Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Аларда кандай болду экен?

01.06.2016

Чыгыш менен Батыш: Япониядагы жана АКШдагы балдар бакчалары

Жанна Пырчина – Нью Джерсидеги, АКШ, балдар бакчасынын окутуучусу. Өзү Америкага көчүп барганга чейин, ал Японияда 0дөн 6 жашка чейинки балдар үчүн атайын мектепте төрт жыл иштеди. Жанна ушул эки өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүсүнүн ортосундагы айырма жөнүндө өзүнүн байкоолорун "Летидор" менен бөлүштү. Көрсө, Японияда кошумча тамак берилбейт экен, балдар жамааттык ишке багыт алган, ал эми балдар бакчасында орундардын жетишсиздигинин көйгөйү Россиядагыдай эле курч турат. Америкада бүткүл персонал манжаларынын изин тапшырууга жана алгачкы медициналык жардамды көрсөтө билүүгө тийиш, ал эми балдар жекече ийгиликке багыт алган.

 

Япония: тартип жана үй-бүлөлүк дөөлөттөр

 

Жанна Томск мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн жана 2006-жылы Япониянын ири шаарларынын бири болгон Киотого барган.

- Мен офистен иш табам деп ойлогом, бирок бул татаал болуп чыкты, менин билимдерим англис тилинде окутуучу программасы бар мектепке чейинки мекемеде талап кылынып чыкты. Өлкөнүн калкынын болжол менен 97 %ы япон тилинде гана сүйлөгөн япондор болгон кыйла бир тектүү Японияда англис тилин билүү өтө жогору бааланат; билим берүү мекемелеринин көпчүлүгү чет өлкөлүк, негизинен Батыш маданиятын таанып-билүү жана киргизүү, балдарды англис тилине окутуу үчүн чет өлкөлүк окутуучуларды жалдайт. Мен иштеген мектепте жарым жаштан 6 жашка чейинки балдар окуйт, биз балдар менен англис тилинде гана баарлашчубуз.

 

Японияда мектепке чейинки мекемелердин бир нече тиби, толук жана толук эмес жумуш күнү иштеген жеке жана мамлекеттик мекемелер бар. Балдар бакчаларында орундардын жетишсиздигинин көйгөйү жана күтүү барактары Японияда азыркы турмуштун нормаларынын бири болуп саналат.

 

 

 

 

Мамлекеттик мектепке чейинки мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы үй-бүлөнүн кирешесинин негизинде эсептелет жана жеке балдар бакчаларынан кыйла айырмаланат. Мисалы, мамлекеттик балдар бакчасында баланын бир ай болушу 100 доллардан 300 долларга чейин өзгөрүп турат, ошол эле учурда жеке балдар бакчаларында 1000 доллардан 1500 долларга чейин жетиши мүмкүн. Мында бардык сыртка чыгуу иш-чаралары жана экскурсиялар өзүнчө төлөнөт.

 

Бүткүл төрт жыл бою мен бир жаштан үч жашка чейинки балдардын тобунда негизги окутуучу болуп иштедим. Жайлуу шарттар, чоң бөлмөлөр, окутуучулар менен балдардын балансташкан катышы (курагына жараша бир чоң кишиге 3-5 бала), жардамчылардын жана ассистенттердин болушу, ыңгайлуу расписание жана ар түрдүү иш-чаралар окуу процессине көңүл бурууга жана тартип көз карашынан алганда жогорку натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

 

Билим берүү программасы өтө мазмундуу болучу, биз оюн формасында айлана-чөйрөнү, түстөрдү, формаларды, цифраларды, тамгаларды окучубуз, Доман карточка системасын колдончубуз. Ошондой эле балдар музыка, спорт менен машыкчу, театр чеберчилигинин негиздерин таанып-билчү. Жаңсоо тилине зор басым жасалчу, ал колдордун моторикасын өнүктүрүүгө жардам берет жана тилдин өнүгүшүнө көмөктөшөт. Мисалы, 1 жашка чейинки сүйлөбөгөн балдар тамак жегиси же уктагысы келгенин көрсөтүп, ооруп жана кыйналып жатканын билдирип, кайсы жери ооруп жатканын көрсөтө алат.

 

Ай сайын мектептен тышкаркы чогулушта биз балдар менен оюн-зоокторду уюштурчубуз: ыр ырдап же бийлечүбүз. Бир жолу «Мен сени тундрага алып кетем» ("Увезу тебя я в тундру") ырынын коштоосу менен чукчалардын бийин койдук, улуттук костюмдарды тиктик, репетицияга эки ай кетти, бирок дээрлик бардык бийчилер синхрондуу кыймылдады.

 

Айта кетүү керек, бүткүл коомдун жамааттык же топтук уюшуусунун аркасында япон балдары өтө ынтымактуу жана тартиптүү. Эреже катары, алар тынч жана айткан сөздү угат. Эл алдында чыр чыгарган наристени элестетүү мүмкүн эмес, мында ата-энелер өз балдарына кыйкырбайт жана чаппайт.

 

Японияда үй-бүлөнүн ролу өтө жогору бааланат. Эне менен баланын ортосундагы байланыш өтө күчтүү, анткени башталгыч мектепке барганга чейин алар тыгыз денебой жактан жана психологиялык өз ара аракетте болот. Мисалы, салттуу түрдө бүткүл үй-бүлө ваннага бирге түшөт жана бир бөлмөдө уктайт. Балдар өз ата-энелерин ушунчалык жакшы көрүп жана урматтагандыктан, аларды терс кыялы же жаман жүрүш-турушу менен таарынткысы келбейт. Ошондой эле балдар наристе кезинен тартып коомдо жана анын мыйзамдары боюнча жашоого көнөт. Энелер жаны туулган баласын дайыма, мисалы, ресторанга өзү менен бирге алып жүрөт, ал жерде жайлуулук үчүн бардык шарттар түзүлгөн: кадам сайын таптаза ажатканалар, аларда балдардын гигиенасы үчүн каражаттар, жалаягын алмаштыра турган стол, эмизүү үчүн орун бар.

 

Япон коомунда окутуучунун статусу өтө жогору. Окутуучуну балдар да, чоң кишилер да урматтайт. Баарлашуу учурунда ата-энелер эң жогорку даражадагы урматтоосун көрсөтөт, эч качан каяша айтышпайт жана көп учурда кандайдыр-бир майда белектерди, тамак-ашты же сувенирлерди алып келет. Ошондой эле педагогдордун ишине, өзгөчө Россияга салыштырганда, жакшы акча төлөнөт.

 

 

 

Мен иштеген мектепте бардык бөлмөлөрдө видео байкоо жүргүзүү камералары орнотулган болучу. Ата-энелерде же жетекчилерде дайыма балдар жана окутуучулар эмне кылып жатканын карап көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Соңку жылдары башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Японияда балдарды мыйзамсыз фото- жана видео тартуу орун алган көйгөй бар, бирок ал расмий түрдө жарыя кылынбайт. Балдарды ашкере көңүл буруудан мыйзамдуу түрлө калкалоого аракет кылышат. Мисалы, мектепке чейинки мекемелерде фотого тартууга жана ата-энелердин уруксаты болмоюнча башка балдардын фото- жана видеосун таратууга тыюу салынган.

 

Мыйзамсыз фотого же видеого тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн мектептердеги жана балдар бакчаларындагы педагогдор өзүнүн жанында мобилдүү телефонду алып жүрүүгө укуксуз.

 

Япония түркүн түстүү салттарга жана майрамдарга бай, алар билим берүү процессинин жана коомдук турмуштун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. Көп сандаган фестивалдар жаратылышка жана сезондук өзгөрүүлөргө арналган. Жаңы жыл жаңы пландарды жана үмүт-тилектерди мүнөздөйт, япондор үйдү карагайдын бутактары жана бамбук менен кооздойт, атайын тамак-аштарды жасайт, майрамдык кимонону кийет жана храмдар менен сейил бактарга жөнөшөт. Сакура гүлдөгөн мезгилде март-апрелде ушул кубулушка суктануу үчүн бүткүл үй-бүлөсү менен барып, гүлдөп жаткан бактардын алдына жайгашат жана ала келген тамак-ашын жейт, балдар анын айланасында ойнойт.

 

Танабата жылдыздарынын жайкы фестивалы теңирдин дарыясы менен түбөлүккө айрылган сүйүшкөндөр Орихимэ жана Хикобоси (Койчу жана Токуучу) жөнүндө уламышка негизделген. Саманчынын жолунун эки тарабында жайгашкан Вега жана Альтаир жылдыздары сүйүшкөндөрдү туюнтат жана жыл сайын жетинчи айдын жетинчи түнүндө жолугушат. 7-июль күнү япондор түстүү кагаздын үзүктөрүнө өз тилектерин жазат жана аны менен бамбуктун бутактарын кооздойт. Көпчүлүгү жайкы кимонону кийет жана параддар менен майрамдык иш-чараларга катышат: ыр ырдашат жана бийлешет. Күзүндө япондор күзгү жалбырактарды көрүү үчүн жөнөшөт, бул жылдык циклди аяктайт.

