Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

24.07.2012

Чыңгыз хандын мекенине сапар

Экс-президент Роза Отунбаева Монголия президенти Цахиагийн Элбегдорждун чакыруусу менен Улан-Баторго сапар алып, бир катар иш-чараларга катышып, монгол аткаминерлери менен сүйлөшүү өткөрүп кайтты. 

БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУШАТ 

Экс-президенттин биринчи баш баккан мекемеси Билим берүү министрлиги болду. Анда Монголиядагы соңку реформалар менен тааныштык. Кыргызстанда 53 ЖОЖ бар болсо, эки эсе аз калктуу Монголияда 187 университет бар экен. Аны жоюп отуруп, санын 90го чейин кыскартышыптыр. Жалпысынан англис тилге басым жасоо күч. 

Мектептерде окуучуларды компьютер жана интернет менен камсыздоо аягына чыгып, ушул жылдан тарта химия, физика, биология кабинеттеринин лабораторияларына чоң каражат бөлүү пландалып жатыптыр. Мындай долбоор Кембридж университети тарабынан сунушталыптыр. Анткени дал ушул кадыр-барктуу билим берүү мекемеси атайын монгол мектептери үчүн программа иштеп чыгуунун үстүндө. 

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ 

Монгол депутаттарынын деле кол тийбестик макамы бар. Жакында эле парламенттик шайлоо болуп өткөнүнө байланыштуу учурда мандаттарын тапшырып берүүчү экс-депутаттардын айрымдарын кылмыш иши козголуу коркунучу күтүп турат. 

Жеке менчигин, тапкан кирешесин көрсөтүүчү декларацияны туура эмес толтуруп бергендиги үчүн 70тей мамлекеттик кызматкер кылмыштык, административдик жоопко тартылган. Атүгүл бир аймактын губернатору менчигин өз атына жазбай койгондугуна байланыштуу кызматтан кол жууган. 

Экс-президент Намбарын Энхбаяр да учурда “коррупциялык иштерге тиешеси бар” деп айыпталууда. 

ПРЕЗИДЕНТ, ПРЕМЬЕР, СПИКЕР – БААРЫ ТЕҢ 

Бийликти колго алган үч башкы адам – президент, премьер менен спикер бир имаратта отурушат. Парламенттин жыйын өтүүчү залында үчөөнүн орундары бир катарга коюлгандыгы да кызыгууну жаратты. Алардын отургучтарына өтө баалуу таштар чөгөрүлгөнү дароо биздин жагдайлар менен салыштырууга жетеледи. Ал отургучтар Кыргызстанда болгондо, мародёрлор “чү” дегенде эле ошол креслолорду басып жыгылышмак. 

Президенттин Ак үйдө жарандарды кабыл алуучу жайы да өзгөчө мааниге ээ. Анда карапайым калк жаңы мыйзам долбоорлорду талкуулоого катыша алат экен. Баарыбызды монгол мамлекет башчысынын жеке жашоосу тууралуу маалымат таң калтырды. Ал президент болуп шайланганга чейин ата-энесинен айрылган 2-3 жаштагы 24 баланы асырап алыптыр. Өзүнүн беш баласын кошкондо, Цахиагийн Элбегдорж 29 уул-кызды тарбиялап келет. 

БАРМАК ИЗИ МЕНЕН ДОБУШ БЕРҮҮ 

Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Монголдор 24 миллион доллар коротуп, көп талаш жаратуучу процессти электрондук добуш берүүгө өткөрүшкөн. 

Шайлоочу участокко келип, атайын жабдууга бармагын коёт, анын изи аркылуу биометрдик маалымат аныкталып чыгат. Чоң экранда бул адамдын паспорту көрсөтүлүп, эгерде буга чейин ал кайсы бир жерде добуш берсе, үн белги чыгат. Баары жайында экени такталса, ошондо гана колуна бюллетень карматылат. 

Электрондук шайлоо процесси жыйынтыкты эң кыска убакыттын ичинде эсептеп берүүгө жөндөмдүү. “Карусель болуп кетти”, “урнага ашыкча бюллетендерди салып жиберди”, “туура эмес эсептелди” деген дооматтарга да чекит коюлат. 

ЖЕЗДИН МЕКЕНИ 

Сапарыбызда Улан-Батор менен чектелип калбай, Гоби чөлүнүн түштүгүндө жайгашкан “Ою-Толгой” кен казып алуу компаниясы менен тааныштык. Учакта бир сааттай жүрүп жеткен Гоби чөлү элестеткенибизден салкын болуп чыкты. 

