Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

26.01.2019

Роза Отунбаева: Креативдүү индустрия музейлерден башталат

Туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына 5 пайыздык киреше алып келет, бул чек эмес, башталышы десек туура болчудай. Бийликтин “Ачык асман” жөнүндөгү чечими да буга кол кабыш кылмакчы: кыймылдардын интенсивдүүлүгү көбөйөт, адамдардын, жүктөрдүн ички жана эл аралык каттоолору күчөйт. Бүгүн эле Кыргызстан: кышкысын жана жайкысын кыска мөөнөттүү эс алууну, трекингдерди жана хайкингдерди (узун жана кыска багыттуу жөө туризми), лыжа туризмин сунуштаган ар кандай мартабалуу туристтик рейтингдердин катарына кирүүдө.

 

Азырынча башкы аргумент биздин республиканын жаратылышы, жайгашышы жана орду болууда. Өлкөнүн туристтик рейтингине кошуп жаткан биздин салымыбыз салыштырмалуу түрдө аз: бизди эне-жаратылыш өзү койнунда сактап, мээримин төгүүдө, байлыктарын тартуулоодо, биздин ага карата жасап жаткан терс мамилебизге чыдоодо, биз аны азырынча колубуздан келишинче жана каалаганча пайдаланып иштетип жатабыз.

 

Борбор калаабыз Бишкек бардык көрүнүктүү жайлары менен туризмдин борбору экени анык. Башка өлкөгө келген туристтер адегенде эле музейлерди, тарыхый сепилдерди, мунараларды, дубалдарды издеп киришет: анткени алар бул эмне болгон эл, буга чейин кандай жашоону башынан өткөргөн, бүгүнкү күнгө кантип жеткен, эмне өндүрөт, өз элин кантип багат, кандай өнөрү бар экенин билгилери келет. Биздин борбор шаарыбызда акыркы эки жылда келип жаткандардын алдында уят болбогондой кайсы музей иштеп жатат? Калган музейлердин кайсынысы кандай?

 

Шаарда эс алуу күндөрү шаардыктар үй-бүлөсү менен дилгирленип келе турган көргөзмөлөр барбы? Ал жакта кире бериште кезек күткөндөр көппү? Аны жумушта, басма сөздө, радиодо жана ТВда талкуулашабы деги? Албетте, өлкөдө Көркөм өнөр музейи бар жана анда биздин кылкалем чеберлеринин көргөзмөлөрү тез-тез кезектешип өтүп турат, бул табигый нерсе. Алар өз иштерин коомчулуктун сынына тартуулоо үчүн кезекте турушат, бул сүрөтчүнүн эл менен болгон байланышынын салттуу формасы. Бирок мыкты чоң залы, ар бир кабатында жана тепкичтеринде аянттары бар бул музей башка эч кандай системалык иш алып барбайт!

 

Балдар үчүн да, чондор үчүн да мындай иш жок! Бизде Сүрөтчүлөр союзунун канча мүчөсү бар?! Бир нече Университеттерде искусство факультеттери, Б. Бейшеналиева атындагы адистештирилген өнөр Университети, Сүрөт академиясы, Сүрөт училищеси бар. Алар сүрөтчүлөрдү гана эмес, маданият мекемелеринин менеджерлерин, маданият, искусство талдоочуларды да даярдап чыгарышат, алардын ар биринде адистер менен билармандар толтура!

 

Шаарда Токтогул, А. Токомбаев, И. Раззаков, С. Чуйков, Г. Айтиев, О. Мануйлова ж.б. атындагы музейлердин ишин бириктирген эстелик музейлердин бирикмеси түзүлгөн, булардын баары кыш мезгилинде дымып калат да, жайга карата аталган үй-музейлеринин кожоюндарынын же жаш сүрөтчүлөрдүн бирин-серин көргөзмөлөрүн өткөрүп калышат. Маданият министрлиги мындан четте турат, шаарда болсо булардын чыгармачылык иши менен алектене турган эч ким жок! Антпесе, шаардын чок ортосунда, мектептерден, университеттерден эки карыш турган бул жайларды акыл-эстүүлүк менен шаардыктардын пайдасына билим берүү максатында пайдаланса болбойбу?!

