Пресс-центр Пресс-релиздер
Пресс-релиз Индонезия Республикасы “Discover Asia”
Өткөрүү күнү: 26-апрель 2013-ж., 17:30
Өткөрүү жайы: Отель Хаятт Ридженси Бишкек
“Шайыр” конференц-залы
Совет көч., 191
“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы Индонезия Республикасынын Элчилиги менен шериктештикте Индонезия Республикасына арналган “Discover Asia” жолугушуусун өткөрөт.
Жолугушуунун темасы: “Экономикалык реформаларды жүргүзүүдөгү Парламенттин ролу. Индонезиядагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү”
Жолугушуу учурунда Индонезия Республикасынын Парламентинин мүчөлөрү Факир Хамза жана Нудирман Мунир, Министрликтин кооперативдер, чакан жана орто бизнес боюнча пландаштыруу бюросунун башчысы Марджоко Пратомо жана SMESCO INDONEZIA компаниясынын башкы директору Юана Сутьёватилер чыгып сүйлөшөт.
Жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү чакырылган. Жолугушуу учурунда Индонезия Парламенти менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, өз ара байланыш жана эки өлкөнүн чакан жана орто бизнесинин өнүгүү жолдору талкууланаары ниет кылынат.
Жолугушуу орус жана англис тилдерине өткөрүлөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун координатору Алтынай Бегалиевага бул тел.: 660368, же э-почта: office@roza.kg боюнча кайрылууга болот
Маалымат: Индонезия Республикасы Түштүк-Чыгыш Азиядагы чоң мамлекет жана дүйнө жүзүндөгү аралда жайгашкан эң чоң мамлекет. 2012-жылдагы ВВПнын көлөмү 1, 125 триллион АКШ долларын түзгөн, бул дүйнө жүзүндөгү он алтынчы жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы биринчи көрсөткүч.
Пропорционалдык тандоолордун негизинде шайланган Индонезиянын колдонуудагы Парламенти өлкөнүн экономикалык саясатын калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.
Экономиканын ар кайсы тармактарында 25 миңден ашык ири жана орто, 3,2 миллиондон ашык чакан ишканалар катталган. Мына ушуга байланыштуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Индонезиянын экономикасынын бюджетти түзүүчү багыттарынын бири болуп эсептелет, бул болсо өлкөнүн жалпы өсүшүнө таасир тийгизет.
Акыркы жаңылыктар
Кыргыздардын баатырдык эпосунун «Манас сүрөттө» аттуу китеп жарык көрдү
«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

«Гений» радиоберүүсү: Ата-энелер үчүн наристелерди эрте жаштан өнүктүрүү үчүн пайдалуу кеңештери менен «Үчтөн кийин кеч» аттуу социалдык тармактарда маалымат баракчасы ачылды

Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту
БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК

- Прямая ссылка:
- БАА ЖЕТКИС ТАБЕРИК
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыИнвестиции в будущие поколения«Эко-проект»Эко-кампании и акции
«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү
«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү
ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!

- Прямая ссылка:
- ЖМК биз жөнүндө: Санарип-жаркын келечек!
- Опубликовано в:
- Пресс-центрНовости
- ИнициативыУстойчивый социальный рост«Санарип 50+»
Биринчи радионун «Күндүн темасы» программасында Өнүгүүнүн чакырыктары жаңы багыттары деген темада сөз болду
