Демилгелер Артүрдүүлүк жана маданият
Ар түрдүүлүк жана маданият дүйнөлүк дөөлөттөргө жеткиликтүүлүк катары:
Кыргызстанда көркөм өнөрдүн, музыканын, адабияттын жана элдик кол өнөрчүлүктүн жеткиликтүүлүк деңгээлин колдоо жана элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымакты чыңдоого, чөйрөдөгү социалдык, улуттук, диний чыр-чатактарды четтетүүгө көмөктөшүү.
Балдар үчүн «Көркөм өнөрдүн сыйкыры же кош келипсиздер ата-энелер» мастер-класстары. 3000ден ашык жаш шаардыктар колдонмо көркөм өнөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча мастер-класстарга барды, ал жума сайын Г. Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өткөрүлүп турат. Уюштурулуп турган сабактардын максаты – баланын инсанын байытуу, анын жеке чыгармачыл дараметин көркөм сүрөт өнөрүнүн каражаттары менен өнүктүрүү. Чыгармачыл студиядагы иш музейдин экспозицияларын көрүү балдарда эмоциялык кабылдоону, ассоциативдик ой жүгүртүүсүн, көрүп жаттап калуусун, сүрөт тартуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Көп түрдүү көркөм материалдар жана техникалар менен таанышуу ар бир баланын потенциалын өнүктүрөт жана өзүнүн чыгармачыл максатын ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Биргелешкен чыгармачыл жана таанып-билүү ишинде балдардын жана ата-энелердин өз ара аракеттенүүсү баланы эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат жана аны менен чоң кишинин ортосундагы шайкеш эмоциялык мамилелерди түзүүгө көмөктөшөт.
«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору чоң кишилер балдарга китеп окуп беришин жайылтуу, кенже куракта китеп окутуу жана китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын камтыйт, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Бул иш-чараларды жүргүзүүгө кеңири коомчулук, атап айтканда, белгилүү мадиалык адамдар, саясатчылар, артисттер, балдар жазуучулары жана акындары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү жагындагы эксперттер, тарбиячылар, ошондой эле ата-энелердин жана балдардын өздөрү тартылат.
2013-жылда республика боюнча 1200дөн ашык бала үчүн китеп окуп берүү боюнча 40ка жакын ар кандай акциялар жана иш-чаралар өткөрүлдү.
«Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү. «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсү – коомубуз жана мамлекетибиз үчүн актуалдуу жана өлкөнүн маданий турмушунда уникалдуу окуя болуп саналат. Көзгөзмөнүн ачылышы Мамлекеттик тарых музейинин базасында 2014-жылдын июнуна пландаштырылып жатат. Башкы максат – немецтерди Кыргызстандын аймагына көчүрүүнүн тарыхын; биздин өлкөнүн өнүгүшүнө немецтердин эмгектик, интеллектуалдык, руханий салымын көрсөтүү. Жаңы муунду Кыргызстанда жашаган бардык этносторду теңдеш, эркин өнүктүрүү духунда тарбиялоо жана сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу үчүн Кыргызстан калкынын көп улуттуу мүнөзүнүн маанилүүлүгү.
Көргөзмөнүн алкагында жаштар жана балдар үчүн интерактивдүү акциялар өткөрүлөт жана мастер-класстар уюштурулат, мындан тышкары, илимпоздордун, маданият жана көркөм өнөр ишмерлеринин катышуусу менен эл аралык илимий конференцияны өткөрүү болжолдонууда. Конференциянын алкагында талкуулоо үчүн негизги темалар - Сабырдуу, адилеттүү көп улуттуу коомду калыптандыруу; Көп улуттуу Кыргызстан жана анын эл аралык кызматташтыктагы ролу; Маданияттар ортосундагы диалог – тынчтыкта жанаша жашоонун негизи катары.
«Бөбөк ыры» - авторлордун жана композиторлордун арасында кыргыз тилинде балдар үчүн ырлардын республикалык конкурсу. Конкурстун максаты – Кыргыз Республикасынын балдары руханий жактан өнүгүшүнө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө көмөктөшө турган кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү, ошондой эле ыр жана поэтикалык чыгармачылык жагындагы жаңы өнөрпоздорду ачууга көмөктөшүү; чыгармаларды жазуу; балдарды жана ата-энелерди ырлар менен камсыз кылуу; балдар ырларынын аудио-, видеодискалары жана жыйнактары аркылуу кеңири чагылдыруу менен балдар ырларын жайылтуу. 2013-жылы конкурска балдар ырларынын 100дөн ашык авторлору менен композиторлору жана 200дөн ашык аткаруучу катышты. Чыгармаларды ар кандай региондук, шаардык чыгармачыл бирикмелерден жана балдар бакчаларынан келген балдар аткарды.
• Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы балдар үчүн классикалык музыканын концерттери
2013-жылы фонд Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы мектептерден келген балдар үчүн классикалык музыканын 9 концертинен турган серияны өткөрдү. Программага жаңы конуштардын 10 мектебинен 400дөн ашык бала катышты.
Программанын максаты – балдарды жана өспүрүмдөрдү, өзгөчө социалдык жактан чабал топтордогу балдарды классикалык музыкалык маданият аркылуу дүйнөлүк маданиятка аралаштыруу. Жаш угуучулар дүйнөлүк классик композиторлордун мыкты чыгармалары менен таанышты. Программанын өзгөчөлүгү аны өткөрүүнүн формасы – жөн гана концерттер эмес, анын маалыматтык бөлүгү болду, ал балдарга композиторлор жана алардын өмүр баяны, тигил же бул музыкалык чыгарманын тарыхы, музыкалык жанрлар, музыкалык аспаптардын түрлөрү жана топтору, алардын угулушу жөнүндө маалымат берди.
• «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасы
2014-жылы фонд «Музыка – элдин дили» программасын Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Консерватория менен бирдикте баштады, ал Кыргызстандагы диаспоралардын музыкалык маданиятына арналган. Концерт-презентация формасындагы 11 концерт пландаштырылган, алардын музыкалык жана маалыматтык бөлүктөрү бар. Программанын максаты – этностордун музыкалык маданияты – ырлары, бийлери, музыкасы аркылуу Кыргызстандын маданий ар түрдүүлүгүн ачып көрсөтүү.
«Балет чакырат» - балеттин башаттары, белгилүү оюндар, атактуу артисттер, дүйнөнүн эң кооз театрлары жана балет өнөрүнүн дүйнөсүндөгү көптөгөн башка нерселер жөнүндө лекциялардын сериясы. «Балет чакырат» долбоору калкты маданий агартууга, сахнанын балет сыяктуу түрүнө кызыгууну каныктырууга жана аны жайылтууга багытталган. Жаш бишкектиктер, алардын ата-энелери жана жөн гана бардык катышуучулар лекторийдин катышуучусу боло алат. Лекцияларды кыргыз балетинин атактуу аткаруучулары жана Кыргызстандын иштеп жаткан артисттери алып барат.
Фонд «Бардыгы үчүн адабият» деген жалпы аталыштагы бүтүндөй бир катар төмөнкүдөй иш-чараларды демилге кылат жана өткөрөт:
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен бирдикте кыргыз тилинде көркөм окуунун ар жылдагы Республикалык конкурсун, анын максаты китеп окууну, дүйнөлүк, ошондой эле ата-мекендик көркөм адабиятты жайылтуу, ошондой эле китепти көркөм окуу жана өлкөбүздүн жана дүйнөнүн көрүнүктүү калем чеберлеринин чыгармаларынан үзүндүлөрдү кайра айтып берүү аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.
• «Поэзия кечеси» - жыл сайын 8-Марттын алдында өткөрүлүүчү иш-чара жаш акындардын чыгармачылыгын колдоого, элдин маданий жана руханий дөөлөттөрүн алга илгерилетүүгө жана пропагандалоого, поэзия аркылуу биздин аялдардын масштабын жана тереңдигин, руханий эркиндигин жана күчүн баалай алышы үчүн чыныгы поэзияга кызыгууну ойготууга багытталган.
• Кыргызстан балдарынын жана жаштарынын арасында жаш китеп окуучулардын «Маданият аркылуу тынчтык» жалпы шаардык конкурсу – кыргыз, россиялык жана чет өлкөлүк авторлордун поэтикалык жана прозалык чыгармаларынан үзүндүлөрдү үнүн чыгарып окуу (декламация) боюнча мелдеш иш-чарасы. Конкурстун алкагында катышуучуларга өздөрү тандаган чыгармалардан үзүндүлөрдү кыргыз, орус же дүйнөнүн башка тилдеринде окуп берүү сунуш кылынат.
• «Айтматовду окуйбуз» жумалыгы – Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу боюнча акция, ал бүткүл республиканын масштабында өттү жана балдарга да, чоң кишилерге да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы жаңы өңүттөрдү ачууга мүмкүндүк берди. «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында кенже, орто, жогорку класстардын окуучулары, колледждердин окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн СД-дискада «Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуйбуз» деген электрондук методикалык окуу куралын чыгарды.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