 

 

Гапар Айтиев


Европанын миңдеген шаарларында таштан жана жыгачтан жасалган орто кылымдык курулуш жайларда азыркы күнгө чейин көптөгөн китепканалар, көргөзмө залдары, клубдар иштеп жатат. Эмнеге биздин адабий музейлерде үй-бүлөлүк клубдарды, көчмө чакан көргөзмөлөрдү ачып, лекциялардын циклин (сөзсүз эле 100 же андан ашык кишиге эмес!), акы төлөнчү ийримдерди уюштурсак болбойт? Тема керекпи?! Искусство, дүйнөлүк диндер, роботтук техника, балдарды кантип гаджеттик көз карандылуулуктан арылтып, аларды окуганга үйрөтүү керек, адабият боюнча бүтүрүүчү сынактарга кантип даярдануу зарыл, сүрөт өнөрүн таанып билүү курстары, поэзия, саякатчылардын, республиканын аймактары менен тааныштыруу клубдары жана башка темалар абдан эле арбын. Бирок бул жайлар шаардын ортосундагы абдан ыңгайлуу жана кирешелүү жерлерде жайгашкандыктан, аларды ири курулуш компаниялары эчак эле көз астына басып койгонбу деп да чочулайм.

 

Раззаков көчөсүндөгү Түгөлбай Сыдыковдун үйүнүн тагдыры дагы эле кейитет, анткени ал «Москва» деп аталган заңгыраган бизнес-борбордун карааны астында жер менен жер болуп көрүнбөй калган, анткени бийик кабаттуу имарат тосмого такай курулуп, эски үйдүн пайдубалын оё кирип турат. Кеп бул жерде биздин улуттук сыймыгыбыз болгон адабияттын көрүнүктүү классигинин үйү туурасында жүрүп жатпайбы! Тыныстанов көчөсүндө турган О. Мануйлованын үйүнүн артындагы Биринчи Май районунун мурдакы акими А. Алиевге тиешелүү болгон жерге көп кабаттуу үй курулары айтылууда. Бул жерди ал качан, кантип алып алган? Эсимде, ушул участокто 2010-жылдан кийин эле Башкы прокуратура көчүп кеткенден кийин Конституциялык Соттун азыркы имаратына кошумча курулуш жай куруу пландаштырылган эле. Ольга Максимиллановнадан калган тыпыйган эстелик үй мындан жабыркабас, анын тегерегин курчап турган бакчанын бир метр жерин да тартып алышпайт деп ишенгим келет, бул үй менин миңдеген мекендештериме жана туристтерге али дагы көп билим, жакшылыктарды жана жылуулукту алып келерине ишенем.

 

 

Мануйлова Ольга Максимилиановна


Биздин музейлер туурасында кеп кылып жатып, М. Фрунзенин үй-музейин айтпай кетүүгө болбойт. Шаар жана өлкө шаардын ортосунда турган бул имараттын жөн эле турганына келишүүчүлүк менен мамиле кылууга тийиш эмес, андагы көргөзмөлөрдүн сапаты жана активдүүлүк туурасында унчукпай эле коёлу. Учурда бул муйзейдин тегерегинде талаш кызып барат: Маданият министрлигинде муну шаардын музейине айландырсак деген идея бар. Бул боюнча бир гана нерсени белгилегим келет: Батыштагыдай Чыгышта да 6-8 кылымдык тарыхы бар шаарлар арбын, кеп алардын бардык доорлордогу археологиясы, шаар курулушу, аларда отурукташкан ар кандай диндеги түрдүү улуттардын жайгашышы, тарыхый ченемден алганда — ар кандай катмарлары жана алардын эмне менен алектенгени жөнүндө жүрүп жатат. Бирок материалдардын ушунчалык мол экенине карабай, бардык таанымал шаарларда деле өзүнүн муйзейлери жок.

 

Бул идеяга аскер ардагерлердин демилгелүү тобу башка идеяны каршы коюуда, алар Фрунзе музейин Күжүрмөн даңк музейине айландырууну сунушташууда. Москва жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде панфиловчулардын күжүрмөн даңк музейи турат, ал кайда кетет?! Анын абалы кандай?! Ал акыркы кездери таптакыр каралбай жатат. Жанынан өтүп баратып, бул объектиге кантип кол салуунун аргасын издеген айлакер курулушчулар баштаган баягы эле тааныш көрүнүштү көрөсүң, бул имарат эскирди, эчактан бери эч ким турбайт, ээси жок, ошондуктан муну бузуш керек деген бүтүмгө алып баратышат! Бул ыңгайлуу жерде дагы бирөөнүн эңсеген көп кабаттуу үйү бой көтөрөрүнө шек жок!

 

Ак үйдөн колдоо издеген жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо керек деп күйүп-бышкан жолдош ардагерлер, өзүңөрдүн кайратыңарды ошол жакта үй курабыз дегендерге багыттабайсыңарбы? Эгерде колдогу имаратты калыбына келтирүүгө каалооңор менен мүмкүнчүлүгүңөр жок болсо, анда жок дегенде, анын биринчи кабаттарында күжүрмөн даңк музейин жайгаштыргыла деп талап кылгыла. Анткени бул музейдин мыйзамдуу орду, эл башына келген кыйын кезеңдер өткөн кылымдын 40-жылдарында армиянын бөлүктөрү фронтко мына ушул жерден аттанып кетишкен. Бул Улуу Ата Мекендик согуштун, алтургай, 1918-жылдагы Граждандык согуштун миңдеген ардагерлеринин издери калган күжүрмөн даңк музейинин өз орду! Ал жерде, керек болсо, дагы кошумча көргөзмө аянттарын кура турган жер да жетиштүү.

