Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

16.02.2019

Роза Отунбаева: Капчыгы калыңдардын көзүн кызарткан тарыхый жайлар

Биз Кыргызстанда жашагандар, өз өлкөбүзгө, шаарыбызга, айылыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбызды көрсөткөнгө сараңбыз. Өзүнүн жашап турган жерин, көчөсүн, шаарын бьютификациялоо, сөзмө сөз айтканда, «кооздондуруу» ишин көптөгөн өлкөлөрдө жигердүүлүк жана кылдат табит менен жасашат жана анын баары бизге көздү кубандыргыдай кооз, камкордук менен каралганын байкоого болот. Талаш жок, бизде деле анча-мынча иштер жасалып жаткансыйт, бирок мунун баарын жүз эсе жакшылап жасоого да болот эле!


Муну жасоо үчүн сөзсүз эле «ишембилик» уюштуруунун кажети жок. Пландаштырганды үйрөнүп, план-идея ойлоп таап, анан каражат чогултуп, аны ишке ашыруу гана керек! Менимче, Көркөм өнөр Академиясындагы, КМКТАУдагы, Славян Университетиндеги, Сүрөтчүлөр союзундагы биздин чыгармачыл күчтөрдү, архитекторлордун, дизайнерлердин даремети туурасында ойлоном, мына ушундай чыгармачыл топторго жана жамааттарга, студенттерге, аспираттарга жаңы, ири турак-жай комплекстерин, бизнес-борборлорду, мектептерди, университеттерди, балдар бакчаларын, ооруканалдарды, ресторандарды кооз көрсөтө турган кичи архитектуралык формаларга, көчө айкелдерине, стрит-арттарга сынак жарыялоо зарыл.


Эркиндик проспектисин алалы, бул борбор калаанын күзгү көчөсү эмеспи. Бизге келген туристтер адегенде эле бардык кадыр-барктуу туристтик маалымдамаларга кирген мына ушул гүлбакты көргөнгө ашыгып турушат. Бир нече байлар бул жерге жана анын тегерегине көп кабаттуу менчик үйлөрдү тыгып салышып, пайдага марышты, бирок имараттардын сырткы эстетикалык жасалгасына сокур тыйын да коротуп коюшкан жок; алар гүлбакка капталы менен же бет маңдайлаша, же бир өзгөчөлөнгөн көркү жок, же эстетикалык табиттен куржалак, ирети башаламан тизилип турушат. Гүлбакта сталиндик доордон калган, архитектуралык жана тарыхый мааниси бар үйлөрдү санай келсең, он манжаң бүгүлбөйт. Алардагы батирлер эчак менчиктештирилип кеткен, башкача айтканда, булар жалпы ээлик кылуучулар болгону менен тургундар үйлөрдүн сыртын жаңыртуу боюнча эч бир тил табыша албай келишет.


Мындагы батирлер ыңгайлуу учур келип калса, негизги акционер боло калайын деп жанталашкан бир ууч адамдар тарабынан тымызын сатылып алынууда. Кебетесин карап, көркүнөн ажыраган бул үйлөр жатса-турса аларды жексен кылып, ордуна кунары жок көп кабаттуу үйлөрдү кура калсам деп дегдегендерди бурч-бурчтан тимеле магниттей өзүнө тартып турганы. Жергиликтүү бийлик ымала таап, жазга карата ушул эски үйлөрдүн тургундарын имараттардын сыртын тартипке келтирүүгө мажбурлоосу керек. Биз билгенден, шаардын борбору боюнча кайтарууга алынган аймак бар, ага тарыхый жана архитектуралык жактан баалуу имараттар кирет; бул аймак негизи бүгүнкү күндө санариптештирилүүгө тийиш: кайсы жерде эмне курулуп жатат, кандай курулууда, бул аймактагы жерди берүү канчалык ачык-айкын, баары түшүнүктүү болууга тийиш. Бул шаардын тарыхый борбору, бул жерде мамлекеттин тарыхына жазылган, улуттун жүзү болгон инсандар жашап, иштешкен. Бизде башка тарыхыбыз жок; барган сайын шаар жыбыраган көп кабаттуу үйлөргө толо берсе, бул имараттардын, орун жайлардын баасы да ошончолук жогорулай берет. Дзержинкада бир кезде гүлбакты бойлой жашаган биздин улуу жазуучуларыбыз, артисттерибиз, окумуштууларыбыз, сүрөтчүлөрүбүз, мамлекеттик ишмерлерибиз, кол башчыларыбыз сейилдешкен, өлкөнү өнүктүрүү идеяларын талкуулап, келечек пландарды курушкан. Бизде азыр ар бир университетте тарых факультеттери бар, андыктан эмне үчүн студенттерге билген адамдардын жетекчилигинде бул жерде кимдер жашаган, эң эле көрүнүктүү үйлөрдүн, жайлардын, окуу жайларынын тарыхы кандай экенин тактап, гүлбактын тарыхын түзүүгө болбосун.


