Пресс-центр Пресс-релиздер
«Үчтөн кийин кеч» социалдык тармактарда
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан социалдык тармактарда ата-энелерге арналган «Үчтөн кийин кеч» баракчалары ачылды. Анын максаты – эрте жаш курактагы наристелерди тарбиялап өстүрүү маселелери боюнча ата-энелердин билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырууга маалыматтык колдоо көрсөтүү.
Instagram, Facebook, Одноклассники жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта ар тараптан өнүктүрүү багытындагы керектүү жана далилдүү маалыматтарды жана пайдалуу кеңештерди үзбөй окуй алышат.
Адистер баланын жашоого келген алгачкы 1000 күнү орду толгус, өзгөчө жооптуу курак экенин белгилейт. Анткени бул мезгилде баланын өнүгүүсү, чоӊоюусу өтө тез ылдамдыкта жүрүп, анын мээси, тамак сиңирүүсү, зат алмашуусу, иммундук системасы жана эмоционалдык, коммуникативдик базалык көндүмдөрү калыптанат. Эгер ушул учурду ата-эне, айрыкча эне колдон чыгарып жиберсе, анда баланын өнүгүүсүндөгү, өзгөчө акыл-эсинин өнүгүүсүндөгү орду толгус жоготуу, өксүктү калыбына келтирүү кийин кыйын болооруна тынчсызданышат. Атактуу жапондук ишкер, бала тарбиялоонун новатордук концепцияларынын автору Ибуко Масару Жапониянын өнөр жайынын өсүшүнө жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн изилдеп жатып бекеринен 3 жаштан кийин кеч экенин атайын илимий-практикалык изилдөөлөр аркылуу далилдеп айтпаган. «Үчтөн кийин кеч» баракчалары наристелерди эрте куракта өнүктүрүү маселесине басым жасайт.
«Бала тарбиялайм десең адегенде өзүңдү тарбияла» деген накыл кеп бар. Аталган маалыматтык баракчалар ата-энеликтин наристеге жасаган мамилесин жакшыртууга, ата энелик милдетти так аткарууга чакырып, бөбөктөрдү өнүктүрүү үчүн сапаттуу шарт түзүп, камкор чөйрө түзүүгө багыт берет. Бала тарбиялоо жана өстүрүүдөгү маалыматтык муктаждыгын, сабаттуулугун жогорулатып жана өзүн өзү өнүктүрүүсүн шыктандырат.
Социалдык тармактардагы баракчаларыбыз:
Facebook: https://www.facebook.com/3tonkiyinkech/
Instagram: https://instagram.com/uchtonkiyinkech
Telegram: https://web.telegram.org/#/im?p=@uchtonkiyinkech
Одноклассники: https://ok.ru/profile/581854435114
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
