Пресс-центр Пресс-релиздер
КР Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Женевада «Пекин +25» региондук баяндама жолугушуусуна катышат
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Омурбекованын жана Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин Мамлекеттик катчысы Паскаль Баэрисвиль айымдын төрагалыгы астында Женевада Улуттар Сарайында «Пекин + 25» деген эки күндүк региондук баяндама кеңешме өтүп жатат.
Түндүк Америкадан, Европадан, Кавказдан жана Борбордук Азиядан келген 700дөн ашык өзөктүү кызыкдар тараптар – гендердик теңчиликтин жаш тарапкерлеринен тартып жогорку кызматтагы өкмөттүк чиновниктерге чейин – Пекин декларациясынын жана Аракеттер Платформасынын милдеттенмелерин аткарууда жетишилген прогрессти, дээрлик 25 жыл мурда кабыл алынган гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары маселелери боюнча эң көрөгөч күн тартибин баяндоо үчүн 2019-жылдын 29-30-октябрында Женевада чогулду.
БУУ ЕЭК жана «БУУ-аялдар» структурасы биргелешип уюштурган «Пекин +25» региондук баяндоо кеңешмеси турмуштун бардык чөйрөлөрүнө аялдардын бирдей катышуусуна тоскоолдук кылган структуралык бөгөттөрдү жоюуга жардам бере турган саясатка практикалык ыкмаларды көрсөтүп, жетишилген прогрессти жана сакталып жаткан көйгөйлөрдү карайт. Бул өзөктүү маселелер, анын ичинде бирдей эмгек акы, акы төлөнбөстөн балдарды багуу жана үй боюнча ишти бирдей бөлүштүрүү, баланы багуу боюнча өргүү саясаты, гендердик зомбулуктун бардык формаларын токтотуу жана чечимдерди кабыл алууга бирдей катышуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди стимулдаштырат. Ал ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн маанилүү негизи катары 2030-жылга карата гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган туруктуу өнүктүрүү жагынан 5 максат Пекин декларациясына ылайык өкмөттөр милдеттенмелерди аткарышында прогрессти стимулдаштырып жатканын талкуулоо үчүн платформа болуп калат.
«Пекин +25» баяндамасы боюнча эки күндүк региондук кеңешме БУУ ЕЭК регионунда өзгөчө тынчсызданууну пайда кылып жаткан маселелерге арналган сегиз тематикалык сессияны камтыйт.
Жолугушуунун алдында 28-октябрда жарандык коомдун форуму болуп өттү, анда БУУ ЕЭКтин бардык региондорунан келген гендердик теңчиликтин тарапкерлеринин материалдары сунуш кылынды жана сунуштамалар даярдалды, алар Карап чыгуу боюнча кеңешменин ачылышында сунуш кылынат.
Ошондой эле 2019-жылдын 18-19-сентябрында Бишкек шаарында КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын, КР Вице-премьер-министри А.Өмүрбекованын катышуусу менен жарандык активисттердин Борбордук Азиялык «Трансформация доорундагы лидерлик» деген диалогу болуп өттү, анда өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында гендердик теңчиликке жетишүүдө жарандык коомдун жаңы ыкмалары биргелешип аныкталган.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