Мындай иштерди шаардын, айрыкча борбордук бөлүгүн өздөштүрүүдөгү жапайычылыкка жана кайдыгерликке каршылык жасоо керек. Мына ошондо гана мурдакы Интурист – «Ала-Тоо» мейманканасы сыяктуу эстелик жайлар акырын билинбей жок болуп кете бербейт. Шаардын генпланы боюнча Башкы китепкана жана Улуттук университеттин окуу корпустары салынуучу жерлерге башка курулуштар түшпөйт. Борбордун чок ортосундагы биздин тарыхый инсандар жашап, иштеген үйлөр да жок кылынбайт. Биздин мекендештерибиз — ишкерлер жана соодагерлер, спортчулар, артисттер, студенттерибиз жана жумушчу-мигранттарыбыз көптөгөн борбор калааларда болушкан, планетанын туристтик жайларына нечен ирет барышкан! Ал жактагылар ар бири өз өлкөсүндөгү тарыхты аздектеп, алардын өтмүшү туурасындагы маалыматтарды камтыган ар бир үйдү, кварталды, эстеликти сактап калышканын көрүшкөн. 20 жана 21-кылымдагы заманбап курулуш өнөрүнүн үлгүсү Сингапурда дээрлик ар бир имарат дүйнөгө аты чыккан архитекторлор тарабынан курулган, ошондой эле бул жерде учурда сейилдөөчү, шам-шум этип же соода кыла турган жайларга айланган, адамдар жүздөгөн жылдар бою, жаңы мамлекет түптөлүп жаткан кыйын кезеңдерде жашаган эски тарыхый кварталдар абдан популярдуу болуп саналат.


Ал жердегилер кичине эле бир жагына кыйшайып калган үйлөрдү деле кастарлап, катуу иштеген мыйзамдар боюнча коргоп, алардын баштапкы келбетин бекемдеп карап турушат. Мындай кварталдарда жашаган абдан мартабалуу эсептелет, ал жакка туристтер да качан караба, агылганы агылган; албетте, айнек менен чылгый бетондон курулган үйлөрдөн тажашаары менен туристтер жерге ыктап турушат, адамдардын жашоосун алардын өз оозунан уккусу келет. Бизге жакын эле турган Кашкарда деле ошондой: эски кварталдар баштапкы кооздугу, түркүн-түс боёктору кандай болсо, дал ошо калыбында сакталып калган; адамдар жашаган турак-жайлар, алардын турмуш-тирлиги Кытайга жол тартып бараткан туристтердин кызыгуусун ойготпой койбойт.


Биздин совет доорундагы маданият министрлигин башкарган атактуу эжебиз Күлийпа Кондучалова Республикалык маданий эстеликтерди коргоо коомун дээрлик 30 жыл бою башкарган акыркы адам болду. Эми бул ишти эч ким жүргүзбөй калды! Бүгүнкү сыноолорго Маданият министрлигине караштуу маданий эстеликтерди коргоо боюнча кичинекей инспекция жооп бере алабы?!


