Пресс-центр Чыгыш сөздөр жана докладдар

04.04.2013

Роза Отунбаева: “Мектепке чейинки билим берүүнүн лидери болоюн деп жатам”

Акыркы убактарда Роза Отунбаеванын дарегине карата ММКларда ар кандай саясый ушак-айыңдар байма-бай жарыяланып келет. Ошол эле учурда “Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун алгылыктуу иштери көз жаздымда калып калгандай элес калтырат. Отунбаеванын саясый ишмердигине тарых өзүнүн калыс баасын берет деген ишеним менен анын саясаттан тышкаркы демилгелерине басым жасадык. Роза Исаковна “Жаңы Агымга” Кыргызстандагы 6 жашка чейинки 800 миң балага билим жана тарбия берүү маселеси кабыргасынан турганын, аталган фонд ушул көйгөйдүн үстүндө кызуу иштеп жатканын айтты. Мындан сырткары экс-президент кенже курактагы балдарга билим берүү, бала бакчаларда Монтесорри системасын жайылтуу заман талабы экенине токтолду. 

- Роза Исаковна, алгач мектепке чейинки билим берүүнүн, бала бакчанын зарылдыгына, анын маанисине токтоло кетсеңиз? Деги эле ушул маселени көтөрүүгө эмне түрткү болду? 

- Мен Кыргызстандын бардык облустарын кыдырып, балдардын абалы менен жакындан таанышып чыктым. Элеттеги балдардын абалы өтө аянычтуу экен. Республика боюнча учурда балдардын 13 эле пайызы бала бакчаларга барат. Аймактарда 5%га да жетпейт. Жалпылап айтканда, жалпы балдардын 10 пайызга жетпегени гана бакчага барат. Айылдарда адамдар заңгыраган 200-300 кишилик кафе-ресторан куруп, эки кабаттуу там салып, 2-3төн машине алганы менен балдарына оюнчук сатып бергенге чыгынбайт. Бала бакчаларда да, бала бар үйлөрдө да оюнчук көрбөйсүз. Улуттук маданиятыбызды байытып, азыркы турмушубузга өзгөртүү киргизишибиз абзел деп эсептейм. Адамзаттын практикасында белгилүү, оюнчук – баланын өнүгүшүнө эбегейсиз зор түрткү берет. Китеп көйгөйү өзүнчө өкүнүчтүү аңгеме. Мен азыр мектепке чейинки билим берүү багытынын лидери болуп жатам. Адамдын өмүр узактыгын 5-6 жашка чейинки баланын өнүгүүсүнүн орду өтө зор экенин илим тастыктап жатат. Батыш өлкөлөрүндө, мейли Түндүк Америка өлкөлөрү, Франция же болбосо Япония болобу балдар мектепке 4 жаштан бара баштайт. Биз былтыр Австрияга барып кенже жаштагы балдардын тарбиясы менен таанышканда, алар биз ушул маселенин актуалдуулугун акыркы эле 20 жылдын ичинде билип, түшүндүк, ошондуктан билим берүү саясатын түп-тамырынан өзгөрттүк дешти. Ошентип алар алдыга кетти, биздин коомубуз тилекке каршы эски стереотиптерди карманып артта калып жатат. Биздин элибиз болсо мектептен деле окуп жетишет, ага чейин бала чуркасын-ойносун деп кол шилтеп келишет. 

- Эмне себептен жаш курактагы балдардын тарбиясына мынчалык эрте көңүл бурулуш керек экен? 

- Жаңы маалыматтарга караганда, 7 жашка чейинки ар бир бала гений болот, өзгөчө музыка, сүрөт тартууда. Ушул куракта бала каалаган тилди тез өздөштүрөт экен. Баланын айлана-чөйрөнү таануусунда чексиз шыгы, ырым-жырым тоскоолдуктардан бош экени түшүнүктүү эле болуп турат. Мына ушул 7 жашка чейинки баланы тарбиялоо үчүн жумшалган ар бир доллар кийин сарптала турган 8-9 долларды сактап калат экен. А бизде элестетиңиз, балдарыбыз 1-класска чейин жадагалса ручка кармабайт. Мен бийликтин, министрликтердин жана коомчулуктун көңүлүн мектепке чейинки билим берүүгө буруп жатам. 6 жашка чейинки балдар Кыргызстанда 800 миңдей. 

