Пресс-центр Пресс-релиздер

30.11.2016

Бурулкан Сарыгулованын «Жүрөктүн шыбыры» поэзия кечеси

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Поэзия кечелерин” өткөрүүнү улантат. Бул ирет поэзия сүйүүчүлөрдүн алдына акын Бурулкан Сарыгулова чыгат. Анын “Жүрөк шыбыры” деп аталган поэзия кечеси 2016-жылдын 16-декабрында саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт.


Акын адам турмушунун өзү туйган тирүүлүк, тирилик, арзуу философиясын поэзиянын дирилдеген тили менен айтып берет. Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. Акындардын республикалык 1988, 1990-жылдардагы “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты, “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору. Жаңы ырлар жана котормолор жыйнагы басмага даярдалууда.


Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарынын ээси. Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалайт. Акын Бурулкан Сарыгулованын поэзия кечесин белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.




ПОЭЗИЯГА

Көздөрдө күйүп турган,

Сүйдүрүп, сүйүп турган,

Тамырчы, табыпсың сен

Дартымды билип турган.

 

Азоосуң атырылган,

Бороонсуң сапырылган,

Сен пайда болгон кезде

Адашам акылымдан.

 

Кезимсиң жалындаган,

Сезимсиң тамырлаган,

Армансың көөдөндөгү,

Эч качан жазылбаган.

 

Булаксың табылбаган,

Жакутсуң тагылбаган.

Качан саа жетер экем,

О ырым, жазылбаган!


ЭНЕМЕ

Үн чыгарбайм, унчукпайсың сен дагы.

Жоолугуңа катат өзүн ак саамай.

Жалынычка түтпөйт картаң карегиң,

Тиктейм сени айтаар сөздү таба албай.

 

Асман түстүү, күн жыттанган көйнөгүң,

Өзүңө окшоп көрчү тосуп кеткенин.

Кучагыңа кулап түшкүм келсе да,

Кадам жерден бир өзүңө жетпедим.

 

Үмүттөрүң карып кетти канча ирет,

Мен жөнүндө күтүп элден жакшы кеп.

Акын болуп келет эле кызым деп,

Карай берип чаалыккандыр эки көз.

 

Көр тирликтин мыйзамына не арга,

Алпурушат күндө жаным жай албай,

Сени эмес, бүлөмдү ойлоп ар учур,

Бул жашоонун добулбасын кагам жай.

Кантип айтам, түн уйкуңду бузба деп,

Санаасы мол, үмүтү зор энем ай.

Мага окшогон, сага окшогон пенденин,

Болбойт тура, жан биргеси баладай.

 

Үн чыгарбайм, унчупайсың сен дагы,

Маңдай-тескей турат окшош каректер.

Буйрук менен жолугушкан учурда,

Сагынычтар сайран куруп, жазат чер.

 

ТУУЛГАН КҮН

Өмүр – ирмем. Ирмеп коюп кирпикти,

Уйку күткөн узун түн да узады.

Буктун баарын шыкап алган ичине,

Узата албай жатам, бирок, ызаны.

 

Арта берип аткарылбас кыялды,

Эртеңдер бүт эскиргенин карасаң.

Аңтарылып турат мында көкүрөк,

Ара жолдо кышка айланып саратан.

 

Кечигүү да тагдыр чыгаар чийилген.

Анын дагы айта турган жообу бар.

Жакшылыкты жалгап коюп кеткиле,

Кечиккен мен, силер эмес, оо, жылдар.

 

Кайра айланып келсе деле бул сапар,

Баягы эле тагдыр жанда үргүлөөр.

Баягы эле мен жете элек бир кыял,

Үн-сөзү жок, күнөкөрдөй үлбүрөөр.

 

...Маалы кеткен тилек дале шыкаалайт,

Дагы ушунча өмүр алда барчылап.

Көңүлгө төп эмес ишке жыртылган,

Өмүр турат, үмүт турат жаркырак.

  

ФЕВРАЛДА

Өмүрүн дагы бир кыш сүрүп бүтүп,

Апакай карды көздөр сүйүп бүтүп,

Темгилдүү февралдын дөбөсүндө

Телмирген караан турат жазды күтүп.

 

Тарабай сагынычтын бурганагы,

Ызылдап узап барат кырдан ары.

Көп ирет мына ушинтип ашып кетти,

Сыр катып, жетелешкен жылдар ары.

 

Көрүнүп аппак кыштан көктөм артык,

Эңсөөлөр бу көөдөнгө батпай калкып,

Эч кимге сырын бербей турган менен,

Көкүрөк көктөм жакка барат тартып.

 

Бул ирет кабыл болуп калса деген

Бир каалоо көйдө турат орноп бекем.