Бизде учурдагы бири-бирине көз каранды болгон дүйнөдө экологиянын өзгөчө маанилүүгүнөн улам ондогон экологиялык уюмдар, жаратылышты коргоо коомдору бар, алар сырттагы донорлордон ири колдоо алып турушат. Бирок маданий эстеликтерди коргоо ар бир өлкөдө анда жашаган улуттун, абийирине жана акылына жараша болот. Биз өзүбүздүн улуттук таандыгыбыз үчүн кандай жан аябай күрөшүп жатабыз, өз баалуулуктарыбызды ЮНЕСКОнун баалуу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктардын Дүйнөлүк Барагына киргизүүгө арактет кылабыз! Бирок биздин эстеликтерибизди ЮНЕСКО коргоп бере албайт, коргобойт да. Биздин эстеликтерди талкалап же аларга акаарат келтирип жаткан манкурттарды табуу, алар менен күрөшүү, аларды ордуна коюу, мээлери кургап калганын көзүнө сая көрсөтүү ар бир өлкөдө коомчулуктун, интеллигенциянын, жаштардын жана ардагерлердин милдети болууга тийиш. Россияда, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө эски эстеликтерди коргоо менен алектенген бейөкмөт уюмдар көп, биз болсо капчыгы калың бирөөлөр ар кандай караңгы жолдор менен ата мекендин тарыхы жасалган ыйык жерлерге өз курулуштарын куруп жатса да лам деп ооз ачалбай турабыз.


Шаардын борборунда шаар куруунун стандарттары, имараттардын бийикти, алардын эстетикалык көрүнүшү сакталып, белгиленген чектен чыгып бараткандардын кылтагын тартып туруу керек экени анык. Эстеңиздер, мындан бир нече жыл мурда бүтүндөй Санкт-Петербург шаардын тарыхый борборунун фонуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга ниеттенген “Газромго” каршы тикесинен тик тургандар чыкты эле! Баса, анын курулушун биздин жаман аты менен белгилүү жердешибиз Танаевдин жетекчилиги менен курууга бел байлашкан! Муну петербугдуктар патриотизмин, өз тарыхына, шаарына болгон сүйүүсүн, коомчулуктун ар кандай тарыхый доорлордо жогорку кесипкөй билим жана архитекторлордун практикасы, усталар жана шаардыктар тарабынан калыптанган кынтыксыз эстетикалык табитин көрсөткөн классикалык учур деп койсо болот. Анткени ал жакта бирдиктүү калк – петербургдуктар жашайт жана алар өз шаары үчүн тикесинен тик туруп беришет!


Бизде болсо шаар тургундары канчалык нараазыланганы менен көп кабаттуу жаңы үйлөр тоо тараптан келчү желди тосуу менен курулуп жатат. Париждин, Барселонанын, Мадриддин, Европанын жүздөгөн башка шаарларынын усталары менен тургундары буйрутмачылардын иштерин аткарып, 4-5 кабаттуу тамдардын арасынан көп кабаттуу жаңы үйлөрдү куруп жаткан крандардын соройгон баштарын кеп кылып айыпташкандары – биздин архитекторлордон кем акылдыктарынан улам болбосо керек. Шаардагы абанын бузулуп баратканын бүгүн капарыбызга албаган күндө да, жакынкы он жылдын аралыгында борбор калаанын чок ортосунда жашаган адамдар кандай турмушка тушугат? Биздин балдар мындай шаарда калып жашагылары келеби? Маалым болгондой, Шаар кеңешинде ири курулушчулар менен алардын өкүлдөрү чогулуп алышкан, бирок азыр кеч болуп кала электе балким, ЖК шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдү басып алуучулук күчөп баратканын, шаар абасын тазалоо, эреже бузгандарга карата аёсуз чараларды көрүү туурасындагы бул маселени карап чыгаар?


