Пресс-центр Жаңылыктар

01.10.2012

Кыргыз жыттанган боз үйдөгү бала бакчалар

“Жайлоолордо бала бакча ачылды” дегенин укканымда мага экзотикадай сезилген. Бийик тоолор, жашыл шибердүү жайыттар, боз үйлөр, анын биринде элестеткиле, беттери албырган наристелер окуганды, жазганды, эсептегенди үйрөнүп отурушат… 

ШАМАЛДЫ ТООТПОГОН ДОЛОНДУН БАЛА БАКЧАСЫ 

Ошентип, Долон ашуусундагы бала бакчага сапар алдык. Коштоочубуз Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Роза Томотоева жолду катар маалымат берип бара жатты. Жолдун жээгинде эки боз үй жайгашып, Кыргызстандын желегин желбиретип илип алышыптыр. Түз эле балдар отурган боз үйлөрдүн ичине кирип бардык. Заматта бир ооздон “саламатсызбы-ы-ы?” деп учурашкан наристелердин кучагында калып кеттим. Боз үй таза жана тыкан. Келердин алдында аны шамал учуруп кеткенин угуп калган жайым бар эле. Көрсө, биринчи жолу эмес экен. Үчүнчү жолу катуу шамалдан жыгылып түшкөн боз үйдү кайрадан тигишиптир. Туш тарабымды курчаган 30дай наристе “шедеврлери” менен тааныштырып жатышты. Козу, ак куу, күчүк, боз үй тартылган сүрөттөрү… Майда таштар жана үлүлдүн үйлөрүн катуу кагазга желим менен жабыштырып, көпөлөк, коён, жылкы менен гүлдөрдүн фигураларын жасашыптыр. Төрүндө китепкана орун алып, куржундарга түстүү жомок китептери салынган. Нарын райондук администрация башчысынын орун басары Роза Жумаева төмөнкүлөрдү айтып берди. 

– Нарын районунда буга чейин жайлоолордо бала бакча уюштурула элек болчу. Экс-президент Роза Отунбаева менен биздин жетекчилик түштүккө барып, ушундай жакшы жөрөлгөгө күбө болуп келишкен соң “Ага хан” фондунун көмөгү аркылуу жайлоодо 5-июлда эки бала бакча ачтык. Баш-аягы 50дөй бала тарбияланууда. Тарбиячылардын айлыгы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. 

“Эне мектеби” бала бакчасынын жетекчиси Дилбара Апышева төмөнкүлөргө токтолуп өттү: 

– 2007-жылы биздин бала бакчанын долбоорун жазып, ачканбыз. 2010-жылга чейин эч кандай айлык акы албай бекер иштедим. Кийин мамлекеттик каржылоого өтүп, маяна ала баштадык. Башында кыйынчылыктар өтө көп болду. Конуштар көп, жаш балдар да көп. Кээ бирлеринин аталары алыстыгына карабай атына учкаштырып алып келип таштап кетишет. Чоңураактары өздөрү эле бала бакчага эртең мененки саат тогузда келип калышат. Эң улуусу 12де, кичүүсү 2,5 жашта. 

Кадимкидей жылыш байкалууда. Балдар тартынып-кысынбай эркин боло башташты. Берилген тапшырмаларды аткарып, ырларды шатыратып жатташат. Маянага келсек, бир айын мамлекет, бир айын ата-энелер төлөп берүүгө макул болушкан. 

ЖОЛ, БАЛА БАКЧА САЛУУ – СООП ИШ 

Алай районунда да бул сыяктуу бала бакчалар курулган. Кесиптешим Эльвира Караевадай эле мен дагы ал жакка кабар алганы жөнөдүм. Бала бакча туурасында Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Досманбет Жээнбеков кенен маалымат берди. 

– Райондо үй жана жайлоо шартында 19 бала бакча бар. Жайлоо шартында курулган бакчада өзгөчөлүктөр бар. Анда балдар 3 саат гана окушат. Тамактануу, уктоо деген жок. Келишимге ылайык, үй ээлери шартты түзүп берет, айыл өкмөтү электр энергиясы жана кышында көмүр менен камсыздайт. Ал эми биз тарбиячылар менен окуу куралдарын таап беребиз. Буларга 3 сааттык гана программа киргизилип, 4 жаштан 6 жашка чейинки балдар билим алышат. Үй шартындагылар сентябрдан баштап балдар жайлоодон келгенде иштей баштайт. Боз үй шартында ачылган бала бакчалар учурда кызуу иштеп жаткан убагы. 