 

 

 

Япон балдарынын ден соолугу өтө мыкты экени белгилүү жана Японияда өмүрдүн узактыгы – дүйнөдөгү эң узактардын бири. Буга көмөкчү болгон факторлордун бири болуп жашоо ыңгайы жана тамак-ашы саналат. Японияда балдар үчүн «кошумча тамак берүү» түшүнүгү жок, балдарды эмчек эмүүдөн же жасалма тамактандыруудан дароо чоң кишилердин тамак-ашына өткөрөт. Азыктарды майдалабайт, туурабайт.

 

Балдар, чоң кишилер сыяктуу эле, негизинен күрүч, балык, буурчак, жашылча жана мөмөлөр менен тамактанат. Эртең мененки тамакка демейки ботконун ордуна балдарга тамактардын топтомун берет, ал көбүнесе орустардын түшкү тамагына окшош. Бирок болор-болбос көрсөткүчтөргө карабастан, соңку жылдары Японияда туура эмес тамактануунун жана фастфуд таралышынын айынан семирип кетүү көйгөйү пайда боло баштады. Кенже мектеп окуучуларынын арасында толук балдар пайда боло баштады.

 

Японияда ден соолук, дары-дармек жана балдарды дарылоо жагынан башка өлкөлөрдөн чоң айырмасы бар. Мисалы, Россиядагыдай ороп-чулгабайт, жеңил-желпи кийиндирет. Энеси куртка жана тумак кийип, ал эми баласы жука көйнөкчөн жана чолок шымчан бараткан көрүнүштү көп көрүүгө болот. Мында балдар чанда ооруйт жана эгерде алардын мурду бүтүп же жөтөлүп калса, ата-энелер аларга дары-дармек берүүгө шашылбайт, оору күчөп кетсе гана дары беришет.

 

Японияда демейде муундардын байланышы күчтүү болгонуна карабастан, азыркы үй-бүлө (ата-энелер-балдар) негизинен чоң эне, чоң аталардан өзүнчө жашайт, алар айрым убакытты неберелер менен өткөрөт, бирок алардын жашоосуна кийлигишпейт, өз пикирин таңуулабайт.

 

Япон айымдар балдар пайда болгондон кийин иштөөнү толук токтотуп жана бүткүл убактысын үй-бүлөгө арнагандыктан, бала багуучу аялдардын кызмат көрсөтүүлөрү АКШдан айырмаланып популярдуу эмес, ал жерде бала багуучу аялдардын кызмат көрсөтүүлөрү кеңири орун алган.

 

Америка: индивидуализм жана ундан жасалган көп тамак

 

Америкада мектепке чейинки билим берүү япондукунан өтө айырмаланат. Биринчи кезекте Япониядагы коомдун бир тектүүлүгүн белгилеп кетүү керек, ал жерде коомдун ар кандай катмарларынын кирешелери болор-болбос айырмаланат. Америкалык системада калктын аз камсыз болгон катмарлары менен мал-мүлктүү адамдардын ортосундагы айырма эбегейсиз зор. Бул мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө мүмкүн болгон ар кандай вариацияларды түзөт. АКШда жеке жана мамлекеттик балдар бакчалары жана балдарды багуучу борборлор бар.

 

Балдардын көпчүлүгү наристе курактан тартып 3 жашка чейин жеке мекемелерге барат, үч-беш жаштагы балдардын жарымынан көбү окутуунун стандарттык программасы бар мамлекеттик балдар бакчаларына барат. Беш жаштан алты жашка чейинки балдар соңку жылы мектепке даярданат: сабактарга барат, үй тапшырмаларын аткарат жана билимдерин жана тилди, математиканы, коомдук жана табигый илимдерди билүүсүн өркүндөтөт.

 

Окутуунун наркы сапатка түздөн-түз байланыштуу, ал педагогдорун билиминин деңгээли (окутуучунун даярдыгынын деңгээли канчалык жогору болсо, ошончолук жакшы), балдардын санына карата окутуучулардын катышы (бир чоң кишинин камкордугунда балдар канчалык аз болсо, ар бир конкреттүү балага ошончолук көп убакыт бөлүнөт) жана өнүктүрүү программаларынын жана ресурстарынын болушу (программалар канчалык ар түрдүү жана кызыктуу болсо, материалдар, китептер жана оюнчуктар канчалык көп болсо, мектепке чейинки балдардын акыл-эс жана социалдык жактан өнүгүшү үчүн ошончолук пайдалуу) менен аныкталат. Штатка жана калктуу конушка, сааттардын санына жана сапатына жараша балдар бакчаларындагы акы төлөө айына 100 доллардан башталып жана эки миң долларга жана андан ашыкка чейин жетиши мүмкүн.

