Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

17.11.2012

Отунбаева: БУУдан биздин да үн жаңырат

Мурдагы президент Роза Отунбаева Кыргызстандын БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчөлүккө шайланышынын мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду. 

- Роза айым, Кыргызстан БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болуп шайланды. Мындай чечим 8-ноябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды. Сиз Улуттар уюмунун ички түзүлүш саясатын билген адам катары айтсаңыз, бул жаңылык Кыргызстанга, кыргыз элине кандай артыкчылык берет? 

- Кыргызстан мындай жогорку позицияга БУУнун Башкы ассемблеясында, башкача айтканда 200дөн ашуун өлкөнүн добушу менен өттү. Бул абдан кубанычтуу жаңылык. 

20 жылдан бери Кыргызстан биринчи жолу БУУнун эң кадыр-барктуу бөлүгүнө мүчө болуп отурат. Ал жерден биз “Миң жылдыктын максаттары” деп аталган эң маанилүү максаттарга кантип жетебиз деген суроолорду анализдөөгө катышып, аны башка өлкөлөрдөн үйрөнөбүз. 

Биздин өлкөдө энелердин жана балдардын өлүмү, жугуштуу оорулар көп болуп жатат. Биз ошол кеңеште болуп, мына ушул маселелерди чечүүдө жакшы тажрыйбага ээ болобуз. 

Ошол эле учурда биз былтыр БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүккө өтө албай калдык. Бирок бул биз үчүн чоң даярдык, тажрыйба, сабак болду. Анда 189 өлкө менен иштеп, аларды ынандырууга аракет кылганбыз. Мындай чечимдер жөн эле, автоматтык түрдө кабыл алынбайт. Алар менен сүйлөшүп, көндүрүү зарыл.

Буга кошумча болуп эле быйыл Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде төрагага орун басар катары өз ишин аяктап жатат. Биздин элчилер дал ушундай татаал иштерди аткарууга деңгээли жетип калды. Маселен, бир жыл ичинде эмне жасадык, кандай жасадык деп биздин Швейцариядагы элчибиз Гүлнара Искакова дүйнөлүк коомчулукка айтып берди.

Азыр болсо Нью-Йорктогу элчи Таалай Кыдыровдун зор аракети менен мына ушундай жыйынтыкка жетип отурабыз. Мен биздин элчилердин деңгээли кыйла өсүп, Кыргызстанда кадыр-барктуу уюмдарга мүчө кылып, бизди сүйүндүрүп жатканын белгилегим келет.

- Сиз ушул аптада Австриянын Грац шаарындагы Борбор Азиядагы аялдардын учурдагы укуктарына, абалына арналган эл аралык жыйынга катыштыңыз. Жыйындын демилгечиси экениңизди да айтсак болот. Ал жыйында Борбор Азиядагы аялдардын орду кандай бааланды?

- Бул жыйынга Борбор Азиядагы беш өлкөдөн тең аялдар, кыз-келиндер келишкен экен. Мени сүйүнткөнү – Кыргызстандан эле Грацк университетинде 15 кыз-келин окуйт экен. Немис, англис тилдерин билген, сабаттуу, татынакай кыз-келиндер экен. Катышкан өлкөлөр арасынан эң көп биздин докладдар окулду.

Европа кеңешинин Борбор Азиядагы элчиси Патриция Флор экөөбүз да 45 мүнөттөн аялдардын абалы – азыркы экономикалык өнүгүүнүн күзгүсү деген мааниде доклад окудук. Бизде болгон көйгөйлөрдү айтып берип, аларды кантип чечүү керек, эл аралык коомчулуктун кызыгуусу жана жардамы кайсы жерде болуш керек деген маселелерди талкууладык.

- Учурда Кыргызстанда аял саясатчылар аз эмес. Бирок үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан, кулчулукка сатылып кеткен аялдар андан көп. Сизге окшогон аял лидерлер жалпы эле Борбор Азиядагы абалын, укуктарын жакшыртууга кандай салым кошо аласыңар?

- Биринчиден, бизде мыйзамдар туура болуш керек. Мына Жогорку Кеңеште каралып жаткан ала качууга каршы мыйзамды биз баарыбыз, жалпы эле кыргыз коомчулугу туура деп эсептейт. Мына бизде парламенттин 25 пайызын аялдар түзүп жатат. Жакында шайлана турган жергиликтүү кеңештерде да аялдар өтөт деп үмүт кылып жатабыз. Аялдар көбүрөөк шайланса, алардын маселелерин чечүүгө аракет кылат деп ишенебиз.

- Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешине мүчө болгон соң, ушул жаатта көбүрөөк долбоорлор ишке ашат деп ишенсек болобу?

- Сөзсүз. Биздин муунтуп жаткан жумушсуздук, миграция, жакырчылык көйгөйлөрү, аялдарга болгон зомбулук, жугуштуу оорулар, экологиялык деградация боюнча дүйнө жүзүндөгү беш континенттен ар кандай кызыктуу, эффективдүү тажрыйбалар келет. Биз ал борборго жакын турабыз. Биздин да үнүбүз угулат. Керектүү тажрыйбаларды чогултабыз. Ошол жерде сабаттуу, түшүнө турган адамдар иштесе, бизге пайдасы абдан эле чоң болот.

- Кызыктуу маегиңизге рахмат!

Азаттык уналгысы

Акыркы жаңылыктар

13.09.2019

«Гений» радиоберүүсү: Балдарды мектепке туура даярдоо боюнча кеңеш

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында балдарды мектепке туура даярдоо жөнүндө сөз болду.   Жаңы окуу жылы башталаарда, айрыкча 1-класска бара турган баланы психологиялык жактан даярдоо керектигинин маанилүүлүгү жөнүндө Бишкек шаарынын №69 окуу тарбия комплекс-гимназиясынын психологу Абдужапарова Элиза, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын ...
09.09.2019

Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун ...
09.09.2019

Жаңы конушка жаңы воркаут аянтча

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ылайыкталган воркаут аянтча ачылды. Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук ...
05.09.2019

Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.   Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө ...
05.09.2019

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын   2019-жылдын сентябрына   иш-чараларынын дайджести 5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура ...
04.09.2019

Рухий-Мурас конушунда воркаут аянтча жана жаштар үчүн борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкек шаарынын Рухий-Мурас жаңы конушунда жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын жана жаштар үчүн борбордун ачылышы болду.   Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.   Конуштун тургундары ...
01.09.2019

С.Жээнбеков менен Р.Отунбаева - Көзкарандысыздык күнүн майрадоодо тартылган кадрлар

31-августта, Көзкарандысыздык күнү, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева, парламенттин спикери жана Кыргызстандын Премьер-министри Кыргызстандын Көзкарандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу салтанаттуу аземге келди, ал Ала-Тоо аянтында өттү.   Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Көзкарандысыздык күнү менен куттуктады жана көзкарандысыздык менен эркиндик – коомубуздун башкы ...
30.08.2019

Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү. Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана ...
22.08.2019

«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.   Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, ...
21.08.2019

«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.   Чет тилдердин маанилүүлүгү, ...
21.08.2019

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү. Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»