Агарган саамай менен отсуз көздү

Быйылкы көктөм деги тааныр бекен?

 

Куюну кыш узатаар февралдын

Сапырып жатат минтип ойдун баарын,

Таптакыр эстегиси келбегендей

Кайрадан кышты карай жол улаарын…

 

ЖОЛДОГУ ОЙЛОР 

Калың кыш, тапталган жол жалгыз аяк,

Күнүгө мына ушинтип үйгө алпарат.

Катарда кар жамынган карт дарактар

Үргүлөйт. Үстүндө күн турат карап.

 

…Анда кар мындан дагы калың эле,

Биз кышка, ал да бизге байыр эле.

Сезимдер каныбызды удургутуп,

Чилдеге, борошого кайыл эле.

 

Кармашып колдор, дилде – аруу тилек,

Көөдөндө тыбырчылайт тентек жүрөк.

Ааламда сен, мен жана кышкы сүйүү,

Биз анда түк үшүгөн эмес элек.

 

Азырчы? Ызгаар аймап жамалымды,

Кыртылдак кар жүдөтүп таманымды,

Тонумду жиреп кирип коюнума,

Ушу суук быйыл абдан таба кылды.

 

Көңүлүм азыр, чыны, жукарып тур.

А кездин табы кетип, кыш калыптыр.

Бакытка ченеми жок эркелеген,

Биздин жол узак эле. Кыскарыптыр.

 

Сагыныч көзгө тартып карааныңды,

Келтирет улам артка карагымды.

Күндөргө ак мармардай жаркыраган,

Кылчаят элем билсем табаарымды.

 

 

 

САГЫНЫЧ

Кечикти жаз

экөөбүз көргөн жандай

жароокер,

жазы маңдай,

күлүңдөгөн,

кабагы түйүлбөгөн.

 

Кечикти жаз.

Буулуккан булут жакпай,

сирендин

жытын таппай

зеригүүдө

келалбай сезим күүгө.

Кечикти жаз.

Басылбай койду нөшөр.

Азалуу

жандан бетер

төгүлүүдө,

асман бүт сөгүлүүдө.

Реверанс (Мая Плисецкаяга)

 

Бийлеп жатат чимирилип.

Кудум ийик!

Бутунун учу жерге

Тийбей - тийип.

Колдору ырдап жатат!

Сыйкырчы! Сыйкыр талант,

Түгөнбөс! Өлбөс! Бийик!

Овация! Овация!

Реверанс!

Ак куу турат

Сахнада башын ийип!

 

Нефертити! Улуу бийчи

Бийик жүрчү!

Бир гана көрүүчүгө,

Башын ийчү.

Турмушта курч болду ал,

Тардыкка октой тийип,

Ачуу чындык үчүн күйдү.

«Большойдо» овация!

Ак куу бийи…

Ал ушул театрды,

Андагы элди сүйдү.

 

Жектеди өз заманын

Эне-атанын

Мекенди сүйгөнү үчүн

Ичкен канын!

«Эл душмандын» бийчи кызы

Кайгысын, ыза, кегин,

Чыгарды бийден баарын…

Кол чабуулар!

Тамшануулар!

Жандай көрдү

Сахнаны. Берди жанын.

 

“Чаар эне” дечү жеңем

Күкүмдү жебей жерип,

көп жеме уккан элем

чоң энемден.

“Антпе, шүк! Кесир болот!” –

Калтаарып картаң үнү,

Бырышып суук жүзү

Катуу урушчу.

Ансайын күлкүм келип,

Кебин жерип...

Эси жок балалыгым!

 

Чычкандан дан талашып,

Жан талашып, ийин казып...

Балалыгын

Жоготуп алгандыгын,

Үркүндө тээ илгери,

Кийин билдим...

Эсиме келгенде мен

Ошол энем

Жок эле. Эбак өлгөн!

Эсимде жат калганы –

Какшаал болду. Анан да

Текес, Турпан

Таптакыр түгөнбөгөн

Чоң энемдин кыйырсыз

жомогунан.

“Чаар эне” дечү жеңем,

Ооруган экен көрсө

чечек менен

Үркүндө байкуш энем.

  

Балалык циклинен

Өмүрдүн жеткенимде белесине,

Кайрадан келип алып сен эсиме,

Аалам бүт түккө арзыбай ушул азыр

Табынып турам сенин элесиңе.

 

Кечки саан убагы ошол эсиңдеби

Апамдын шапалагы кечиндеги…

Айды ээрчип бара жатып сүткө түшкөн

Мени сен көрүп бооруң «эзилгени»?

 

Тазасың, баео мүнөз ананайын,

Келесиң кыйналганда мага дайым,

Обочо туруп алып, анан эле,

Бар сенин жалтак-жалтак карамайың.

