүмдөн, 380 сүрөттөн жана түшүндүрмөдөн турат.


Кеченин коногу акын, жазуучу Алтынбек Исмаилов китеп тууралуу оюн мындайча билдирди: "Манастын тарыхын ар бир балага жеткирүү, эпостун миллиондогон саптары менен кыскача тааныштыруу үчүн авторлор япондук манга жанрына кайрылып жана сүрөттөрү бар кыска текстти түзүштү. Бул китепти окугандан кийин балдар «Манастын» адабий тексттерине алда канча ишенимдүү кирише аларына ишенем. Жаш окурмандардын арасынан өз ордун таап, кеңири чөйрөгө тарайт.


“Манас” трилогиясы кыргыз элинин тили жана адабиятыбыздын гана булагы эмес, “Манас” кыргыз элинин маданиятынын, тарыхынын, каада-салтынын, үрп-адатынын пайдубалынын негизи болуп эсептелет". "Манас, Семетей, Сейтек" эпикалык трилогиясы 2013-жылы БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын атайын тизмесине киргизилген.


Белгилей кетсек, буга чейин фонд тарабынан улуу эпосту орус тилдүү окурмандарга жеткиликтүү кылуу максатында “Манас в рисунках” китеби 2016-жылы орус тилинде жарык көргөн.

Акыркы жаңылыктар

15.01.2020

Таланттуу балдар «Гений» радиоберүүсүндө

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн 2019-жылга карата жыйынтыктоочу чыгарылышында эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиретип келген таланттуу балдар катышты. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп интернатынын окуучусу Алтынай Белекова ооз комузда, ал эми Сезим Анарбекова менен Наргиза Умарова виолончель аспабында ...
18.12.2019

«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ...
17.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балам мыкты болсун десеңиз

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Балам мыкты болсун десеңиз” аттуу китептин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов менен балага эрте жаштан баштап көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маек курдук.
13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»