Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Мекендештер»

08.08.2018

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин максат - чет жактагы мекендештерге реалдуу жардам берүү, алардын потенциалын мамлекетти өнүктүрүүгө багыттоо

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышты.

 

Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай албайт, деп белгиледи.

 

»Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал ушул вазийпаны аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып, жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.

 

»Мекендештер» форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм. Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат», — деп белгиледи Президент.

 

Ал өнүгүүнү камсыз кылган базалык технологиялар эскирип, жаӊы мүмкүнчүлүктөр баарын теӊ ойго салган мезгил келип, ар бир мамлекет өзүнүн келечек жолун издөөгө мажбур болуп жактанын белгиледи.

 

Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга активдүү катышуусун сөзсүз эске алуу керек.

 

Мамлекет башчысы жакында Узак мөөнөттүү Стратегияны талкуулоого арналган Улуттук кеӊештин жыйыны боло турганын жана анда чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануу үчүн маанилүү кадамдар каралганын белгиледи. Бүгүн сунушталган омоктуу ойлор, рационалдуу идеялар да эске алынат. «Сыртта эмгектенген мекендештерибиздин мобилдүүлүгү жана активдүүлүгү, ишкердик потенциалы, менталитети, алар жашаган мамлекеттердин ар түрдүүлүгү бизди башкалардан айырмалап турат. Биздин өнүгүү жолубуз, ушул өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алышы керек, буга чейин ырааттуу ишке ашпай келген ресурсту толук кандуу колдонуу зарыл. Биз башкалардын тажрыйбасын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Президент коом тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирге, кары-картаӊга кайрымдуу болушу абзелдигин өзгөчө белгиледи.

 

»Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды болгон наристе болбош керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү — бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Мамлекет башчысы башкы чогуу аткарчу милдеттер жумуш орундары арбын түзүлүп, жумушсуздуктун жоюлушун камсыз кылуу, чет элде жүргөн мекендештерди колдоо, алардын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо экенин белгиледи.

 

Бул максатта коррупция менен болгон күрөш, ар кандай схемаларды жоюу, салык жана бажы чөйрөсүндө ачык-айкындыкты, адилет мамилелерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Товарды экспортко чыгарууну колдоо, бизнестин көлөмдүү рынокторго жетүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү аракеттер аткарылууда. ЕврАзЭСке мүчөлүктү, Европанын ВСП+ артыкчылыгын активдүү пайдалануу үчүн зарыл кадамдар жасалууда.

 

»Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз. Мунун зарылдыгын ушул сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мисалында эле түшүндүрүп берейин. Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар десек болот. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, элдин энчин соруп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет», — деп белгиледи Президент.

 

Ал ошондой эле үй-бүлөсүн багуу үчүн бөтөн жерде эмгек кылып жүргөндөрдү, ак эмгеги, маӊдай тери менен байлык топтоп, Кыргызстанга алып келгендерди, кайсы жерде жүрсө да, кыргыз деп түйшөлгөндөр, өз тагдырын Кыргызстанга тыгыз байлагандарды, ата-журттун өнүгүүсүнө салым кошууну эӊсеп, аны дайыма жүрөгүндө сактагандарды белгилеп өттү.

 

»Булар ушул форумга катышып олтургандар, сиздерсиңер! Ошондой эле шартына жараша бул форумга келбей калган, сыртта эмгектенип жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз. Сиздер таман акы, маңдай тер менен каражат таап, Кыргызстанда спорт, медицина жана башка социалдык объектилерди курууга жумшап жатасыздар. «Региондорду өнүктүрүү жылы» деген менин Жарлыгымдын максаттарын ишке ашырууга салым кошуп жатасыздыр. Ошондуктан сиздер мага максатташ, тилектеш, өнөктөш болуп калдыӊыздарга кубанычтамын», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана мекендештерге ыраазычылык билдирди.

 

Ал мекендештер эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында чет мамлекеттерге негизинен каражат табам деп кеткен болсо, азыр жоон топ бөлүгү илим, билим, маданият тармагында да Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда экенин белгиледи.