Жогоруда айтылган үй шартындагы бала бакчага Алай районунун тургуну, жеке ишкер Алтымыш Бообеков жана жубайы Гүлипа эжелер үйүн беришкен. “Жол салуу, бала бакча, мечит куруу – чоң сооп” деген Гүлипа Жаңыбаева менен маектештик. 

– Мен өзүм кесибим боюнча бала бакча тарбиячысымын, кесибим менен 10 жыл иштегем, жолдошум да педагог. Союз мезгилинде Алай районунун борборунда 5 бала бакча бар эле. Союз жоюлгандан кийин үчөө эле иштеп калды. Элдин жашоо шартын көрүп туруп, жолдошум экөөбүз тең педагог болгондуктан, бул ишке белсендик. 

– Каржы маселесин ким карайт? 

– Мен ижара акысын албайм. Эки тарбиячы бар, бири орус тилинен, экинчиси кыргыз тилинен сабак беришет. Аларга ар бир бала 200 сомдон айына алып келип беришет. Менин жолдошум кол эмгек мугалими болгондуктан, өз колу менен столдорду жасап берген. Эч кандай каражатсыз 4-5 саат сабагын окуп, тапшырма алып үйлөрүнө кетишет. Идиш-аякка, төшөккө, столдорго деп акча топтошкон эмес. Эшиктин алдына боз үй тигип китепкана кылып койгонбуз, кааласа боз үйгө кирип окушат, кааласа үйдө эле столго отуруп окуй беришет. Эшиктин алды кенен, сабак ортосунда сыртка чыгып бир сыйра ойноп киришет. Жакында эле өнүктүрүү фондусу менен Роза Исаковна келип, баарына күбө болуп кетти. Ал кишинин келиши бизге өзгөчө дем берип, балдарга болгон камкордугубузду күчөттү. 

– Дагы кандай шарттарды түзөлү деп жатасыздар? 

– Балдардын тил үйрөнүүсүнө, кол өнөрчүлүгүнө жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө бир топ шарттарды түзүп берүүбүз керек. Анан дагы ойноочу аянтча куруп, ал жерге селкинчек, турник жана башка ойноочу буюмдарды үй-бүлөбүздүн атынан сатып алалы деп жатабыз. Алдыга жакшы пландарыбыз бар, бирок ишке ашырууга убакыт бөлө албай жатам.

Эльвира Караева, Уулбү Каныбекова

koom@super.kg

Акыркы жаңылыктар

13.12.2019

Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү

12-декабрь – улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу кыргыз тилиндеги китептин бет ачары болду. Иш-чарага мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, коомдук саясий ишмерлер, эксперттер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, эл аралык ...
05.12.2019

«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал ...
04.12.2019

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Бишкектеги жыйында айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга түштү. Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курду. Би-Би-Си: Айылдыктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду? Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин ...
04.12.2019

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат. Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз ...
03.12.2019

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында “Үчтөн кийин кеч” аттуу маалымат баракчалары жана үч жашка чейинки баланы кандай өнүктүрүү керектиги жөнүндө эксперттер менен маек курдук.  
30.11.2019

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, ...
26.11.2019

БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

Бай терек бой кере бийик өсүшү үчүн тамыры тереңдеши, мөмөлүү дарак бутактары жайкалып, жемиши мол болушу үчүн тамыры кенен жайылышы керек. Бул үчүн багбан кыртышты табигый, нукура азыктар менен багып, семиртиши, бакты бир тамчы да зыяндуу зат кошулбаган мөлтүр тунук суу менен сугарышы зарыл. Өзөгүндө улуттук дөөлөттөр сакталган, эзелки рухий башаттын эскирбес касиети менен каныккан таалим да балдарыбыздын ар тараптан эркин инсан болуп жетилишине ...
25.11.2019

«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү. Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди. Презентацияны ...
23.11.2019

«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Иш чара учурунда акындар ...
22.11.2019

ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

Ак-Босого конушундагы "Санарип 50+" долбоорунун окуу борборуна бүгүн журналистер баш багышты. Тренер Курманбек Нураков конуштун кадырлуу жаш курагындагы тургундарына санариптик жана каржылык сабаттуулуктун негиздерине үйрөттүдө.
21.11.2019

Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду

Биринчи радионун "Күндүн темасы" программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду.   Учурда дүйнөдө технологиялык прогресстер өтө тез өнүккөндүгүнө байланышуу жаңы чакырыктар менен бирге эле кооптонулар жаралды   Кыргызстандын санариптештирүүгө болгон аракети, жасалып жаткан иш тажрыйбасы жана сунуштар боюнча баарлашууга биз КР экс-Президенти, Мадрид клубунун мүчөсү, БУУ генералдык катчысынын Евразия аймагы боюнча ...
19.11.2019

Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»