Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»

01.08.2019

2019-жылдын 1-2-август күндөрү Бишкектеги КР Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

Белгилей кетсек, бул иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз. Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын ...
29.04.2019

Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮСАИДдин «Адамдын кадыр-баркы жана укуктары» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Миссиясы (МУМ) менен бирдикте Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Өткөрүү даталары: ...
29.11.2018

Жигердүү ишмердиктин жемиши

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Муну менен, аталган документте белгиленгендей, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу ...
15.08.2018

IV «Мекендештер» Форумунан фото жана видео репортаждар

Урматтуу Форумдун катышуучулары!   2018-жылдагы «Мекендештер» Форумуна катышканыңар жана аны өткөрүүгө кошкон салымыңар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиребиз! Быйылкы жылдагы Форумду өткөрүүгө дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 300дөн ашык адам катышты. Тартылган аудитория, маанилүү темалар, көрүнүктүү спикерлер – ушулардын бардыгы – «Мекендештер - 2018» 4-форуму!   Эки күндүк иштин натыйжаларына Ысык-Көлдүн жээгиндеги пайдалуу таанышууларды, кызматташтык ...
10.08.2018

Кыргызстанда эмгек мигранттарынын ийгиликтерин жана көйгөйлөрүн талкуулшты

Кыргызстанда эмгек мигранттарынын ийгиликтерин талкуулап жатышат. Ысык-Көлдүн жээгинде «Мекендештер» форуму өтүп жатат. Аны КР экс-президенти Роза Отунбаеванын Фонду уюштурду. Ага биринчи жолу иштеп жаткан мамлекет башчысы да катышууда, деп билдирет «МИР 24» каналынын кабарчысы Егор Орлов.   Ысык-Көлдө дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген кыргыз диаспораларынын эки жүздөн ашык өкүлдөрү жүрөт. Өлкөнүн мурдагы Президенти Роза Отунбаева аларды эмгек ...
08.08.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин максат - чет жактагы мекендештерге реалдуу жардам берүү, алардын потенциалын мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышты.   Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай ...
08.08.2018

Сооронбай Жээнбеков мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзөт

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган Кеӊеш түзөт. Бул туураалуу Мамлекет башчысы бүгүн, 8 августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Мекендештер» форумунда билдирди.   Мекендештерге кайрылып Президент Сооронбай Жээнбеков сиздер азыр Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу мыкты сапаттарга ээ болуп калдыӊыздар деп ...
08.08.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында «Мекендештер» форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Мекендештер» форумуна катышты.   Форумда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, чет мамлекеттерден келген мекендештер сөз сүйлөштү.   Форум андан ары суроо-жооп форматында улантылды. Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларынын ...
31.07.2018

Ыраазылык

ОО "Айкол Борборунун" негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбековго жаамы мекендештер атынан алкыш айтабыз! Ал өзүнүн Москва шаарынан чыгуучу "Деловая аудитория" журналынын бир номерин "Мекендештер-2018" Форумуна толук арнап, аны акысыз чыгарып алып келип берди. Журнал чет жактарда ийгиликтүү иштеп жаткан биздин мекендештерибиздин тажырыйбалары, тагдыры, Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымдары тууралуу абдан мазмундуу жана кызыктуу макалаларды жана ...
24.07.2018

«Мекендештер-2018» форуму дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мигранттарды Чолпон-Атада чогултат

Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 8-августтан 9-августка чейин ар жылдагы «Мекендештер-2018» форуму өтөт. Алдыдагы иш-чарадан күткөн үмүт-тилектери жөнүндө анын уюштуруучулары Бишкектеги пресс-конференцияда айтып берди.   Программа жөнүндө маалымдоо алдында брифингдин уюштуруучулары жана катышуучулары «Азаттык» радиосунун курман болгон журналисти Улан Эгизбаевди бир мүнөт унчукпай туруу менен ...
20.07.2018

Пресс-кафе

Урматтуу журналисттер, ММК жетекчилери жана өкүлдөрү, сиздерди алдыда болуучу «Мекендештер-2018» Форумуна арналган пресс-кафеге чакырабыз. Чай үстүндө сиздер менен биз алдыдагы «Мекендештер-2018» Форуму тууралуу сүйлөшөбүз. Кимдер катыша турганы, бул иш чаранын мааниси жана кызыктуу учурлары жөнүндө сиздерге айтып беребиз. Жолугушуу маалында сиздер өзүӊүздөр кызыккан суроолорго уюштуруучулардан, жетекчилерден, эксперттерден жана чет жактагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»