Жез менен алтындын эң чоң кендеринин бири Ою-Толгой – “бирюза дөңү” деп которулат. Андыктан баалуу бирюза ташы дагы көп кезигерин айтпаса да түшүнүктүү. Компаниянын өкүлдөрү “кендин запасында 30 миллион тонна жез, 1 миң тонна алтын бар” деп билдиришти. Аны “Rio-Tinto” компаниясы иштетип, “Ою-Толгой” долбоорунун 66 пайыздык акциясына кожоюн. Ал өндүрүштөн пайда алууга жетише элек болсо да, долбоорго 7 миллиард доллар короткон. Компанияда 14 миңдей кызматкер иштейт. Бирок кенди казып алуу ишке киргенде алардын саны дагы көбөйөт. 

Маалымат үчүн: Монголиядагы баалуу таштар менен пайдалуу кен бир триллион долларга чукул бааланат. Тоо-кен өнөр жай тармагындагы жогорку көрсөткүчтөр аркылуу Монголиянын экономикасы акыркы он жылдын ичинде он эсеге өскөн. Баш-аягы 50дөй кен жайларында 50 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. 

Улан-Баторго конорго аз калганын айткан учкучтун жарыясынан кийин иллюминатордон астейдил ылдыйга көз чаптырдым. Асманда айланып Кыргызстанга эле кайткандаймын, жапжашыл жайыттар менен жумурткадай боз үйлөр. Биринчи көрүнүштөн “биздин өлкөнүн эле көчүрмөсү го…” дегеним менен, 6 күнгө созулган сапардан кийин терең жаңылганымды билдим. Дүйнө ушунусу менен кызык тура, билгенибизден билбегенибиз көп. 

Расмий тили – Монгол тили. Калкынын 95 пайызы ушул тилде сүйлөшөт. 

Борбор шаары – Улан-Батор. 

Башкаруу формасы – Парламенттик Республика. 

Аянты – 1 миллион 564 миң 116 чарчы чакырым (дүйнөдө 18-орунда). 

Калкы – 2 миллион 754 миң 685 киши (2010-жыл). 

Дини – Буддизм (калкынын 94 пайызы) жана ислам, христиан диндери. 

Валютасы – Монгол тугриги (учурда КРУБнын курсу боюнча 1 тугрик орточо эсепте биздин 3 тыйынга барабар). 

ДИНОЗАВРЛАР КӨП ТАБЫЛАТ 

Эгерде палеонтологияга (жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн казылып алынган калдыктарын изилдөө) кызыгып жүрсөңүз, түз эле Монголияга сапар алыңыз. Бул өлкөдө динозаврлардын бала-чакасы менен кошо сөөктөрү табылган учурлар көп. Андыктан биздин биринчи күнүбүз Улан-Батордо жайгашкан Жаратылыш музейинен старт алды. 

Жупуну көрүнгөн музейдин ичинде бою 14 метрге жеткен тарбозавр орун алган. Бөлмөдөн бөлмөгө кызыгуу менен кирип жатып, кантип тарбозаврдын тушунан чыкканымды байкабай калып, саамга өзүмдү “Музейдеги түн” тасмасындагы кичинекей балага окшоштуруп жибердим. Бул жырткычтын жашы 70 миллион жылга чукул, салмагы 2-3 тоннанын тегерегинде, археологдор 1955-жылы табышкан. Тарбозаврдын таасири ошончолук, андан кийинки мамонттор, динозаврлардын жумурткаларын, таштай катып калган даракты биринчи жолу көрсөм да, кадыресе көрүнүштөй туюлду. 

ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ КЕЧИЛДЕР 

Монголдордун көпчүлүгүнүн тутунган дини – буддизм. XX кылымдын башында өлкөдө 750дөй чоң жана чакан монастырлар болуп, дээрлик ар бир үчүнчү эркек кечил болчу. 

1921-жылы Монголияда Элдик революция өтүп, 1930-жылдардын аягында динге каршы кампаниянын негизинде монастырлар жабылып, кээ бири талкаланып, кечилдер куугунтукка алынган. 

Сапарыбызда ыңгайы келип Монголиянын эң чоң монастырларынын бири – Ганданга келдик. Учурда Гандан монастырында 100дөн ашуун кечил жашайт. Ошондой эле 1970-жылдан бери Монголиядагы эң ири диний окуу мекемеси болгон Будда университети да ушул жайда жайгашыптыр. 

КАРЫШКЫРЛАРГА КЫРГЫЗ ЭЛЕ АТААНДАШ ЭМЕС 

Азил-чыны аралаш “дүйнөдө эт жемей боюнча кыргыздар экинчи орунда, биринчиликти карышкырга бошотуп беришкен” дейт эмеспизби. Бул тамаша Монголияда талашты жаратчудай. Анткени алар күнүнө үч маал эт жеген калк. Калкынын саны 2,8 миллиондун тегерегинде болсо, төрт түлүк малдын саны 60 миллиондон ашат. Короосунда 500 кою бар адамды жакыр дешкени бизди аргасыз жылмайтты. 