 

Көргөндө элесиңди жаным жыргап,

Билесиң тынчып менин каларымды.

Балалык, азыр сенин урматыңа,

Кубалап жатам, кара, санааны бу.

ХХХ

Мүрөктөй дүйнөң мага бейиш болуп,

Ойлорум каттап келет сага тынбай.

Мезгилим мени ээрчитип кетсе деле,

Кылчактайм кызыл дүйнөм санаа тынбай.

 

Чер жазып эргибедик кезегинде,

А дагы бир жазмыштын ченемидир.

Жомоктоп кыйырына жеткире албас,

Эскерүү болуп калдың сен эми бир.

 

Жазыксыз муңдуу бүлө азабына

Өз жандан артык түтүп, чындап күйдүк.

Аяндай алигиче ошол күндөр

Ыйманды бешенеме турат сүртүп.

 

Жол чырак болуп мага тартыласың,

Адашкан багытымды теске салаар.

Өмүргө ыроолонсо улуу бакыт,

Жашоого акысы бар сенде гана ал.

Жоголгон аялуу бир седебимдей,

Элесиң келет-кетет мунарыктап,

Ой менен ойрон кылып аралыкты,

Бүгүн мен карааныңа турам ыктап.

 

Асылы аз, азабы көп бул дүйнөдө,

Оюнга тойбодук биз балалыгым.

Өксүктүн изин суутуп алып кетсин,

Кел эми, ырдайлычы шамал ырын.

  

ПАРИЖ

Кан тамырдай чиеленген жолдордо,

Адашпай да, чаташпай да оң-солго

Миллиондор агып кирип-чыгышат,

Миллиондор ашык ушул борборго.

 

Париж! Париж! Пири мүлдө калаанын,

Делөөрүтөт сырдуу, сындуу карааның,

Миллиондор катарында жүрөм мен,

Таш жолуңа тийип-тийбей таманым.

 

Париж – Атыр! Париж – Мода! Арзуулар!

Коко Шанель! Маашырлануу, эргүү бар!

Кыялкечке жан азыктай кыналып,

Сыланат эх, сыйкыры күч ушул шаар!

 

Бальзак, Шопен, Эдит Пиаф мекени,

Сенден алган эргүү мага жетеби?

Ажырагым келбей турат, нетейин,

Бишкегиме жүрү, чогуу кетели…


ЖОЛДО 

Ар мезгилде аруулукка себепкер,

жол сакчысы мобул мырза теректер

сээп жаткан сары, кызыл, апарман

жалбырактан килем токуп жатат жер.

 

Теректер бүт бариктерин себелеп,

Кооздукка жык толуптур тегерек.

Машиналар зуулап өтүп жатышат,

Жолдо жаткан алтын күздү тебелеп.

 

Асман ачык. Күн чайыттай жаркырап,

Нур жамынган жалбырактар азгырат.

Сулуулукка сугум түшүп мен азыр,

Узай албай, токтоп калдым жалдырап.

 

 ЖОЛОН МАМЫТОВГО

Мен акынды ойлоп отурам,

Жан дүйнөмө жагып от улам.

Алоолонуп кетчү айлана

Ал окуган ырдын отунан.

 

Көзү мухит, өзү көл киши.

Дербиш эле. Ырдын дербиши.

Ага канча жаштар агылды,

Угуп ырын, келип көргүсү.

 

Көзү сүйлөп сөздөн биринчи,

Аны көргөн кыздар сүйүнчү.

Илебинен пирдин ыр төккөн

Солуп турган гүл да тирилчү.

 

Мажнун ырын угуп отурам,

Жаш акындан эргип окуган.

Качанкы ыр мазесин алып,

Ыйлап жатат акын-кошунам.


БИЗДИН КӨЧ 

Багыт болуп топурактуу чыйыр жол,

Энөө бойдон чыктык эле айылдан.

Дымагыбыз кылкылдаган кызыл өрт,

Келечекке жебе болуп сайылган.

 

Аалам биздин кол балага айланып,

Менчиктедик сан жолдордун бардыгын.

Элет анда эртеңдерге узаткан,

Түт келе албай илебине арзуунун.

 

Жолдор калды узун, кыска, азаптуу.

Анан тосту жамандык да, жакшылык.

Аруу кыял майтарылды өңдөнөт,

Биз тарапка келбей калды каткырык.

 

Бүлө күтүп, окуп, иштеп эл өңдүү,

Жол карытып, барбай калдык айылга.

Ишеничти энчи кылган балалык,

Күтөт дешет дале бизди айылда.

Жылдар жышып, күндөр чайып сезимди,

Өмүрүбүз өргө таяп баратат.