Киев-Тынстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан «Байташ» деп аталган көп кабаттуу үйдү карап көрүңүздөрчү. Ал ушул жазда пайдаланууга берилмекчи. Бул монстр-үй тегерегиндеги эки-үч кабаттуу жалпак тамдарды баса сороюп чыккан төбөсү чыныгы архитектуралык башаламандыкты көрсөтүп турат. Үйдү рекламалаган сүрөттөрдө үйдүн бир нече ылдыйкы кабаттарында оюн-зоок жана соода мекемелери, үстүңкү кабаттарда болсо кеңселер жайгашаары жазылган. Бул үйдө 150 батир бар. Бирок имараттын астындагы үч даражалуу паркингдер болот дегенине карабай, биринчи кезекте жашай турган тургундар үчүн машине коюучу жайлар ачык эле жетишсиз! «Байташ тауэр» дүкөндөргө келчү адамдардын, кеңседе иштегендердин машинелери коюла турган жайларды кантип чечет?! Үй ээлери болсо – эң эле көйгөйлүү транспорттук, социалдык маселелерди чечүү жагын шаарга оодарып коюшкан. Көп жылдык бактарды кыйып салышып, миллиондогон гранттарга кеңейтилип оңдолгон Тыныстанов көчөсүнүн эки тарабы азыр эле аны машине коючу жай катары пайдалангандардын авто-унааларына толуп калган, ошондуктан кеңейтилгенине карабай, айланып келип эле баштапкы эки тилкелүү жолго айланып калган.


Анда чатак чыгаруунун эмне кереги бар эле? Эмне үчүн менчик үй куруучулар жаңы үйлөрдүн гараждарына акча жумшагандан качып, коомдук мейкиндикти акысыз пайдаланып жатышат? Буга ким жоопкер? Мэриябы? Шаардык архитектурабы, райондук бийликпи? Элиталык үйлөр курулуп жаткан шаар борборундагы бардык жерде мына ушундай көрүнүш. Шаардагы турак-жайларда гараждарды соода жана башка бизнес түйүндөрдү эске алуу менен курууга тиешелүү инвестицияларды талап кылган документтер барбы?! Ал жок болсо, анда бул үйлөрдүн кожоюндарынан шаардын инфраструктурасын чыңдоо үчүн капиталдык салымдарды кайтарып алуунун механизмдерин иштеп чыгуу керек. Биз, шаардыктар, шаар бийлигинин бул багыттагы бардык күч-аракеттерин колдоого алууга даярбыз.


Роботтор эмес, адамдар жашаган шаардын борборунда мындан да олуттуу курч маселелер бар: балдарга билим берүү боюнча тейлөөнүн теңи гана камсыздандырылууда! Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу толугу менен жүрүп, мектептерге, бала бакчаларга, поликлиникалардын жерлери жаңы мейманканалар менен дүкөндөр үчүн тартылып алынып жаткан “алтын чарчыда” мектептердин, бала бакчалардын, поликлиникалардын өтө тартыштыгы келип чыкты. Өзүбүздү өзүбүз алдабай айталычы, ар бир класста 50-60 бала окуган мектепте билим берүүнүн кайсы сапаты туурасында кеп болушу мүмкүн? Ошол эле “Байташта” жашай турган балдар кайсы мектепке же бала бакчага барышат? Билип коюңуздар, аталган үйдүн тушундагы №24 мектепте долбоордогу 860 окуучунун ордуна учурда үч жарым миң окуучу окуп жатат! №6 жана жакын жайгашкан башка мектептерде деле абал ушундай, балдардын саны 3-4 эсеге көп! Бала бакчаны болсо мэр ушул көчөдөгү 2010-жылы күйүп кеткен Биринчи май райондук Салык инспекциясынын ордуна куруп берем деп убада кылган бакчаны күтүңүздөр. Башка жакын жердеги бала бакчалар да 3-4 эседен кем эмес толуп турат. Демек, “Байташтын” кожоюндары бул участкадагы жашоону өз билемдиги менен тарытып, өзүлөрүнүн гана тургундарын жазалабай, кварталдын тургундарын да, шаарды да жазалашат турбайбы. Жаңы үй пайдаланууга берилген соң 24-мектепке жакын жайгашкан көчөлөрдө элдин кыймылы көп болгон сааттарда эмне болорун элестете бериңиздер. Шаардын борборунан бир үзүм болсо да жер алып калган ар бир үй ээси ага көп кабаттуу үй куруп, ичине мүмкүн болгон соода жана оюн-зоок жайларын каалашынча тыгып жатат, аны токтоткон эч ким жок!


