Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү
Туруктуу социалдык өсүш:
Кыргыз Республикасында адамды өнүктүрүүнү жакшыртуу үчүн социалдык инновациялар жана технологияларды берүү, анын ичинде региондук кызматташтык, адамдын потенциалын өнүктүрүү, кооперативдик кыймыл, өз ара жардамдын микро-финансылык тармактары, социалдык инновациялар жана социалдык ишкерлик аркылуу экономикалык өнүгүүнү колдоо.
«Discover Asia» – бул маалыматтык-билим берүү демилгеси, анда Азиянын ар бир өлкөсү эксперттер, КРдагы элчиликтердин жана соода-экономикалык атташелердин өкүлдөрү аркылуу өкүлчүлүк кылат. Катышуучулар бизнес-мүмкүнчүлүктөр, ийгиликтүү тажрыйба жана Малайзия, Индия, Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Индия, Казакстан, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасындагы жана финансысындагы, өндүрүшүндөгү, социалдык практикасындагы ноу-хау жөнүндө билим алды.
2013-жылдын декабрынан тартып «Discover Asia» жаңы форматка ээ болду, анда эл аралык жана улуттук эксперттер актуалдуу эл аралык көйгөйлөргө өзүнүн көз карашын коомчулукка сунуш кылат, КМШнын, Бажы союзунун жана башка эл аралык региондук уюмдардын алкагында өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн өз ара байланышындагы тынчсыздандырган маселелерди козгойт. Эксперттер Кыргызстандагы учурдагы кырдаалга жана регион менен өз ара байланыштарга өздөрүнүн көз караштарын бөлүшөт, республиканын тышкы саясатынын маселелерин чагылдырат, социалдык, экономикалык маселелерди, миграция көйгөйлөрүн талкуулайт, атап айтканда, өлкөнүн жана анын коңшуларынын алдында турган тобокелдиктерди жана көйгөйлөрдү козгойт.
«Мекендештер» форуму – бул Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик курулуш жана адам капиталын башкаруу сыяктуу баарын камтыган көйгөйлөрдүн чечилишин издөө үчүн өбөлгөлөрдүн бири. Демилге Кыргызстан жарандарынын көйгөйлөрүн камтыган ар кандай өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасы, үйдө, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргызстан жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүдөгү анын ролу, мекендештер Кыргызстандын өсүшүнүн, гүлдөп-өнүгүшүнүн процесстерине кошо ала турган байланыштары жана маанилүү салымы сыяктуу темаларга багытталган.
Форум ар бир эки жылда бир жолу өткөрүлөт. «Мекендештер» форумунун биринчи конференциясы 2012-жылы Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта өткөрүлгөн, ал эми ага дүйнөнүн 20дан ашык ар кандай өлкөлөрүнөн мекендештер келген. Презентациялардын жана дискуссиялардын темалары бир нече секцияларга бөлүнгөн, экономика жана бизнес, транспорт, коммуникациялар, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, туризм, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга карата мамлекеттик саясат сыяктуу темаларды камтыган.
«Өлкөгө пайдалуу бол» – бул алдыдагы экинчи «Мекендештер» форумунун урааны, ал 2014-жылдын июлунда Бишкек шаарында өтөт.
«Окуу иш сапарлары» - долбоор, анын алкагында студенттер, жарандык активисттер, бизнесмендер, коомдук уюмдардын, ар кандай ассоциациялардын, ЖМКлардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын мамлекеттик кызматчылары окуу иш сапарынын форматында Европа жана Азия өлкөлөрүнө барат. Иш сапарлар билим берүүчү, изилдөөчү жана маалыматтык-тааныштыруучу мүнөздө болот. Бул иш сапарлардын учурунда катышуучулар глобалдык бизнестин, ошондой эле ар кандай өлкөлөрдүн социалдык жагдайынын кең-кесири маалыматын алат. Фонд кыргызстандыктардын маалымдар болушун өнүктүрүүнү колдойт, анткени келечектеги кесипкөйлөр үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндөгү жана региондорундагы маданиятты, социалдык ченемдерди жана бизнес практикасын түшүнүү маанилүү. Бардыгы болуп 12 окуу иш сапары уюштурулган, аларга 60тан ашык адам катышты.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