Өчөшкөнсүп жаштык бизден алыстап,

Айлар, жылдар жашыбызды санашат.

 

Унутууга кыял челген күндөрдү,

Умтулат да, улутунат акыл-эс.

Кудуреттүү бул дүйнөнүн барына,

Топук кылып сапар улайт биздин көч.

 

 Айла жок! Бактылуусуң!

Жорж Байрондон (котормо)

 

Айла жок! Бактылуусуң… минтип эми

Мага да бак табууга мезгил келди.

Ишенгин, сага деген ак тилегим

Дагы эле оргуп турат жүрөктө бу.

 

Табалап турат жолдуу күйөөң мени

Өзүнүн опол тоодой багы менен.

О жүрөк! Тыйып жатат жек көрүүмү,

Андагы сага деген сүйүү терең.

 

Балаңдын жылмайышы жүрөгүмдү,

Эзип ийе жаздады бир азда эле…

Өөп койдум элестеп бир өзүңдү,

Наристенин чынында күнөөсү эмне.

 

Түспөлү энесиндей. Бирок өзү

Келбетин атасынын тартып турду.

Көзүңдү көрүп анын көзүндөгү,

Эси жок махабатым балкып турду.

 

Кош, Мэри! Кошкун эми. Кетем демек.

Байланып бактылууга эмне арга?

Бөлүнүп тынганыбыз, бирок, керек

Сендик мен болуп калбаш үчүн кайра.

 

Ойлогом уят, намыс, мезгил деген,

Өткөндүн демин суутуп коебу деп.

Эгер сен аралыктан туюп-сезсең -

Оттомун жалындаган. А үмүт жок.

 

Жоошуттум өзүмдү акыр. Арга сынды.

Кутулдум мен баягы сезимимден.

Дирилдек жүрөгүмдү кайрат тыйды,

А нервим жукарган жок кезигүүдөн.

 

Издебе азыр антип менден такыр,

Аптыккан жүздү калдас, анан кызык.

Билсең сен, үн-сөзү жок дымып жатыр

Аргасы түгөнгөн бир караңгылык.

 

Тарт! Кетемин! Эзелки кыялымды

Таштайм. Албай чыгамын бу сапарга.

О жылдар түбөлүктүү! Жан кыярды.

Өл сезим! Же унутул караманча!

Акыркы жаңылыктар

17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...
07.10.2019

Билим берүүчү уюмдарга жана китепканаларга «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китеби берилди

4-октябрда Бишкек шаарынын билим берүүчү уюмдарына жана китепканаларына “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” китептерин берүү аземи болуп өттү. Китепти АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «SТЕМ’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогоурлатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ басып чыгарды.   Кыргызстандагы STEM жагынан көрүнүктүү илимпоз ...
04.10.2019

Бүгүн бүт дүйнө жүзү эң сонун жана абдан маанилүү кесиптеги адамдарды кадырлап жатат

Кымбаттуу мугалимдерибиз, мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалимдер күнү кайрадан босогого келип калды!     Силер – маанайы жарык жана таланттуу адамсыңар – силерге адамдар эң баалуу болгон өз балдарын ишенип берет. Силердин акылмандыгыңар жана билимиңер – татыктуу, прогрессивдүү муунду ийгиликтүү тарбиялоонун уюткусу. Силер күн сайын өз билимиңерди жана турмуштук тажрыйбаңарды жаңы муундун акыл-эсине жана жан-дүйнөсүнө жеткирип, ...
01.10.2019

Роза Отунбаева Пенсильвания университетинде жаңы технологияларды жана алардын глобалдык таасирин талкуулоого катышты

Пенсильвания университетинде (АКШ) «Жаңы технологиялар жана алардын глобалдык таасири» темасына илимий семинар болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын мурдагы Президенти Роза Отунбаева, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Джон Керри, АКШнын мурдагы коргоо министри Эшу Картеру, Human Rights Watch’тун аткаруучу директору Кеннет Рот, Uber’дин башкы илимий кызматкери Ракель Уртасун, ошондой эле Пенсильвания университетинин ректору Эми Гутман ...
30.09.2019

Барскоон жана Сузак айыл аймактары гендердик ыкманы Кыргызстанда миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга киргизүү менен 2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитти

2019-жылдын 23-сентябрында Барскоон айыл аймагында коомдук угууга жана Барскоон айыл аймагынын сессиясына карата Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча практикалык семинар болуп өттү. Практикалык семинардын максаты – өңүттөрдү, артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле гендердик курамды кошуу жана миграция боюнча артыкчылыктарды аныктоо менен ар бир тармак боюнча күтүлгөн натыйжаларды жана көрсөткүчтөрдү ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»