 

Америкалык система балдарды балдар бакчаларында жана яслилерде тарбиялоону кубаттайт, аларды ата-энелер өтө талап кылат, анткени баланы багуу боюнча акы төлөнүүчү өргүү – 3 ай, ал аяктагандан кийин көпчүлүк энелер толук жумуш күнүнө ишке чыгат.

 

АКШда (Нью-Йорк – Нью Джерси региону) мен чакан жеке мектепке чейинки мекемеде иштедим, ал жерде окутуучунун же тагыраак айтканда тарбиячынын негизги милдети балдарга көз салуу жана аларды багуу (тамак берүү, кийимин, подгузниктерди алмаштыруу, сейилдеп бастыруу, уктоо сааты, оюндар, ырлар жана китеп окуу). Нью-Йорк сыяктуу мегаполисте өтө көп учурда сейилдеп басуу үчүн өзүнүн аймагы жок, андыктан балдар коңшу сейил бактарына жана оюн аянтчаларына барат.

 

Японияда жана Америкада балдарды тарбиялоо ыкмалары кыйла айырмаланат. Японияда балдарды жамаатка, командадагы ийгиликке жана топтолгон билимдерди сактоого багыт алуу менен тарбиялашат. Ал эми АКШда, тескерисинче, конкреттүү индивидуумдун ийгилиги, өзүнө ишеничи жана жаңы нерселерге умтулуу кубатталат. Мисалы, Рождествону жана Ханукини майрамдоо учурунда америкалык балдар бакчасында балдар өз тапшырмаларын аткарат да, бири-биринин сүйлөгөн сөздөрүн укпастан, өз иши менен алектенип тарап кетет.

 

АКШда ар бир конкреттүү штаттын муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стандарттардын билим берүүнүн жана окутуучунун даярдыгынын деңгээлине, топтогу чоң кишилердин жана балдардын катышына, ар кандай кодулоонун жоктугуна жана билим берүү процессине калктын бардык топторун, башкача айтканда, атайын муктаждыктары бар балдарды (майыптарды, аз камсыз болгондорду, социалдык жана эмоциялык жактан өнүкпөгөн) тартууга шайкештигине зор маани берилет.

 

Видео байкоо жүргүзүү программалары бардык жерде орун алган. Балдар бакчасындагы ишке киришүү үчүн бүткүл персонал манжаларынан издерин берүүгө тийиш, алар укук бузуулар жана соттуулук жок экендигине кепилдик берет. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана жүрөк-өпкөнү реанимациялоо боюнча сертификат ден соолугун жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү сыяктуу эле милдеттүү.

 

Гигиенанын жана ден соолуктун америкалык жана япондук эрежелеринде жана нормаларында зор айырма байкалат. Японияда ар кандай мектепке чейинки мекемеде бут кийим милдеттүү түрдө алмаштырылат, бирок Америкада бул жөн гана каралган эмес. Америкалык мектепке чейинки баланын тамак-ашы анын япон теңтушунун тамак-ашынан кескин айырмаланат. Наристелер «кошумча тамак берүүдөн» жана эзип бышырылган картошкадан башталат, бара-бара боткого, жүгөрү таякчасына, шорпого, сүт азыктарына жана бутербродго өтөт жана ар кандай макарон азыктары жана эт продуктулары менен улантылат. Японияда балдар кенже курактан тартып көк чай жана чөптөн жасалган суусундуктарды ичип баштайт, бирок Америкада балдар суу жана сүт ичишет.

 

Менин байкоолорум боюнча, АКШда тарбиячынын статусу, ошондой эле эмгегине акы төлөө жогору эмес (жалпы экономикалык өңүткө жана жашоо деңгээлине салыштырмалуу). Мектепке чейинки жеке мекемелерге зор суроо-талапка жана бул мекемелерди каттоонун жана стандартташтыруунун ачык системасынын болушуна байланыштуу мен бул өлкөдө балдар бакчасын ачуу кыйла пайдалуу экенин байкадым.

 

 http://letidor.ru/

Акыркы жаңылыктар

22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Игорь Шелике: Мугалим үчүн биринчиси жана башкысы - окууга өзүнүн даярдыгы

Вальдорф педагогикасы боюнча Игорь Ильич Шелике менен Бешинчи каналда Нарын Айып менен телеэфир. Педагогдун булар жөнүндө ой дүгүртүүсү: билим берүү деген эмне – фактыларды жөн гана эстеп калуубу же аларды далилдеп жана салыштыра билүүбү:
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»