Демилгелер Келечек муунга инвестициялоо «Көчмө өнүгүү борбору»

19.04.2018

Ак-Өргөөдө «Көчмө өнүгүү борборунун» кошмо жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Ак-Өргөо конушундагы №84 мектепте “Көчмө өнүгүү борборунун” кошмо жыйыны болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева жана ошондой эле Бишкек шаарынын мээриясынан, райондук акимчиликтеринен жооптуу жетекчилер, өнөктөштөр, эксперттер, Бишкек шаарынын 8 жаңы конуштарынан 300дөн ашуун ата-энелер, кварталдык комитеттердин жетекчилери катышышты.

 

Эскерте кетсек, “Көчмө өнүгүү борборунун” максаты – кенже курактан балдарды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого ата энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу; турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү аркылуу наристелердин ар тараптан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.


Жыйын учурунда сөз сүйлөгөн Р.И.Отунбаева балдарды кенже куракта өнүктүрүүнүн маанисине токтолуп, “Көчмө өнүгүү борборунун” бүгүнкү күндө абдан күчтүү жана келечектүү долбоор экендигин баса белгилеп, аны жайылтуу керектигин айтты. “Долбоордун туруктуулугун камсыздоо жөнүндө ойлонушубуз зарыл, урматтуу калайык калк, балдарыбызды эрте жаш курактан өнүктүрүүгө көп көӊүл бура алсак, Кыргызстан сөзсүз өзгөрөт”- деди КР экс-Президенти.


Аталган жыйын учурунда 2017-жылдын ноябрь айынан бери “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын тегерегиндеги 8 жаңы конуштарда уюштурулуп, иштеп жаткан “Көчмө өнүгүү борбору” демилгесинин алкагында аткарылган иштердин натыйжасын камтыган иш-чаралар тууралуу демилгенин координатору Ч.Т.Абдыраимакунова кенен-кесири токтолуп өттү. Андан соң өнөктөштөр болгон көчмө медициналык клиниканын жаңы конуштарда жашаган балдарды жана алардын ата-энелеринин ден соолугун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Бишкек ден соолукту бекемдөө борборунун директору Г.Т.Айтмурзаева айтып берди.


Ошондой эле балдарды өнүктүрүүдө аларга китеп окуп берүүнүн, улуттук оюндардын жана музыканын маанисин чагылдырган атайын номерлер тартууланды. Айрыкча “Дордой” конушунун ата-энелеринин күчү менен даярдалган “Чейин жана кийин” аттуу жана “Калыс-Ордо” конушунун ата-энелер жана балдардын катышуусу менен даярдалган коопсуздук темасындагы номерлер көрүүчүлөрдүн абдан кызыгуусун жаратты.


Иш-чара учурунда кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Түркүя өлкөсүнүн тажырыйбасы тууралуу эксперт Д.Майгулакованын ой бөлшүүсү да абдан таасирдүү болду. Ал эми эл аралык эксперт А .У.Агайдарованын “Үй-бүлөдө баланы өнүктүрүү дептери” тууралуу берген маалыматы жана 8 баланын атасы, алардын ичинде 6 баласы шахмат боюнча улуттук, эл аралык деңгээлдеги чемпиондор болгон үлгүлүү үй-бүлөнүн ээси Съездбек Таштакеевдин өзүнүн тажырыйбасы менен бөлүшүүсү ата-энелердеги бөтөнчө кызыгууну пайда кылды.


Жыйынга катышкан ата-энелер “Көчмө өнүгүү борбору” демилгеси иштеп баштаган 5 айдын ичинде өздөрү үйрөнгөн турмуштук көндүмдөрдү шардана кылып көрсөтүү менен, бул алардын көз караштарын өзгөрткөнүн белгилешти. Ошондой эле ата-энелер мындай демилге үчүн Фондго өздөрүнүн ыраазычылыктарын кайра-кайра билдирип, “Көчмө өнүгүү борборунун” ишинин мындан ары да улануусун суранышты. 

Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»