Кайсы кафе-ресторанга баш бакпаңыз, этсиз жасалган тамакты табуу оор. Монголдор бизге окшоп шорпону катыра кайнатып, этти былкылдатып бышырышат экен. Аба ырайы да таасир береби, эмнегедир кой, уй, жылкынын эти даамдуу, ширелүү сезилип жатты. 

Эң кызыктуусу, Бишкекте түнкү жашоо 11ден кийин башталса, Монголияда түнкү саат 11ден кийин официанттар жылмайып туруп эле кафенин босогосунан ары өткөзбөй коюшат экен. Түндө кафе, ресторан, сыра куюлуучу жайлар жапырт жабылат. Дүкөндөргө кечки 9дан тартып алкоголдук ичимдиктерди сатууга да тыюу салыныптыр. 

ЭКИ АЯЛ АЛУУ МОНГОЛДУН ТҮШҮНӨ ДА КИРБЕЙТ 

Бүгүн “кыргыз байыса, катын алат” деген сөздүн өкүм сүрүп турган доору. Кыргыздарга абдан окшош келген калктын бул жаатта пикирин билүү кызык болуп, монголдордун эркектеринен “экинчи аял аласыңарбы?” деп сурадык. Алар алгач көздөрүн бакырайтып, анан “андай көрүнүш бизде жок. Монгол аялдарынын кыялы чатак, мындайга жол бербей калышсын. Эркиндикти сүйгөн көчмөндөрдүн аялдары оңой менен баш ийип калчулардан эмес” деп жооп беришти. 

Монгол жаштарынын кимисин караба, биздин жаштар сыяктуу эле уюлдук телефонун чукулап, интернет айдыңында сейилдеп жүргөнү жүргөн. Көңүлдү бурдурганы жаштардын жалпы жонунан англис тилдүү экендиги болду. 

АТЧАН ГИГАНТ – ЧЫҢГЫЗ ХАН 

Дүйнөлүк тарыхта Чыңгыз хандын империясы эң ири болуп жазылган. Ага Жер планетасынын жалпы аянтынын 22 пайызы, 100 миллиондон ашуун киши баш ийип турган. Чыңгыз хан бийлеп турган XIII кылымда жер жүзүндө 300 миллиондой гана адам жашачу. Империя батышынан азыркы Польшадан чыгыштагы Кореяга чейин, түндүгүндө Сибирден тартып Вьетнамга чейин созулган. Албетте, мындай мейкиндиктин кожоюну – Чыңгыз хандын ысымы адамзатынын тарыхында алтын тамгалар менен калды. 

Монголия туристтерди кызыктыруунун амалын дал ушул Чыңгыз ханга байланыштырат. Улан-Батордон машинада бир сааттык жол жүрүү менен Чыңгыз ханга арналган дүйнөдөгү эң чоң атчан статуяга жетип келдик. Уламышка ылайык, дал ушул эстелик жайгашкан жерден баатыр алтын камчы таап алган экен. Статуянын бийиктиги – 40 метр, ылдыйында 10 метрдик постаменти да бар. 250 тоннадан турган эстелик эки кабаттан туруп, галерея, сувенир сатуучу дүкөндөрү, музей, ресторандар жайгашкан. Кууш коридор аркылуу дагы бир кабатка көтөрүлсө, Чыңгыз ханды жакындан, тагыраагы, маңдайынан көрүүгө болот. 

Сөз менен жеткирүү кыйын болушу мүмкүн, көзмө-көз келгенде эстелик бизди багындырды. Тамшанган бойдон “кана, бизде да Манастын ушундай статуясы курулса…” деп калдык. 

САБАК АЛСАК БОЛОТ 

Сапарыбыз аяктаарда Көчмөндөр күнү өтүп, президент баш болуп, министрлер, депутаттар, элчилер, жөнөкөй жарандар төш болуп, улуттук кийим менен көчөгө чыкканына күбө болдук. 

Көпчүлүк Монголия десе дале боз үйдөн чыга элек, артта калган өлкөнү элестетет. Борбор шаарынан сырткары аймактарда эле мал-жанына карап боз үйдө жашабаса, Улан-Батордун ар бир көчөсүндө курулуш кайнайт. Жаш бүлөлөргө жылына 6 пайыздан турган ипотека сунушташып, ага макул болбосо, бийлик ар бир жаранга 700 чарчы метрдик жер тилкесин бекер берет экен. 

Ары-бери карагыча 6 күнүбүз да өтүп, жашыл жайыттуу Монголиядан бийик тоолуу Кыргызстанга түз каттам менен 4 сааттын ичинде кайтып келдик. Бишкек-Улан-Батор-Бишкек

Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»