Демилгелер Туруктуу социалдык өсүү «Кыз-келиндер илимде жана техникада»
Бишкекте «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
25-апрелде И.Раззаков атындагы КМТУда «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү, университеттин лабораториялары боюнча экскурсия.
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору А.А. Усупкожоева КРда STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана масштабдуу дисциплиналар аралык изилдөө долбоорлоруна илимпоз айымдардын катышуусунун зарылчылыгын белгиледи.
Жолугушуунун алкагында И.Раззаков атындагы КМТУда ДААД лектору, КМТУдагы ДААД координациялык борборунун жетекчиси Ив Таушвиц «Германиядагы билим берүү: STEM билим берүү жагынан кыздар үчүн стипендиялар жана гранттар» деген темада презентация жасады. Андан соң катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Презентациядан кийин И.Раззаков атындагы КМТУнун лабораториялары боюнча эскурсия өткөрүлдү. «Телематика» багыты боюнча жолугушуунун катышуучулары телематика деген эмне экендиги, телематика рыногу кандай өзгөрөөрү жөнүндө билди, бул багыт боюнча студенттердин иштеп чыгуулары менен таанышты. «Логистика» багыты боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун кызматкерлери бул багыттын башкы максаты, студенттердин өздөрү жасаган макетти пайдалануу менен логистикалык иштин түрлөрү жөнүндө айтып берди, ошондой эле «Жеңил өнөр жайынын буюмдарынын технологиялары» багыты боюнча катышуучулар тигүү буюмдарынын технологиялары менен таанышты.
Жолугушууга «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрү, «Growave» IT-компаниясынын өкүлдөрү, Т.Молдо атындагы №71 орто билим берүү интернат мектебинин жогорку класстарынын окуучу кыздары жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери катышты.
Жолугушуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.




Акыркы жаңылыктар
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»
«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

- Прямая ссылка:
- «КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости