Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү Аялдардын Улуттук Форуму

03.03.2015

Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму. Экинчи күн.

Бишкекте 2015-жылдын 2 – 3-мартында Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму өттү. Форумдун ишине өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан 1200дөн ашык адам катышты, алардын арасында активист айымдар, аялдар кыймылынын ардагерлери, айылдык кеңештердин деңгээлинен тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деңгээлине чейинки депутат аялдар, айыл өкмөтүнүн башчысынан тартып министрге чейин, өлкөнүн жарандык секторун түзгөн бардык аялдар тармактарынын өкүлдөрү бар. Форумга ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, ЖМКнын жетекчилери, эксперттер катышты. Өлкөнүн бүткүл көзкарандысыздык мезгилинин ичинде бул ушундай масштабдагы биринчи Аялдар Улуттук Форуму экенин белгилеп кетүү керек.

 

Иш-чара үч маанилүү датага: Кыргызстан Аялдар кыймылынын 90 жылдыгына, Пекинде Дүйнөлүк Аялдар Форуму өткөрүлгөн учурдан тартып 20 жылдыкка, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тынчтыкты сактоодо, тынчтыкты жаратууда жана чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүдө аялдардын салымын таануу боюнча 1325 резолюциясынын 15 жылдыгына арналган.

 

Беш конференциянын темалары төмөнкүлөр болду: саясий процесстердеги аялдардын ролу жана катышуусу, жаңы көйгөйлөр жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: коргоонун натыйжалуу каражаттарына укук, кыз-келиндердин ден соолугу, билим берүү өнүгүү үчүн жоопкерчилик катары.

 

Форумдун экинчи күнү, 3-мартта, Т.Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармониянын имаратында салтанаттуу кырдаалда эки сессия өттү, аларда беш конференцияда айтылган бардык сунуштар, демилгелер, программалар жыйынтыкталды. 2015-жылдан кийинки мезгилде гендердик өнүктүрүүнүн жана мамлекеттик саясаттын иштелип чыгып жаткан Стратегиясы боюнча идеялар айтылды.

 

Жыйырма жыл мурда өлкөнүн алдында, бүтүндөй алганда, эмгек ишине, анын ичинде аялдардын ишине климаттын таасири, миграция, бөтөн согушка кала берсе балдары менен аттанып жаткан айрым аялдар топторунун радикалдашуусу сыяктуу татаал көйгөйлөр турган эмес. Өлкө боюнча мектепке барбаган 60 миң бала жөнүндө маселе коомдук талкууга коюлду. Коомдо зор резонанска ээ болгон, балдарга жана аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча Өкмөт иштеп чыккан механизм Форумда коомдук талкуудан өттү. Аялдар, бүткүл прогрессивдүү коомчулук, билимдүү адамдар репродуктивдүү ден соолук жөнүндө мыйзам парламенттен өтүшүнө кунт коюу менен көңүл бурууда. Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында аялдар коомчулугу келечектеги парламентте аялдардын 30%дык өкүлчүлүгү үчүн күрөш жүргүзмөкчү. Дүйнөлүк масштабда 2030-жылга карата бардык өлкөлөрдүн башкы мыйзам чыгаруу органдарында эркектер менен аялдардын пайыздык катышы 50%га 50%ды түзүүгө тийиш. Бул Форумда жаш кыздардын добушу биринчи жолу жаңырды. Бул көп нерседен үмүттөндүргөн электорат, алардын таламдары жана мүдөөлөрү жакынкы беш жылда толук ачыкка чыгат.

Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»