Эң жыргаган совет заманында балдардын 30 пайызы эле бала бакчага барчу. Ал учурда ар бир колхоз-совхоздун, завод-фабрикалардын өздөрүнүн бала бакчалары бар болчу. Эсимде, Ленин заводунун эле 10 бала бакчасы бар эле. Эми азыркы бакчага барган 82 миң баланын баары эле негизинен бюджеттин мойнунда экен. Ата-энелерден сурасам, айына 400-600 сом төлөйбүз дейт. Совет тибиндеги бакчалар баланы таң аткандан кечке чейин кармайт. Бала уктайт, ойнойт, 3 маал тамак ичет. Врач, музыка мугалими бар толгон бала бакчалар бар. Бирок азыркы заманда 600 сомго эч нерсе келбейт да. Эми мамлекет өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп эле бала бакчаларды кармап келет. Эгер реалдуу эсептеп көрсөк, бир баланы бала бакчада багыш үчүн айына 13 миң сом кетет экен. 

- Сиз айтып жаткан советтик типтеги бала бакчалар модернизацияга муктаж эмеспи? Балким жаңы тарбиячылар, тарбиялоонун жаңы ыкмасы керектир… 

- Бишкекте 87 бала бакча бар. Алардын 25-30у жеке менчик, алар бир айга бир бала үчүн 8-10 миң сом алышат. Жалпы республика боюнча бала бакчанын тарбиячыларынын билим деңгээлинин төмөндүгүн айтпай эле коеюн. Бизде болгону тарбиячыларды педучилищалар, бир-эки эле университеттер даярдайт. Коом, балдар XXI кылымда жашаса, педагогика илими жана практикасы өткөн кылымда калып калгандай эле таасир калтырат. Бул окуу жайлардын потенциалын көрүп алып кадимкидей ызаланам. Биздин фонд аркылуу Москвадан дүйнө жүзүндө кеңири жайылган Монтесорри педагогикасын окутуп жатабыз. Бул системанын урааны “баланын өз алдынча болушуна жардам бер” деп аталат. Баланы уруп-сокпой эле өз алдынчалыкка тарбиялайт. Бала баарын өзү кыла алат. Ошол Монтесорри системасы боюнча бир жарым жаштагы бала шымын булгап алса өзү эле барып памперсин алмаштыра алат. Видеосун көрүп баарыбыздын оозубуз ачылган. Бала деген абдан акылдуу, жөндөмдүү болот тура. Бул методиканы 500 сааттын көлөмүндө окутуп, серитификат беребиз. Азыр 40 киши үзбөй окуп келе жатышат, булардын баары жалаң менчик бала бакчалардан. Окуу жайлардан же мамлекеттик бакчалардан келип үйрөнөйүн деген жан жок. Эми жеке бакчалар үйрөнсө да жаман эмес, абдан жакшы, бирок алар жаңы методиканы өздөштүрүп, атаандаштык жарышта өздөрүнүн ордун жогору кармаганга пайдаланышат. Бизде мектепке чейинки билим берүү системасына эч качан керектүү көңүл бурулган эмес. Бул системанын кызматкерлерин эч ким барктаган деле жок, алардын көйгөйүн уккан эч ким жок. Балдардын кенже курагына көңүл бурулуш керек деп Кыргыз билим берүү академиясы үн чыгарбайт. Билим берүү министрлигинде мектепке чейинки 800 миң балага жооптуу жападан жалгыз бир эксперт бар экен! Мамлекеттик саясатты ошол бир адам ишке ашыра алабы? Салыштырып көргүлөчү, Айыл чарба министрлигинде мал чарбаны тейлеген канча адистер иштейт? Балдарга караганда малды жогору койгон адатыбыз дагы эле кала элек. 

- Көп балалуу өлкө катары бизде мектепке чейин балдарды тарбиялоо, окутуу маселеси боюнча дегеле мамлекеттик саясатыбыз барбы? 

- Бар. Бул маселе акыркы 20 жылда былтыр биринчи жолу парламенттик угуудан өттү. Бүгүн 82 миң бөбөк, 7 жашка чейинки балдардын санынан ондон бир бөлүгү эле бакчалар менен камтылса, кандай жолдор менен балдарды коомдук түрдө турмушка, мектепке даярдайбыз деген чоң маселе турат. 90% бакчага барбаган балдарга кандайча бүгүнкү талаптагы тарбия-билим беребиз? Бул маселенин дагы бир оор жагы – мигранттардын балдары. Өзгөчө түштүк аймактарда. Канча балдар жакын туугандарынын колунда калып, курсагы тоюп, кийим-кечеси бүтүн болсо да керектүү билим, тарбия көрбөй жүрөт. Республика боюнча 1-класска жыл сайын 100 миңдей бала барат экен. Президент даярдаган стратегияда ошол балдар мектепке барганга чейин даярдыктан өткөрүлөт деп жазылган. Бул туура багыт, билим берүү системасынын жогорку приоритети. Балдар мектепке тең даярдык, тең укуктуу болуп келиш керек. Биз ошондо жаман окуган, кийин экинчи жолу ордунда калган, рэкетир болгон балдардан бара-бара арылабыз. Эгер биз балдарды мектепке чейин атайын даярдыктан өткөрбөсөк мектептеги тарбия, билим берүүнүн сапаты да өксүгөнүн турмуш көрсөтүп жатат. ЮНИСЕФ уюму Борбордук Азияда ушул маселе боюнча силер биринчи болуп туура жолго түштүңөр деп бизди жогору баалап жатышат. 

- Бул ой кандайча ишке ашырылат? 

- Азыр мектепке даярдоо боюнча 240 сааттык программа менен 50 миңге жакын балдар камтылып жатат. Жаздан баштап мектептердин, бакчалардын алдында, атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө, жайында “жайлоо бакчаларда” бул программа менен эмки жылы мектепке бара турган балдарды 100% камтыйбыз деген Билим берүү министрлигинин пландары бар. Баткен, Талас, Нарын облустарынын айылдарында программа жете элек болсо да ата-энелер өздөрү жай таап, аны оңдоп, сырдап, мугалимдердин айлык акысын өздөрүнүн чөнтөгүнөн айына 100 сомдон төлөп балдарын мектепке даярдайлы деген аракеттерин өз көзүм менен көрүп жогору баа бердим. Ошол программа боюнча балдар 3 айдын ичинде күнүнө 3 сааттан окушат. Ал жерде тамак ичишпейт, укташпайт, алфавит, эсеп, окууну үйрөнүшөт. Бул үчүн 240 саат жетишсиз экен, ошондуктан эл аралык уюмдардын каржылоосунун негизинде 480 сааттык программа иштелип чыкты. Ал программаны өтүүнүн алдында мугалимдерди окутуш керек. Бул келерки эки жылдын ичинде ишке ашырыла турган долбоор. Мен өткөн декабрда ЮНИСЕФтин башчысы, Дүйнөлүк банктын тиешелүү жетекчилери менен сүйлөштүм. Алар биздин иш-чарабызды колдоп, мектепке чейинки билим берүүгө 14,3 млн. доллар каражат бөлүп берип жатышат. Бирок биздин бюджеттен да атайын чоң жардам болушу керек. 

- Калган жарым миллион бөбөктөр кандайча тарбия көрөт? 

- Балдардын баарын бакчаларга тартканга биздин экономикабыздын мүмкүнчүлүгү жок, андай муктаждык да жок, себеби жумушсуздук моюндан кармап турат. Бирок ошол эле аялдардын жумушсуздугун жоелу десек, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрүп, жеке менчик же болбосо мамлекет менен биргелешип түзгөн бала бакчаларды ачууга неге болбойт? Өкүнүчтүүсү мамлекет менен жеке менчик ишкерликтин ортосундагы бизнес боюнча кабыл алынган закон иштебей жатат. Дегеле ар тараптан иштелген нормативдик документтер өтө жетишсиз, иш жасайм деген адам ишти кайсы жагынан баштаарын билбейт. Бала бакчаларга коомчулуктун көңүлү бурулуп жаткан менен иш туура нукка түшө албай турат. Депутаттар, акимдер эски типтеги 140-200 орундуу бала комбинаттарын планга киргизели деп күч-аракетин жумшоодо. Болуптур, жаңы бала бакча болсун, бирок биз бала бакчанын ийкемдүү формасын өркүндөтүшүбүз керек, 10 бала болобу, 20 же 30 болобу ал да бала бакча. Батышта экиден алты саатка чейин таштап коюуга мүмкүн болгон бакчалар бар. Биз да ушундай ыкмага өтүшүбүз керек. Бала бакча деген бул иштеген кишилердин экономикасы экенин унутпайлы. 

- Бала бакча имараттарынын таңсыктыгын кантип чечсе болот? 

- Жанагы приоритетти тандап алып, мектепке даярдык көрөбүз десек, анда ыңгайлуу бөлмө табыш керек. Чоң-чоң министрликтер же ишканалар өзүнүн имаратынан эле бир бөлмө бөлүп балдарын окутса болот. Азыркы бала бакчалардан бөлмө табыш керек. Кадимки бакчада тамак жегенге өзүнчө, ойногонго өзүнчө, уктаганга эки эле саат колдонулган, бирок керебет толгон өзүнчө жайлары бар. Ал эми балдар, өзгөчө жогорку группадагылар такыр уктабайт. Керек болсо айрым балдар кыйнап уктатат деп бакчадан качышат. Балдар көп, даярдык курстарга мүмкүнчүлүк жок деп 600 сом төлөгөн 100 баланы алышат, а сыртта 500 бала калып жатпайбы. Ошондуктан бала бакчанын болгон чыгымдарын эсептеп чыгып окутуунун жаңы формаларын таап иштегенде гана алдыга жылабыз. 

