20.01.2020

КАЛКТЫН КАЛЫҢ КАТМАРЫ САНАРИП ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮГӨ ТИЙИШ

Жеке эле мугалимдер эмес, 30 жаштан жогорку курактагы ата-энелер санарип ыкмаларын үйрөнүүгө тийиш. «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КICB банкы менен биргеликте кадырман курактагылар үчүн арналган «Санарип+50» долбоорун ишке ашырып жатат.

  

 

“Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды жана бардык каалоочуларды смартфон менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө, финансылык сабаттуулуктун негиздерине ээ болууга, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат.

 

Азыркы күндө мамлекеттик кызматтардын көбү электрондук түрдө иш алып барууга ыкчам өтүүдө. Бала бакчага, мектепке, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кезекке туруу дагы электрондоштурулуп, тейлөө кызматтарына акы төлөөнү да үйдөн чыкпай эле жүргүзсө болот. Демек, элди да санариптик ыкмаларга үйрөтүү зарылдыгы учурда маанилүү болууда.

  

Интернет кызматтарын пайдаланууда Кыргызстан артта


Фонддун “Санарип 50+” долбоорунун коомчулук менен байланыш адиси Нурия Кийизбаева баш калаабыздагы жаңы конуштардын тургундары санариптик көндүмдөргө ээ болуп жатканын билдирди.

 

– Борбор калаабызда беш окуу борбору жана Бишкектин Келечек, Арча-Бешик, Дордой, Орок, Бакай-Ата, Ала-Тоо, Учкун, Көк-Жар, Ак-Ордо жаңы конуштарында, Фучик көчөсүнүн аймагындагы пилоттук 10 мектепте курстар өткөрүлүп, конуштун тургундары санарип көндүмдөрүнө ээ болуп жатышат. Ал курстарды атайын окутулган мугалимдер өтүшүүдө,-дейт.

 

Расмий булактардан маалым болгондой, учурда Кыргызстанда социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар 1,9 млн түзөт. Дүйнөлүк банктын маалыматында, Кыргызстандын калкынын 36,1 пайызы (15 жаштан жогорку курактагылар) гана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Акыркы жылдары бул көрсөткүч эки эсе көбөйгөнүнө карабай, Кыргызстан коңшуларыбыз Тажикстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттерден артта калууда.

 

– Курстун катышуучулары смартфондун Android же iOS программасындагы телефондун жалпы интерфейси аркылуу мобилдик телефондун негизги функциялары менен таанышат. Катышуучулар социалдык тармактар жана медиа сабаттуулук боюнча да маалымат алышып, онлайн баарлашуу үчүн социалдык тармактарды, электрондук почтаны жана булутта сактоону пайдаланууну үйрөнүшөт. Андан тышкары, негизги электрондук финансы куралдар жөнүндө түшүнүк жана Элсом аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү өздөштүрүшөт. Курстарды атайын даярдыктан өткөн тренерлер өтүшөт.

 

“Санарип 50+” долбоору уюштурган окуу курстарына азырынча борбор калаанын тургундары гана катышып жатышат. Алдыда аймактарда жайылтуу максатын көздөп жатабыз,-деди Нурия Кийизбаева.

  

Электрондук кезекке туруунун эрежелерин үйрөтүп жатабыз


Жыргалбек Курманбеков Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин география мугалими. Ал жогоруда аталган долбоордун окуу борборунда тренер болуп иштейт. Жыргалбек Курманбеков мектеп окуучуларынын ата-энелери үчүн окуу курсунун биринчи этабын аяктады. Ал ата-энелер маалымат алмашуу үчүн колдонулган электрондук даректерди туура эмес жазып алышып, убара тартып жатышканын белгиледи.

