"Жылдыздар балдарга китеп окуйт" акциясына УТРКнын диктору Кыял Шаршеева катышты

May 10, 2024, 08:53
2024-жылдын 8-майында, «Арча Бешик» жаңы конушундагы № 79-мектепте «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду уюштурган «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясы өттү. Иш-чаранын башкы каарманы УТРКнын диктору жана журналисти Кыял Шаршеева Кыял Шаршеева болду.

Акциянын алкагында Кыял Шаршеева 7-класстын окуучуларына Фонд тарабынан басып чыгарылган Алым Токтомушевдин «Балдарга базарлык» китебинен үзүндү окуп берди. 

Окуучулар Кыял Шаршеевага кызыккан суроолорун берип, анын кесиптик тажрыйбасы тууралуу маалымат алышты. Кыял Шаршеева  УТРКда иштөөнүн жоопкерчилиги жана кызыктары тууралуу айтып берип, ийгиликке жетүү үчүн дайыма билимге умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, чет тилдерин эртерээк үйрөнүүгө чакырды.

Кызыктуу суроолорду берип, кезигишүүгө активдүү катышкан окуучуларга Кыял Шаршеевадан жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунан белекке китептер тапшырылды.

«Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциясынын миссиясы — балдарга китеп окуу маданиятын жайылтуу. “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Кыял Шаршеевага иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү демилгелерин колдоого баардыгын чакырат.