 

Фрунзе музейин мен создуктуруп отурбай этнография Музейине бериш керек деп ойлойм, анткени мындай музей бизде жок, ал дегеле өлкөгө абдан керек болуп турат. Фрунзенин үйү болсо 19 жана 20-кылымдардын тогошунда биздин чөлкөмдө жашаган молдовалык тургундун турак-жайы катары эстелик болуп тура берсин. Мындай кылсак деле советтик улуу кол башчы Михаил Васильевич Фрунзенин ысмы жана ишмердүүлүгү кенедей кемип калбайт, совет бийлигин Кыргызстанда орнотууга салым кошкон каарман көрүнүктүү адамдын таржымалы Мамлекеттик Тарых музейинин экспозицияларында толук чагылдырылат.

 

Келечектеги этнографиялык Музей өлкөнүн бардык аймактарынан чогултулган кыргыздын улуттук материалдарына чексиз бай болорунан эч кандай шек жок: областтык край таануу музейлеринин биринде да, алар – жетөө эмес, болгону үчөө гана! – колго илинерлик толук кандуу этнографиялык экспозиция жок.

 

Жаңы музейге ошондой эле республикада жашап жаткан бардык этникалык топторго таандык да материалдар чогултулат. Сиздер эмне үчүн башка эмес, так этнографиялык музей керек дээрсиздер. Биринчиден, туристтерди, айрыкча чет элдиктерди бардык жерде кызыктырган нерсе ушул; этнография бизде азырынча тарых музейинин же искусство музейинин бир үзүндү бөлүгү катары гана сунушталган. Экинчиден, этнографиялык адистешкен музей – бул республикадагы бардык этностордун жана калк катмарларынын таандуулугун, ой тарыхынын, ишмердүүлүгүн, кол өнөрчүлүгүн изилдей турган иштин талаасы.

 

Туристтер да, биринчи жолу уккан адамдар да, алтургай, жаштарыбыз да кантип эле биздин өлкөдө 80ден 100гө чейин этникалык топтор жашаарына таң калышат эмеспи!? Алар кайдан келишкен? Кантип чогуу жашап калышкан? Монголия, Корея, Армения менен салыштырып көргүлөчү – бул керемет эмес бекен?!

 

Кыргызстандын элин түзгөн маданияттарды, салттарды түшүнүүгө, урматтоого максаттуу, кылдат, акыл-эстүү жүргүзүлгөн иш аркылуу бир гана жерде үйрөтүүгө болот. РФ, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Корея, Германия, Түркия ж.б. өлкөлөр менен диаспоралардын маданиятын этнографиялык тажрыйба алмашуучу изилдөөлөр өз ара маданий баюуга гана эмес, бизнес-долбоорлорду иштеп чыкканга кол кабыш кылып, маданий-билим берүүчү, экономикалык байланыштарды күчөтүүгө түрткү болуп берет. Мындай музейде өткөрүлгөн бардык көргөзмөлөр, воркшоптор (кол өнөрчүлүк сабактары), аңгемелер жана лекциялар дайыма көптөгөн адамдарды өзүнө тартып турат.

 

 

 

Сувенирлер жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары сатылчу дүкөн Музейдин туруктуу атрибуту болууга тийиш. Чет өлкөлөрдү айтпаганда да, мен Москвадагы, Санкт-Петербургдагы музейлердин күркөлөрүндөгү товарлардын бай ассортиментине дайыма таң калам. Аякта музейдин буфетине кирип кофе ичип, алтургай, шам-шум этип да алсаң болот. Бул жерде бизге сувенирлерди музейде, театрларда сатпагыла деп ким тыюу салмак?! Биздеги маданияттын өнүгүүсүнө зыян келтирип, өлкөдөгү маданий мекемелердин өзүн өзү актоосуна жана туруктуу иштешине ким каршы чыгып жатат?

 

Эмне үчүн республика бюджетинен маданиятка жарыбаган каражат бөлүнүп атканын билип туруп, мындай зыянкечтерди элдин алдына алып чыгып, Шаар кеңешинин жана ЖК жыйналыштарына салып угуп, жазалоого болбойт?!

 

Биздин өлкөдө Пекиндегидей же Санкт-Петербургдагыдай балдар үчүн илим жана техника музейи, дүйнөнүн жүздөгөн башка шаарларындагыдай жаратылыштын табигый-илимий музейлер, Бакудагыдай же Москвадагыдай адабият музейлери, Ашхабаттагыдай же Бакудагыдай килем музейлери, Ташкенттегидей же Тбилисидегидей жибек музейлери жок экени анык.

