Пресс-центр Сүрөт галереясы
КР ЖК депутаты К.Иманалиев балдарга китеп окуп берди
2018-жылдын 25-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Каныбек Иманалиев «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомлук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен биргеликте уюштурган «Балдарга жаңы жылга белек- Акылдуу китеп» акциясынын алкагында Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназия мектебинде балдарга китеп окуп берди.
Эл өкүлү окуган «Ынтымак сыры» китебин аталган мектептин окуучулары өтө кунт коюп, зор кызыгуу менен угушту. Жолугушуу учурунда балдар менен эл өкүлүнүн китеп жана китеп окуу тууралуу ой бөлүшкөн баарлашуусу да болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашаган ар түркүн улуттун турмуш тиричилигин, маданиятын чагылдырган «Ынтымак сыры» китебинин автору белгилүү педагог Догдуркүл Кендирбаева. Китеп «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык Коомдук фонду тарабынан жарык көргөн. Китептин негизги идеясы балдарды экологиялык, улуттук конфиликттерди болтурбоого чакыруу, алардагы жаратылышты коргоо, ынтымакты бекемдөө көндүмдөрүн калыптандыруу.
Аталган демилгенин максаты – коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда китептин баалуулугун көрсөтүү, китеп окуу муктаждыгын жаратуу жана компьютердик көз карандылыктан алаксытуу.
К.Иманалиев кезектеги китеп окуу эстафетасын КР Жогорку Кенешинин депутаты Садык Шерге тапшырды.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
