Пресс-центр Сүрөт галереясы
Кемин шаарында туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өттү
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен өткөрүлүп жаткан «Жергиликтүү бийлик институттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын арттыруу аркылуу туура тамактануунун жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруунун негиздери боюнча калктын маалымдар болушун арттыруу» деген биргелешкен долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Кемин шаарында (Чүй областы) туура тамактануу боюнча семинар-тренинг өттү.
Семинар-тренингди өзүнүн саламдашуу сөзү менен Чүй областынын Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Дуйшебаев Жумгалбек Ражапович ачты. Семинар-тренингге 18 адам: райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары, билим берүү системасынын, ЖӨБОлордун, саламаттык сактоонун, СКЗдардын жана КУЗдардын өкүлдөрү, райондун мектептеринин мугалимдери катышты.
Семинардын катышуучулары ден соолуктун баалуулуктары жана тамактануу маданияты, тамак-аштын компоненттери жана адамдын организминдеги алардын ролу жөнүндө, тамак-аштан келип чыгуучу оорулар жөнүндө маалымат алды. «Тамактануу пирамидасы» (тамак-аш пирамидасы), «Таза тарелка», «Кооздолгон мөмө алкагы» жана мүмкүнчүлүктөрдүн терезелери (кош бойлуу аялдын тамак-ашы, эмчектеги балага тамак берүү, эки жашка чейинки баланын тамактануусу) сыяктуу түшүнүктөр менен таанышты. Жогоруда саналган темалар боюнча активдүү дискуссия болду.
Ошондой эле семинардын катышуучуларына балдардын тамак ичүү адаттары жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Семинар аяктагандан кийин катышуучулар таза жана туура тамактануунун эрежелерин, Туура тамактануу саясатын киргизүү жана алга илгерилетүү пландарын иштеп чыкты, тынчсыздандырганы суроолорду берди, бул темага окутуучу иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана пайдалуу маалыматтарга жык толгон семинар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Семинардын машыктыруучусу техникалык илимдердин кандидаты, доцент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ресторан иши жана кулинария өнөрү» бөлүмүнүн башчысы Кыдыралиев Нурудин Абдыназарович болду.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