- Мындан башка дагы кайсы социалдык проблемалар курч деп ойлойсуз? 

- Азыр терс, мыкаачылык фактылар арбын, акылга сыйбаган нерселерди жасап жатышат, чоңу да, жашы да, аялдар да, эркектер да. Алакачуу же накта зордуктоо токтобой жатат. Анын кесепетинен кыздар муунуп, терезеден ичиндеги баласы менен секирип өлүп, ажатканага наристе балдарын тумчуктуруп жатышат. Кыргыздын эркектери “аял жолдо, тукум белде” деп кудайга да жакпаган иш жасап, үй-бүлөсүн, өз балдарын таштап кетип жатышат. Кайсы элде ушундай бар? Үч баланын атасы бир баласы СПИД менен ооруп калса, үй-бүлөсүн таштап, дагы эки соо баласын карабай басып кеткеничи?! Гемофилия менен ооруган балдардын аталары энесин оорулуу баласы менен таштап кетет деп доктурлар ыйлап жатпайбы. Башка элдер, биз менен кошуна жашагандар, бала эмес айбанды, итти деле үйүндө кармап, урбай, какпай тарбиялашат го. Биз эң эле кең пейилдүү элбиз деп бекер эле төшүбүздү какпай, качан өзүбүзгө катуу сын көз караш менен карайбыз?

Билим кербени менен Ош облусун жакында аралап, эл менен жолукканда көп көйгөйлүү маселелерди угуп келдим. Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте аялдарга, кыз-келиндерге медицина, турмуш тууралуу кеңири кеңештерди бере тургандай телепрограмма даярдайлы деп жатабыз. Азыркы ушул темаларга багытталган телепрограммалар академиялык тилде көрсөтүлүп жатат. А биз жалпак тил менен ата-энелерге кеп-кеңешибизди айтышыбыз керек. 

- Сиздердин фонддун кийинки иш-чаралары жөнүндө да айта кетсеңиз… 

- Биз учурда “Бөбөк ыры” деген конкурс уюштуруп жатабыз. Ошол конкурстун негизинде балдар үчүн жазылган мыкты ырларды тандап алып, китеп кылып чыгарабыз. Орус тилдүү бала бакчаларга барсак көптөгөн хор ырларды ырдап жатышты, ал эми кыргыз тилдүү бала бакчаларда гимнден башканы ырдашпайт экен. Ошондуктан “Бөбөк ыры” конкурсу бөбөктөргө дагы биртоп унутулгус, шаңдуу, жагымдуу ырларды ачат деген үмүттөбүз. Дагы бир чоң иш-чарабыз, 18-19-майда Бишкекте “Билим фестивалы” деген көп тараптуу, ата-энелерге, балдарга өтө керектүү майрам, билим тармагындагы сервистердин жарманкеси өтөт. Биздин демилгелер тууралуу www.roza.kg сайтынан толук маалымат алсаңыздар болот. 

Аскер САКЫБАЕВА,

Уланбек ЭГИЗБАЕВ 

“Агым” 29.03.13

Акыркы жаңылыктар

27.02.2020

«Күттүргөн жаз» поэзия кечеси аншлаг менен өттү

21-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониянын Кичи залында «Күттүргөн жаз» деп аталыштагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече акындар Бактыгүл Курманалиеванын, Айсалкын Сыдыкбекованын жана Турдубек Токтосуновдун чыгармачылыгына арналды. «Күттүргөн жаз» поэзия кечеси сахнанын улуттук колориттеги жасалагасы менен өзгөчөлөнүп, аны акын Алтынбек Исмаилов алып барды.   Бактыгүл Курманалиева Ош облусунун Өзгөн районунунда төрөлгөн. ...
25.02.2020

Кадамжайдагы мектептерде балдардын тамак ашына сатып алуу боюнча салыштыруу жана сурамжылоо жүргүзүлдү

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылдан бери БУУ бүткүл Дүйнөлүк Азык Түлүк Программасынын “Кыргыз Республикасында башталгыч мектептерге тамак-аш программасын оптималдаштыруу” программасынын алкагында иш алып барып келет. 24-февралда Фонддун эксперттери Кадам Жай районундагы (Баткен облусу) мектептердин тамак ашына сатып алуу процессин карап чыгып, өз алдынча сатып алуу жүргүзүп жаткан мектептердин ишмердигине ...
25.02.2020

Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча: https://roza.kg/ 19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе ...
21.02.2020

КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат. КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке ...
19.02.2020

Тынчтыкты жана тынчтыкты орнотууну колдоо маселелери Женевада каралып жатат (Швейцария)

2020-жылдын 18-19-февралында Женева шаарында (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу архитектурасын обзору боюнча тематикалык консультациялар өтүп жатат, ал изилдөө борборлордун тобу менен уюштурулган, тактап айтканда, тынчтык орнотуу боюнча Женеа платформасы тарабынан Швейцария Өкмөтү менен биргеликте. Консультациянын максаты БУУнун тынчтык орнотуу боюнча соңку 5 жылдык иштерине обзор кылуу.БУУнун башкы катчысы А.Гуттериш 5 көрүнүктүү эл ...
18.02.2020

Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020-ж. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин.  Жери:  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети (КЭУ). Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп ...
11.02.2020

Кечээ борбордо «Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү» белгиленди

10-февралды бүткүл дүйнө “Илимдеги кыздардын жана аялдардын эл аралык күнү” катары белгилөөдө. Бул күн кыздардын адатынча “эркектердин” деп эсептелинген илим, техника, технологиялар жана IТ менен байланыштуу кесиптерди тандоодогу кыздардын укуктарын коргоого арналган. Бишкекте бул күндү илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошкон белгилүү аялдар-илимпоздордун, ошондой эле илимди жана IT ни кесип кылып тандап алган жана өз жаатында ийгиликтерге жетишкен ...
08.02.2020

8- Билим берүү фестивалын тосуп алуу: жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар

4-8-февралда программалык камсыздоолорду жана тейлөөлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз Ассоциациясынын жана IT академиясынын негиздөөчүсү А. Абакировдун № 91, 96 жана 28 мектептеринин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулары улантылды. Презентациянын жүрүшүндө А. Абакиров санариптик дүйнөдө билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, окуучуларды Кыргызстандагы IT рыноктун өсүшү менен тааныштырды, мындан тышкары заманбап дүйнөдөгү жоголуп бара ...
07.02.2020

Бишкекте тынчтыкты жана социалдык биримдикти сактоодо билим берүүнүн ролу талкууланды

Бишкекте 6-февралда “Социалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” конференциясы өттү. Конференциянын иши мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, билим берүү жаатындагы жаш активисттердин, эксперттердин жана практиктердин арасындагы социалдык биримдик жана тынчтык, туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында билим берүүнүн негизги аспекттери боюнча тажрыйба, билим жана идеялар менен алмашууга көмөктөшүүгө ...
06.02.2020

«КҮТТҮРГӨН ЖАЗ» поэзия кечеси өтөт

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу менен биргеликте жумурай журтка таанымал белгилүү акындардын жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзып келаткан жаш акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү төрт жылдан бери үзгүлтүксүз улантып келүүдө. Кезектеги кече эсеп боюнча кыркынчы жана ал акындар Курманалиева Бактыгүл, Сыдыкбекова Айсалкын жана Токтосунов ...
04.02.2020

«Модерн vs Классика» концерт-презентацияга чакырабыз

"Бий – бул дененин кыймылы аркылуу бошолуп чыккан жан сезимдеринин чагылдыруусу” – деп, бийди, тактап айтканда заманбап/модерн бийди мүнөздөгөн хореограф Марта Грэм. Сиздердин ар бириңиздер бийдеги жандуу кыймылдан кийин ушул эркиндикти, жыргалчылыкты, жеңилдикти сезген болсо керек. Билим берүү системасында балдарды дүйнө таануу, жаратылыштын, же химиялык процесстердин мыйзамдары менен тааныштырууга көп убакыт бөлүнөт, бирок баланын өзүн жана өз ...

Издөө

Экс-президенттик институт

«Устат» долбоору

Мектепке даярдык көрүүчү жыл


School of Childhood

Садики на джайлоо

Gardens on jailoo

Балачак мектеби

School of Childhood

Билим фестивалы

«Эко-долбоор»

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»

КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу

Балдар үчүн мастер-класстар

«Балдар филармониясы»

«Поэзия кечелери»

Биздин басылмалар

«Мекендештер»


mekendeshter-logo

«Бешик ырлары»


beshik-logo

Видео

Ключевые факторы успешности женщин в инновациях и технологиях

«Аларда кандай болду экен?»

«Фонддун долбоорлору»