Пресс-центр Жаңылыктар

30.04.2019

Конуштардын тургундары активдүү жашоо үчүн!

Ушул жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Каражыгач паркында шаарыбыздын 10 жаңы конушунун тургундары дене тарбия боюнча норматив тапшырышты. Иш-чаранын максаты – спорттук мелдештер аркылуу конуштар ортосундагы ынтымакты, тынчтыкты бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү, жаштарга спортко, ден соолукту чыңдоого багыт берүү. Дене тарбия боюнча нормативтерди “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкектин 10 ...
30.04.2019

Шахмат, дзюдо боюнча АЗИЯ чемпиондору жаңы конуштарда

Шахмат боюнча бир нече жолку Азия чемпиондору Айжан Съездбекова менен Алмаз Съездбеков 26-апрелде Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунун №86 орто мектебинде, мектеп окуучуларына жана тургундарына мастер класс өтүштү. “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун кординатор –мобилизатору Чынара Абдыраимакунова иш-чаранын максаты жөнүндө маалымат берип, Съездбековдордун үй бүлөсүнүн ийгилиги, аларга бир нече жылдан бери КР экс-Президенти, Фонддун ...
29.04.2019

Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталды

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮСАИДдин «Адамдын кадыр-баркы жана укуктары» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун Миссиясы (МУМ) менен бирдикте Активисттер үчүн лагерге катышууга арыздарды кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт. Лагердин максаты – мигранттардын укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө маалыматты мурдагы мигранттарга берүү.   Өткөрүү даталары: ...
26.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүнүн расмий жабылуу иш чарасы өттү

2019-жылдын 26-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр жана Сүрөт Музейинде ушул жылдын 5-апрелинен бери жүрүп жаткан “Жибек жолу” интерактивдүү Көргөзмөсүнүн расмий жабылуусуна арналган иш чара болуп өттү. Иш чара “Кыргызстандын музейлери мезгил менен кадамдаш баратабы?” аталышындагы диалог –баарлашуу менен башталды. Талкууга КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү ...
26.04.2019

Бишкекте «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

25-апрелде И.Раззаков атындагы КМТУда «КР айымдары STEM’де (Women of KR in STEM)» тармагынын мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – Германияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү, университеттин лабораториялары боюнча экскурсия. Өзүнүн саламдашуу сөзүндө «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун координатору А.А. Усупкожоева КРда STEM-билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана ...
25.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Азербайжан өлкөсүнүн маданий күнү болуп өттү

Бүгүн, 25-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Азербайжан өлкөсүнүн маданий күнү болуп өттү. Иш чара азербайжан элинин улуттук ырлары жана бийлери менен башталды. Андан соӊ Азербайжан жөнүндөгү видеоролик көрсөтүлдү. Интерактивдик аймакта күн бою мастер-класстар, оюндар жана пазлдар менен ар кандай сүрөттөрдү кураштыруу уюштурулду. Ал эми Боз үйдө азербайжан ...
24.04.2019

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде «Кыз-келиндер илимде жана техникада» аталышындагы жолугушуу болду

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «STEM’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогорулатуу» долбоорунун алкагында “Кыз-келиндер илимде жана техникада” аталышындагы жолугушуу университеттин табигый илимдер ...
24.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү

Бүгүн, 24-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Адабият жана Чыгыш поэзиясы күнү болуп өттү. Бул күнү да адаттагыдай эле кызыктуу программалар көрүүчүлөрдү тосуп алды. Музейдин кино залында ата-энелер үчүн “Балдар адабияты аркылуу өз өлкөбүздү кантип таанытабыз” деген темада адабиятчы Рахат Орозова лекция окуп берди. Т.Океев атындагы Кыргызфильмдин анимациялык ...
23.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Иран Ыслам Республикасынын күнү болуп өттү

Бүгүн, 23-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Иран өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара Бишкектеги Иран мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы Иран Ыслам Республикасынын гимнин ырдоо менен башталды. Расмий ачылышында КР экс-Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева сөз сүйлөп, ал “Жибек жолу” көргөзмөсү ...
22.04.2019

Бишкектеги конуштардын арасында Лига «Ынтымактуу конуштар» спартакиада өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда “Ынтымактуу конуштар” Лигасы аттуу спартакиаданын салтанаттуу ачылышы “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн!” деген ураан менен ачылды. Спартакиаданын ачылышында ЮНФПАнын аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку ...
21.04.2019

«Жибек жолу» көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү

Бүгүн, 21-апрель күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук Көркөм өнөр, Сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Жибек жолу” көргөзмөсүндө Индия өлкөсүнүн күнү болуп өттү. Иш чара индия бийлерин бийлөө менен башталды. Расмий ачылышында Эл аралык Медицина Жогорку Мектебинин ректору С.М. Ахунбаев, «ISM Edutec”директору, доктор Сонал Поту , “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Роза Кайыкова сөз сүйлөштү. Р.Кайыкова ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»