 

Аталган жерлердин ар биринде этнографиялык музейлер бар, бир эле Грузияда мындай музейлердин саны жетөө! Туризмди маданият стимулдаштырат, креативдүү индустриянын өзөгү да маданият экенин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө түшүнүшөт жана ийкемдүү өнүктүрүшөт. Бул багытта канчалаган жумуш орундары ачылууда, маданиятка, аны менен байланышкан иштерге, тейлөөгө жана товарларга суроо-талап жылдан жылга өсүүдө. Бизге да маданиятка көңүл бурууга мезгил келип жетти, анткени миллион калкы бар шаар бүгүнкүдөй маданий боштукта жашай албайт!

 http://ruhesh.kg/

Акыркы жаңылыктар

22.10.2019

Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган майрам

20-октябрда "Дордой Плаза-II" соода борборунда Вальдорф педагогикасынын 100 жылдыгына арналган балдар үчүн майрам болуп өттү. Баланы жакшы көрүүгө арналган педагогика – 1919-жылы Рудольф Штайнер Германияда иштеп чыккан балдарды өнүктүрүүнүн бул методикасын ушундай мүнөздөөгө болот. Вальдорф мектептери бүткүл дүйнө боюнча – Африкадан Кытайга чейин, Америкадан Австралияга чейин иштейт. Өз алдынча болуп, чечимдерди кабыл алып, ойлоп жана ойлонуп, ...
21.10.2019

«Жүрөк ырдайт» поэзия кечеси болуп өттү

2019-жылдын 18- октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналган “Жүрөк ырдайт” аттуу поэзия кечеси менен Поэзия кечелеринин 2019-2020жж жаңы ...
19.10.2019

Элетке жетпеген санарип

Өлкөнү санариптештирүү багытында бийликтин, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызыкчылыктары улам көбүрөөк ачыкка чыгып, бул багытта чыйыр салгысы келген тараптар коомчулуктун көңүлүн буруга аракет кыла баштады.   Атап айтканда, буга чейин, 4-октябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деген конференциясы өтсө, акыркы күндөрү ...
18.10.2019

Санарипке карай жол

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.   Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Ош Мамлекеттик университетинде «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы КР экс-Президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өттү. Конференцияга Ош областынан, Ош шаарынан өкүлдөр, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, ...
17.10.2019

Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда. Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат ...
16.10.2019

Санариптешүү жашоону жеңилдетет

Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү. https://www.azattyk.org
15.10.2019

Игорь Шелике: Мугалим үчүн биринчиси жана башкысы - окууга өзүнүн даярдыгы

Вальдорф педагогикасы боюнча Игорь Ильич Шелике менен Бешинчи каналда Нарын Айып менен телеэфир. Педагогдун булар жөнүндө ой дүгүртүүсү: билим берүү деген эмне – фактыларды жөн гана эстеп калуубу же аларды далилдеп жана салыштыра билүүбү:
15.10.2019

Креативдүү программалоо боюнча биринчи олимпиада

Биз креативдүү, ар тараптуу ойлоно алган, жаңы нерсе жаратууга кызыкдар жаштарды өстүрүүгө умтулабыз! Курак: 7-12 жаш Өлкө: Кыргызстан Билдирме калтыруу мөөнөтү 10-ноябрга чейин Программалоо тили: Scratch Окутуу: Олимпиадга даярдоо боюнча акысыз мастер-класстар каралган. Scratch программалоо тили - бул Массачусетс Технологиялык Университетинин (MIT) профессорунун табылгасы. Ал мультфильм, оюн жана анимация жаратуу үчүн универсалдуу платформа. Жөнөкөй жана ...
14.10.2019

18-октябрда Поэзия кечесинин жаңы сезону ачылат! Сиздерди кайрадан Поэзия кечесине чакырабыз! Калтырбаңыздар! Шашылыңыздар!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акын , сатирачы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жолочу Рысбаев жана Жазуучулар Союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси Мая Осмонкулованын чыгармачылыгына арналат жана ал “Жүрөк ...
14.10.2019

Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт. Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер ...
12.10.2019

Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.   Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып ...
10.10.2019

«Кыргызстаныбызды окуп-үйрөнөбүз» аттуу билим сандыгы тартууланат

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эко-долбоору 2018-жылы – Аймактарды өнүктүрүү жылы – 5-10 жаш курактагы балдар үчүн "Изучаем наш Кыргызстан" жана "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" аттуу кооз иллюстрацияланган китептерди кыргыз жана орус тилдеринде чыгарды. Башкы каармандар Эркинай менен Бекжан жана алардын ата-энесинин саякатына ортоктош болуп, окурман биздин өлкөнүн баардык облустарын кыдырат да, ар кайсы аймактардагы ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»