Пресс-центр Жаңылыктар
Кыргызстандын Экс-президенти тынчтык университетинин (UPEACE)кеңеине чакырылды
ООНдун башкы катчысы, 2011 – жылы Республикада бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүү менен прецедент жараткан, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык университетинин (UPEACE) кеңешине мүчө болуп кирүүнү сунуштагандыгын РИА Новостиге дүйшөмбү күнү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.
Тынчтык университети Коста-Рикадагы штаб-квартирасы менен 1980-жылы, 5 – декабрьда Бириккен Улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясы кабыл алган 35/55 резолюциясынын негизинде ачылган. Тынчтык университети тынчтыкка багытталган жогорку билим берүүчү эл аралык мекеме. Өз резолюциясынын мандатына ылайык, окуутууда тынчтык маселелерине тийиштүү бардык суроолорду дисциплиналар аралык изилдөө аркылуу билимдерди таркатуу жана жогоркуу окуу жайдан кийинки билим, изилдөөчүлүк иштерине катышат.
“ Мен сизди терең кубанычым менен Тынчтык университетинин (UPEACE) Кеңешине мүчө болуп кирүүгө чакырам. Кеңеш Университеттин жогорку башкаруу бөлүмү болуп эсептелет да, жана Кеңештин мүчөлөрү төрт жылдык мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен шайланат. Тынчтык университети дүйнөдөгү бардык шериктеш уюмдардын тармагы аркылуу, Генералдык Ассамблея тарабынан жүктөлгөн глобалдык миссияны аткаруу үчүн кеңейтүү программасына киргизилген. Университеттин Кеңешинин ишине жана анын ордуна мен өтө чоъ маани берем”, – деп айтылат, Пан Ги Мундун Кыргызстандын экс-президентине жөнөткөн чакыруусунда.
2010 – жылдын апрель айында Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болуп өтүп, жыйынтыгында экс-президент Курманбек Бакиев мамлекеттен чыгып ктекен жана ага карата бир катар кылмыш иштери козголгон. Өткөөл мезгилдин президенти болуп жеңип чыккан оппозициянын лидери Роза Отунбаева дайындалган. Төңкөрүштөн кийин жалпы мамлекет боюнча бир катар толкундоолор жана улуттар аралык чагымдар болуп өттү. Ага карабастан, Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт өлкө ичинде туруктуулукту орното алды. Отунбаева коституциялык жол менен бийликти өткөрүп берип мамлекетте прецедент жаратууга убадасын берген. 2011-жылы 30 октябрда Кыргызстандын жаңы бийлигин легитимдештирүүнүн маанилүү баскычы – президенттик шайлоо болуп өттү. Отунбаева шайлоого катышкан жок. Ошол эле жылдын декабрь айында ал бийликти эл шайлап алган Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди.
Өзүнүн даанакерлик иши үчүн Роза Отунбаева эл аралык сыйлыктар менен белгиленип, анын ичинде Франциянын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – легиондун Ардак ордени ыйгарылган.
© РИА Новости. Сергей Гунеев
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
