Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо Билим фестивалы


Фестивалга кош келиңиздер!



Билим берүү фестивалы – балдар үчүн ар жылдагы билим берүү фестивалы, ал 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өтүп жатат. Бул долбоор өзүндө балдар жана мектеп билим берүү чөйрөсүндө ярмарканын форматын, эс алуу борборлорун, балдардын чоң майрамын жана кесиптик форумду айкалыштырат.


Фестивалдын башкы максаты – балдарда билимге жана чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу, аларга маалымат менен иштөө жөндөмүн, ошондой эле кенже курактан тартып эле өз алдынча ойлонууга умтулууну каныктыруу, ал эми ата-энелер үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири (акысыз жана акы төлөнүүчү) спектри менен таанышуу жана аны билүү.


Фестивалдын катышуучуларынын курамы ар түрдүү. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасында балдар үчүн ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөр – билим берүүчү маданий жана спорттук мекемелер, соода компаниялары жана дүкөндөрү, балдар клубдары жана өнүктүрүүчү борборлор, китеп басмалары, музейлер, театрлар, тематикалык парктар жана башкалар сунуш кылынган.


Фестивалдын аудиториясы – мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар, жаштар, ата-энелер, ошондой эле педагогдор, психологдор, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары жана билим берүү чөйрөсүнүн башка өкүлдөрү.


Көбүрөөк маалымат – festival.roza.kg сайтында


Катышкыңыз келеби? Кызыктуу сунуштар барбы?


Жазгыла: bilimfest@roza.kg, office@roza.kg 


Көбүрөөк маалымат http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/education-festival/education-festival-new

Акыркы жаңылыктар

05.12.2017

Жакын адамдарга кубаныч тартуулагыла жана жакшы иштерди жасагыла

Кымбаттуу достор жана өнөктөр! Жыл сайын Жаңы жылдын алдында биз силерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сүрөтчү Х.Ф.Шимова менен бирге чыгарган открыткаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Открыткаларды сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар балдар билим берүүдолбоорлорун колдоого жумшалат. Бул открыткаларды өзүңөржана өз жакындарыңар үчүн сатып алуу менен силер Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын ...
04.12.2017

Кайталангыс басылмалар кайталангыс бааларда!

Эң ажарлуу майрам – Жаңы Жыл жакындап келатат! Эгерде силер өз туугандарыңаргажана жакындарыңаргабелектержөнүндө али ойлоно элек болсоңор, бизде силер үчүн мыкты сунуш бар! Силер ушул жылдын 25-декабрына чейин гана биздин кызыктуу китептерибизди 10%дан 30%га чейинки жеңилдетүү менен сатып ала аласыңар. «Манас сүрөттөрдө» - орус тилиндеги сүрөттүү китеп, аны окуу учурунда сизде жана сиздин балаңызда баатырларда мейманда болуу, салгылашуулардын ...
03.12.2017

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын декабрында иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун   2017-жылдын декабрына   иш-чараларынын дайджести Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени Качан: шейшемби жана бейшемби Кайда:Бишкек шаарынын мектептери 6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар ...
02.12.2017

КР Экс-президенти Р.Отунбаева «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү

1-декабрда Р.Отунбаева өзү кеңешчиси болуп саналган Кытайдын «Кытай жана глобалдаштыруу» эң белгилүү талдоо борборлорунун биринде «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү. Журналисттер жана илим изилдөөчүлөр, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адистер мейманга берилген көп сандаган суроолорго жоопторду алды. Алар келечекте ушундай маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жөнүндө өтө каалоолорун ...
02.12.2017

Радиомектеп: «Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар»

Тема: "Наристелердин өнүгүүсүндөгү нормалар"   Катышуучлар: Токон Орусбаева – И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Арстанбек Сагынтай уулу - «Жайлоо өнүгүу борборлору» долбоорунун координаторунун жардамчысы  
01.12.2017

«Поэтерапия» поэзия кечеси

Урматтуу поэзия күйөрмандары!Сиздерди Кыргыз элине белгилүү   акындар Жылдызбек Турсунбаев менен Калича Жакыпованын "ПОЭТЕРАПИЯ" аттуу поэзия кечесине чакырабыз.Кече 15-декабрь, саат 17.00-до Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.Кирүү акысыз.Келип көңүлүңүздү ачып кетиңиз!Пресс-релиз «Поэтерапия» поэзия кечеси  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен ...
30.11.2017

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 30-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту, ага 2011-жылдан тартып Кыргызстандын экс-Президенти Р.И.Отунбаева мүчө болуп саналат. Жолугушуунун учурунда Си Цзиньпин Кытай өзүнүн жеке жолун тандоого элдердин укугун дайыма жактап келген, анткени дүйнөдө өнүгүүнүн универсалдуу жолу жок деп баса белгиледи. Эгерде бардыгы бирдей болсо, анда дүйнөдө заттардын өнүгүшү, прогресс токтойт. Кытай ...
29.11.2017

Балдар бакчаларындагы экологиялык тарбиялоо

Бишкек шаарынын мектепке чейинкибилим берүү уюмдарынын (МБУ) тарбиячыларыүчүн «Оюн – МБУларда балдарды экологиялык тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги каражаты» темасына семинар-тренинг болуп өттү.   МБУларүчүн шаардык семинар – тренинг 2017-жылдын 17-ноябрында№138МБУда өттү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын методикалык кеңеши тарабынан уюштурулду.   Семинардын алкагында меймандар үчүн «Алтын күз» темасына көргөзмөбоюнча ...
29.11.2017

Кыргызстандын экс-президенти Р.И.Отунбаева Кытайда

Р.И. Отунбаева 28-29-ноябрда, Гуанчжоуда (Кытай) «Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына, ошондой эле Мадрид Клубунун жылдык чогулушуна катышып жатат. Конференцияда Кытайдын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү, көптөгөн өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, бизнестин жана финансылык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөп жатат. Жогорку деңгээлдеги сөз сүйлөгөндөрдүн арасында: ККПнын Саясий бюросунун ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

Видео

Центры развития на джайлоо - 2017

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»