 

»Ошол эле учурда, биздин түпкү максатыбыз — мекендештерибиздин өз өлкөсүндө эмгек кылып, ата-журтунда татыктуу жашап, балдарын тарбиялоо үчүн толук шарт түзүү. Жарандарыбыз биринчи кезекте өз Мекенинде жашап жана эмгектениши үчүн бардык шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын келечектеги артыкчылыктуу багыты», — деп белгиледи Президент.

 

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдары чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын, айрыкча Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүндө эмгектенген жарандарды колдоо үчүн көп иштер жасалды.

 

Россияда эмгектенген мекендештердин катталууга жана патент алууга байланышкан көйгөйлөрү чечилди. Пенсия менен камсыздоо жана мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө маселелерин чечүү боюнча аракеттер жасалууда. Түркияда иштеген мекендештерди пенсия менен камсыздоо маселеси чечилди. Тиешелүү келишимге кол коюлду. Ал жакында ратификацияланып, күчүнө кирет.

 

Мекендештерге Кыргызстанга инвестиция алып келүү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн «Мекен-карт» улуттук демилгесин тезирээк ишке ашыруу зарыл. Бул атайын идентификациялык картага ээ болгон мекендештер үчүн, мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.

 

Мындан тышкары, чет жердеги биздин жарандар Кыргыз миграциялык кызматына каалаган убакта кайрылуу мүмкүндүгүн берүүчү Интернет-Порталды ишке киргизүүнү тездетүү аракеттери көрүлүүдө.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан максаттарга токтолду.

 

»Региондордун бакубатчылыгы — өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору. Аймактардын мындан ары өнүктүрүү иштери кийинки жылдары дагы улантылат. Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары — калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу», — деп белгиледи Президент.

 

Ал өз аймагынын өнүгүүсүнө локомотив болчу жыйырма шаарды — таяныч точкаларын калыптандыруу аркылуу региондордун өнүгүүсүнө түрткү берүү негизги максат экенин айтты. Азыр бул шаарлардын конкреттүү программалары иштелип жатат. 10 шаардын генералдык пландары жасалууда. Дотациялык аймактарда ачылган жаӊы өнөр жай ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан жана жер салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Жаӊы түзүлгөн ишканаларды салык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүгө 3 жылдык мораторий киргизүү боюнча чечим даярдалып жатат.

 

Мамлекет ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд аркылуу жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Бардык региондордун өнүгүүсү адилеттик менен эске алынат.

 

»Биздин экологиялык таза айыл чарба азыктарыбызга тышкы рыноктордо суроо-талап күчтүү. Алардын бирин калтырбай кайра иштетүү үчүн жер-жерлерде жаңы ишканаларды куруу иштери башталды. Сиздерди бул иштерге активдүү катышууга чакырам», — деп белгиледи Президент.

 

Мамлекет башчысы мекендештер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эбегейсиз зор мааниси бар ресурс болуп калганын белгиледи.

 

»Айтканымдын баары теӊ бул багыттагы мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү, мекендештер менен иштөөнү активдештирүүнү талап кылат. Мекендештерибизди колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу керек. Сиздер менен чогуу жасай турган иштерге системалык мүнөз бериш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттерин кайра карап чыгуу зарыл. Өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолун, түпкү максатын эске алып миграциялык процесстерди жөнгө салууну жогорку деӊгээлге көтөрүү абзел», — деп белгиледи Президент.

 

Мамлекет башчысы чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салып, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештер бар экенин белгиледи. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылышууда.

 

»Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзсөк максатка ылайыктуу болот. Бул кеңеш Президентке караштуу кылып түзүлөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

 

»Артыӊарда калдайган элиӊер, коргогон мамлекетиӊер, ишенимдүү тылыӊар бар! Биз экономикасы күчтүү, калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек. Ушул максатты көздөгөн форумдун ишине ийгиликтерди каалайм. Жакшы идеялар, алгылыктуу сунуштар жаралат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы.


http://www.president.kg

Акыркы жаңылыктар

22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Игорь Шелике: Мугалим үчүн биринчиси жана башкысы - окууга өзүнүн даярдыгы

Вальдорф педагогикасы боюнча Игорь Ильич Шелике менен Бешинчи каналда Нарын Айып менен телеэфир. Педагогдун булар жөнүндө ой дүгүртүүсү: билим берүү деген эмне – фактыларды жөн гана эстеп калуубу же аларды далилдеп жана салыштыра билүүбү:
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»