 

– Октябрь айынан бери “Санарип 50+” долбоорунун алкагында этап-этабы менен санарип сабаттуулугуна окутуп жатабыз. Жаңырган жылдын февраль айынан баштап, 1-класска электрондук кезек менен кабыл алуу тартиби киргендигине байланыштуу, даярдоо классындагы ата-энелерди электрондук сабаттуулук боюнча семинар-тренингге чакырып жатабыз. Жаш курагы 50дөн жогору деп аталган менен, 30, 40 жаштан жогорку ата-энелер да жардамга муктаж. Ай сайын анализ жүргүзгөндө, 30 жаштан жогорку курактагыларды да окутуу керектиги көрүнөт. Мисалы, ноябрь айында 53 ата-эне окуттум. Окутууну талапка шайкеш өткөрүү үчүн долбоор тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздап берген.

 

Буга чейин биз этап-этабы менен электрондук почта жана анын кызматтары, бирине-бири маалымат жөнөтүү тууралуу окутсак, февралдан ары электрондук капчык, сүрөт, ар кандай документтерди тиркөө жөнүндө сабактарды практика түрүндө өтүп, жыл аягына чейин толук даярдыктан өткөрөбүз.

 

Ушундай эле окууларга өзүмдүн кесиптештерим муктаж экендигин белгилеп кетким келет. Мугалимдер компьютердик сабаттуулук боюнча информациялык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууда КБАдан атайын адистерди чакырып, практика жүзүндө үйрөнүп жатышат. Окууларды кезек-кезеги менен каникул учурунда өткөрүүнү тууралап жатабыз,-деген пикирин билдирди.

 

Айткандай эле, 2019-2020-окуу жылы мектепке жана бала бакчага кабыл алуулар электрондук кезекке туруу жолу менен жүргүзүлө баштаганда, көпчүлүк ата-энелер бул ыкмада иштей албай өтө кыйналышканын айтышкан.

 

Бишкек шаарынын тургуну Кененбаева Элнура уулун мектепке киргизээрде электрондук кезекке тургузуунун бир топ кыйынчылыктарын тартканын айтат.

 

– Менин уулум быйыл 1-класска барды. Электрондук кезекке туралы деп аябай кыйналдык. Анткени ар бир пункту бири-бирине дал келбей жатты. Сүрөт жүктөө да бизге татаал болду. Форматы да PDF болушу керек экен. Электрондук түрдө тууралай албай атабыз деп мектепке көтөрүп келген ата-энелер да көп болду. Андыктан ата-энелерди компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүнүн зарылдыгы чоң экендигин белгилегим келет. Мага студент иним жардам берип, кырдаалдан чыгып кеттик. Ошол муктаждыктын артынан электрондук почта ачууну да үйрөнүп алдык. Эми кийинки баламды бала бакчага, мектепке кезекке тургузууда кыйналбайбыз деп ойлойм,-дейт Элнура айым.

  

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Акыркы жаңылыктар

19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...
04.02.2020

Джон Кеннединин «Каарманды көрнөктөрү» (Профили мужества) китебинин бет ачаары болуп өттү

Жакында КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында Джон Кеннединин англис тилинен кыргыз тилине которулган «Профили мужества» - "Каарманды көрнөктөрү" китебинин бет ачаары болуп өттү. Китепти белгилүү тарыхчы, котормочу жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Аталган китеп Джон Кеннеди сенатор учурунда, 1956-жылы жазылган. Ошондон бери китеп 50 ирет кайрадан басылып чыккан. Иш чара учурунда КР экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ...
03.02.2020

Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы ...
03.02.2020

Роза Отунбаева: «Жон Кеннединин китеби кыргыз саясатчылары үчүн алиппе болушу мүмкүн»

30-январь күнү КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШ элчилигинин “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.  Китептин көрсөтмөсүнө экс-президент Роза Отунбаева катышып, “Каармандык өрнөктөрү” китеби ...
02.02.2020

Кеннединин мурасы - кыргыз саясатчыларына «алиппе»

Бишкекте АКШнын 35-президенти президенти Жон Кеннединин "Каармандык өрнөктөрү" китебинин кыргызча котормосунун бет ачаары болуп өттү. Аны которгон белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Тынчтыкбек Чоротегин. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду тарабынан демилгеленип, жарыкка чыкты. Жон Кеннединин атактуу китебинин кыргызча котормосу саясатчыларга, окумуштууларга саясий ишмердиктин маданияты жана жоопкерчилиги жөнүндө ой ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»