"Жаз, акын" поэзия кечесине чакырабыз!

March 29, 2024, 08:23
2024-жылдын 3-апрелинде саат 14:00 Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду “Жаз, акын” аталышында поэзия кечесин өткөрөт.

Иш-чарада жаш акындар Жибек Сапар кызынын, Улан Дөөлөтовдун жана Жыпар Кутбидинованын чыгармалары жаңырат.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 116 акын катышкан 47- поэзия кечесин уюштуруп жатат.

Поэзия кечеси “Р. Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.