Шаар куруудагы мындай «чыканак сынчу» жерлерге көз жуумп койгон шаардын архитектуралык кызматы өз чечимдерине жооп берүүгө милдеттүү. Бул кызматтын жумушу шаардыктарга жакын болууга тийиш: шаардын бүгүнкү архитекторлору кимдер, борбор калаанын жүзүн калыптандыргандар кимдер? Шаарды деталдуу пландаштыруу, жаңы кварталдарды жана коомдук курулуш жайлар боюнча азырынча байкалбай өтүп жаткан талкууларга шаар тургундарынын кеңири чөйрөсүн тартуу керек жана ал маселелердин кандай чагылдырылаарын биз ЖМКлардан күтүшүбүз керек. Жаш активисттердин күчү менен шаардын өнүгүүсүнө кайдыгер эмес шаардык аянтты — Urban Hub түзүү жөнүндөгү кабар кубантып турат. Демек, сүйлөшүү дагы болот, демек бул башталышы гана!


Жаштар бул шаарда ушул кылым ичинде жашашы керек, ошондуктан алардын демилгесине береке: мезгилдин учкулдугу, жана техникадагы ойго келбеген инновациялар, көз көрүнөө өзгөрүлүп жаткан реалдуулук ой жүгүртүүдөгү ийкемдикти, терең билимди, балдардын, жаштардын арасында бизди дүйнөдө атаандаштыкка жарамдуу өлкөгө айландыра турган шык-жөндөмдөрүн өстүрүүнү талап кылат. Чөйрө ой жүгүртүүнү талап кылат. Ой жүгүртүү жаңы парадигмаларды жаратат. Өткөн аптада Улуттук опера жана балет театрында киберспорт боюнча өткөн мелдештер чуулган жаратып, жарандарды эки жээк кылып бөлүп койду, бир бөлүгү бул эмне деген шумдук деп айыптап чыкса, экинчиси мунун эмне жаман жагы бар деп колдоп чыкты.


Спортчулар менен уюштуруучулары өзүлөрүнө таң бериш керек, алар коргонуп атып, коомчулукка спорттун ушул түрүн түшүндүрүп коюшту. Муну алар азыр эмес, жарым жыл мурда жасашы керек эле! Мен мындай мелдеш театрдын имаратында өткөнүнөн эч кандай коркунучтуу нерсени көргөн жокмун. Бул жаңы реалдуулук. Баарынан да бул театрга бир басып келбей туруп, өлкөдөгү опера же балет өнөрү эмне болуп атканы менен түк иши жок бирөөлөр искусствонун бийиктиги туурасында кеп урса – күйбөгөн жериң күл болот. Мындайлар искусствонун абдан кымбат турган бул түрлөрү биздин мезгилде кантип жан багып атканы туурасында олуттуу ой жүгүртүшпөйт деле. Опера менен балет – бай, өнүккөн коомдордун ышкысы – алар аз эмес каражатты талап кылат, бизде болсо аларды өнүктүргөнгө бюджеттик каражаттар таптакыр жетишпейт. Маселен, Берлиндеги “Дойче опера” Германия өкмөтүнүн салмактуу бюджетинин эсебинен гана эмес, опера сүйүүчүлөрдүн ыктыярдуу коомдорунун, өлкөнүн колунда бар жарандарынын эсебинен да кармалат. Театр директору К. Осмоновдун ремонт жасап, театрга алыстан жылдызы жанган артисттерди чакырып келип жатышы Бишкектеги театр турмушун кыйла жандантты жана бул демөөрчүлөрдөн чогултулган каражаттарга жасалып жатканы түшүнүктүү. Мындай ишти аткарып жатканы үчүн директорду кызматынан алып салуу келесоолук! Киберспорт кепе тамда өткөрүлбөйт, бул спорт дүйнөгө таанымал болуп калды, эми бизге да келип жетти, бул интеллектуалдык оюнда республиканын туусун бийик көтөргөн бизде да оюнчулар бар экен, мунун эмнеси жаман!


