Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнү

February 14, 2024, 00:27
Китеп берүү күнүнүн идеясы мектеп китепканачысы, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү, үч баланын энеси, америкалык Эмми Бродмурга таандык. Тагыраагы, Эмминин кичинекей уулу апасынан «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп берген өзгөчө күн жок?» — деп сурап, мындан улам 2012-жылдын дал ушул күнү апасы уулунун кыялын орундатуу үчүн социалдык тармактагы досторун бул өнөктүккө катышууга чакырык таштаган кайрылуу жарыялаган.

Бул майрамдын урматына Фонд тарабынан чыгарлыган бардык китептерге 15% арзандатуу жарыялайбыз. 14-февралдан 21-февралга чейин Чүй пр. 106 дарегиндеги кеңсебизден китеп алып жакындарыңызды, балдарыңызды жана досторуңузду кубантыңыз. Фонддун 3-4 китептерин алган окурмандарга "Өмүрү өрнөк инсандар" топтомундагы китептерден белекке берилет.

Китептерди сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар Фонддун балдар үчун билим берүү жана маданий долбоорлорун колдоого жумшалат.