“Поэзия кечелеринин” күзгү сезону башталат

August 22, 2023, 10:09
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2023-жылдын 8-сентябрында “Ынтымак 2” паркында өтө турган "Жылдыздуу кеч" поэзия кечесине чакырат.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-жылдан бери 106 акын катышкан 42 поэзия кечесин өткөрдү. Быйыл бул демилге жаңы форматта уюштурулуп, ачык асман алдында өткөрүлүп жатат.

8-сентябрда өтө турган поэзия кечесинде Улуттук жазуучулар союзунун «Жылдын мыкты жаш акыны» наамынын, «Алтын калем» дипломунун ээси;Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын лауреаты; Чыныбай Турсунбеков атындагы республикалык адабий сыйлыктын Баш байгесинин ээси; “Маданияттын мыкты кызматкери”, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты-Бердибек Жамгырчиевдин, акын, журналист,драматург,маданияттын мыкты кызматкери, УТРКнын отличниги, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, “Сүйүү көктөмү”, “Деңиз дүйнө”, “Каректе калган издер” китептеринин автору Сайра Батыркулованын жана “Жылдын мыкты акыны” фестивалдарынын жеңүүчүсү, ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү,Ч.Турсунбек фонду уюштурган “Жаш толкун” конкурсунда 1-орунду багындырган,Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты Мелис Маматжановдун чыгармалары жаңырат.

Иш-чаранын катышуучулары арасында “Асылмед” клиникасы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан белектер ойнотулат.