Биздин өлкө да кечээ жакында футбол боюнча өткөн Азия чемпионатындагыдай өз оюнчуларына күйөрмандык кыла турган мезгилдер алыс эмес. Өлкөнүн жетекчилиги футболчуларга жана алардын күйөрмандарына Бишкекте заманбап стадион куруп берерин убада кылды! Бул деген чоң сүйүнүч эмеспи! Бирок өлкөдө жана борбор калаада көп профилдүү Конгресс-борбор үчүн зал жок, баса, киберспорттук мелдештерди так мына ошол жерде өткөрсө болор эле. «Аю-холдингдин» башчысы мындан бир нече жыл мурда шаарга ири спорттук жай куруп берем деген эле. Мындай имараттарды куруу үчүн тыштан инвестиция издештин кереги да жок, ички инвесторлор деле табылат. Мамлекеттик жеке курулушту мына ушундай долбоорлорго буруш керек, ачык-айкын ишкер чөйрө түзүү зарыл, анткени бардык кызыкдар тараптар өз пайдасын алышы керек. Мында албетте, коомчулук сынчыл ролду аткарууга тийиш.


Көчөлөрдүн жана имараттардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу туурасында борбор калаада гана эмес, ар бир областтык жана райондук борборлордо айтылууга тийиш. Анүстүнө учурда жакшы потенциал да пайда болду, короолорду, көчөлөрдү парктарды ыктыярдуу тазалоо менен алектенип, ийгиликтүү иштеп жаткан экокыймыл да кол кабыш кылганы келип турат.


Талас областында мен үч жылдан бери жергиликтүү бийлик менен Талас дарыясынын жээгиндеги чыйырды тартипке келтирип, аны шаардан тартып, Бакай-Ата району аркылуу Кара-Буура районуна чейин жөө адамдар жүрө турган ыңгайлуу жөлөк жолго айландыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатам. Ал жерге олуттуу инвестициянын деле кереги жок, күрөк менен гана иштеп коюу керек, мал жүрүп калган ошол жолчону тартипке келтирип, туристтер, жөө адамдар, жаш, кары дайра жээктеп жүргүдөй кылып, балык уулап, козу карын, чөп терчү жерге айландыруу керек. Бара-бара ал жерде машине коюучу жайлар, кафе, прокат пункттары, конок тоскон үйлөр пайда болот. Адамдардын табити, кызыккан иштери тездик менен өзгөрүүдө, айылга эми адамдар конокко, майрамдарга же жакшылык жамандыкка гана келбей, жөн гана таза абадан дем алып, активдүү эс алуу үчүн да келе башташты. Бул тур Таластагы туризмдин ачкычы болуп калат, келүүнү каалагандарды республиканын бардык булуң-бурчунан, ошондой эле Тараз менен Чимкенттен келчү туристтерди да тартат. Таластан Манастын күмбөзүнө чейинки чыйыр жолдон баштаса болот, адамдар ушул жазда жана жайда эле ал жакка жөө каттап башташмак. Бирок ал жакта буга азырынча анча куштарланбай турушат, кеп салып, бири бирин үгүттөп жатышат…


Ал ортодо Ошто Ак-Буура дайрасын жээктей сейилдөөчү чыйыр жол курууну көздөп жатышканы туурасында кубанычтуу кабарды уктук. Бул сөзсүз шаардын көркүн гана чыгармак. Аймактарды өнүктүрүү туурасында сөз кылганда мен мындай суроо коём: өлкөнүн ар бир шаарында тургундарды шыктандырган, аларды шымаландырып, өлкөнү жагымдуу, кооз кылууга умтулган кыймылдарга кошо турган долбоорлор бар болду бекен?


Первоисточник
Перевод

Акыркы жаңылыктар

22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Игорь Шелике: Мугалим үчүн биринчиси жана башкысы - окууга өзүнүн даярдыгы

Вальдорф педагогикасы боюнча Игорь Ильич Шелике менен Бешинчи каналда Нарын Айып менен телеэфир. Педагогдун булар жөнүндө ой дүгүртүүсү: билим берүү деген эмне – фактыларды жөн гана эстеп калуубу же аларды далилдеп жана салыштыра билүүбү:
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»