Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Жайлоодогу балдар бакчалары»

24.07.2018

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору» темасына арналган видео-роликтердин байгелүү конкурсун жарыялайт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ «Кыргызстандын жайлоолорундагы өнүктүрүү борборлору»

темасына арналган видео-роликтердин байгелүү конкурсун жарыялайт



Конкурстун башталышы: 2018-жылдын 15-июлу

Конкурстун аякташы: 2018-жылдын 25-августу


Статистика боюнча Кыргызстанда балдардын 20%ынын гана балдар бакчаларына баруу мүмкүнчүлүгү бар, айрым областтарда бул цифра андан да аз – 14%. Айылдык балдардын, малчылардын балдарынын мектепке чейинки билимди алууга жана комплекстүү өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Жай мезгилинде 3-4 айдын ичинде малчылардын балдары ата-энелери менен бирге жайлоодо болот, алар ал жакка мал айдап барышат. Жайкысын жайыттарда малды малчылар, жалданма жумушчулар карайт, булар айыл тургундарынын алда канча аз камсыз болгон катмарлары, алар жайкысын аба ырайы кандай болбосун тоолордо жүрөт.


Алыскы тоолуу региондордогу балдар мектепке чейинки даярдоо жана комплекстүү өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыраган. Ошол эле учурда балдарды эрте өнүктүрүүнүн артыкчылыгы илимий жактан далилденген. Дал 3 жашка чейинки курактагы бала маалыматтардын жана жөндөмдөрдүн зор бөлүгүн – басууну, сүйлөөнү жана башкаларды өздөштүрөт. Ошондуктан бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн чараларды көрөт. 2014-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жайлоодогу балдар бакчалары боюнча программаны баштады. Алыскы тоолуу райондордун өзүндө 27 балдар бакчасы ачылды. 2015-жылы алардын саны 87ге жетти. 2016-жылы 117 өнүктүрүү борбору иштеди, 2017-жылы Кыргызстандын 7 областында 98 борбор иштеди. 2018-жылдын июнь/июлунда 100 «Жайлоодогу өнүктүрүү борбору» өз ишин баштады. Балдардын курагы 2 жаштан тартып 12-14 жашка чейин, борборлордо балдар гана окуп тим болбостон, ошондой эле ата-энелер үчүн ар кандай темалар боюнча тренингдер өткөрүлөт.


Конкурстун максаттары:

— Кыргызстандын региондорунда балдарды эрте өнүктүрүү маселелеринин маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдар болушун арттыруу;

— Кыргызстандын тоолуу региондорунун жамааттарын балдарды өнүктүрүүнүн альтернативдүү кызмат көрсөтүүлөрүн жана балдар билим берүү уюмдарынын башка формаларын, анын ичинде «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» түзүүгө шыктандыруу.


Конкурска кимдер катыша алат?

Бардык таламдаштар: ышкыбоздор жана кесипкөйлөр.


Видеороликтерге талаптар кандай?

Хронометраж: 1,5 мүнөттөн 15 мүнөткө чейин.

Ар кандай жанрда, форматта, кыргыз тилинде видео баяндоо. Булар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

• Көркөм («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• Анимациялык фильмдер («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• Репортаждар («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн);

• «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» түзүүдө инсандын ролу же катышуунун конкреттүү мисалы» жөнүндө интервью же видео;

• Видео-арт («Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» ишин ачып көрсөткөн).


Эң башкысы – бул балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнүн жана балдарды өнүктүрүүгө коомдун көңүлүн буруу зарылчылыгынын, үй-бүлөлүк баарлашуу маданиятынын, аларга өз алдынча өнүгүү жөндөмдөрүн каныктыруунун идеясы.


Фильмдер төмөнкүдөй темаларды чагылдырышы мүмкүн: жайлоодогу балдар бакчаларынын мыкты тажрыйбасы, реалдуу таржымалдар, балдар бакчаларына барган балдардын жана ата-энелердин үмүт-тилектери жана пикирлери, тарбиячынын чеберчилиги, балдарды тарбиялоого жана борборду уюштурууга ата-энелердин тартылышы, жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун уюштуруунун оорчулуктары, волонтерлор, өнүктүрүүнүн көйгөйлүү учурларын жана маселелерин, бир баланын, чоң кишинин конкреттүү мисалын чагылдыруу, эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн аңдап-түшүнүүгө коомго чакырык. Бул жайлоодогу балдар бакчаларынын мисалында балдар бакчаларын жана мектепке чейинки билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө сиздин көз карашыңыз болушу мүмкүн.


Сиз Кыргызстандын жети областынын ар кандай биринде иштеп жаткан Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорубуздун бирине же бир нечесине барып; жайлоодогу жашоо-тиричиликти көрүп жана аны аңдап-сезип жана Борбор (бакча) кандай иштеп жатканын түшүнө аласыз.


Бир адамдан берилүүчү видео-роликтердин санына чек коюлбайт.


Мөөнөттөр

Конкурска катышуу үчүн видеороликтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2018-жылдын 25-августу. Конкурстун калыстар тобу бардык арыздарды карайт жана жеңүүчүлөрдү аныктайт.


Байгелер

Биринчи орун – 1 адамга Түркияга баруу.

Экинчи, Үчүнчү орун – баалуу байгелер


Арыз берүү

Атайын техникалык талаптар болбостон көрүү мүмкүнчүлүгү менен ар кандай форматтагы роликти, ошондой эле анын ФАЖсын, фильмдин аталышын, телефондун номерин көрсөтүү менен конкурсанттын байланышуу маалыматын төмөнкүдөй дарекке жөнөтүү керек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Бишкек шаары, 720040, Чүй проспекти, 106, 113-каб. Роликке жана байланышуу маалыматына шилтемени төмөнкүдөй дарекке жөнөтүү керек: s.arstanbek@gmail.com, admin@roza.kg


Конкурс жөнүндө маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg

Кызыктырган суроолор боюнча s.arstanbek@gmail.com дареги боюнча же 621603 телефону боюнча кайрылгыла.


Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»