Жан дүйнөнү эргиткен поэзия кечеси өттү

September 11, 2023, 11:43
2023-жылдын 8-сентябрында “Ынтымак 2” паркында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду уюштурган "Жылдыздуу кеч" поэзия кечеси болуп өттү.

Иш-чарада Улуттук жазуучулар союзунун «Жылдын мыкты жаш акыны» наамынын, «Алтын калем» дипломунун ээси; Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалынын лауреаты; Чыныбай Турсунбеков атындагы республикалык адабий сыйлыктын Баш байгесинин ээси; “Маданияттын мыкты кызматкери”, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты-Бердибек Жамгырчиевдин, акын, журналист, драматург, маданияттын мыкты кызматкери, УТРКнын отличниги, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, “Сүйүү көктөмү”, “Деңиз дүйнө”, “Каректе калган издер” китептеринин автору Сайра Батыркулованын жана “Жылдын мыкты акыны” фестивалдарынын жеңүүчүсү, ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү, Ч.Турсунбек фонду уюштурган “Жаш толкун” конкурсунда 1-орунду багындырган, Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты Мелис Маматжановдун чыгармалары жаңырды.

Кеченин башталышында Кыргыз-түрк "Манас" университетинин театралдык бөлүмүндө окуган студенттер жана Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студиянын студенттери үч акындын чыгармаларын аткарышты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова өз сөзүндө мындай иш-чаралар акындарды колдоо жана калаа тургундарына маданий-агартуу эс алуу тартуулоо максатында уюштурулуп келатканын белгиледи: “КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаеванын жеке демилгеси менен Фонд 2016-жылдан бери 106 акын катышкан 45 поэзия кечесин өткөрдү. Быйыл бул демилге жаңы форматта уюштурулуп, ачык асман алдында өткөрүлүп жатат”-деди Роза Кайыкова.

“Поэзия кечеси” демилгесине үчүнчү ирээт колдоо көрсөтүп келген “Асылмед” клиникасынын жетекчиси Эльмира Орозобеква өз сөзүндө акындардын чыгармачылыгын сыйлагандыгын белгилеп кеченин каармандарына ийгилик каалап өттү.

“Поэзия кечесинде” акындардын чыгармалары тематикалык 3 бөлүктө жаңырды. Биринчи бөлүктө Бердибек Жамгырчиев, Сайра Батыркулова жана Мелис Маматжанов “Айыл””Апа” жана “Балалык” темасына арналган ыр саптарын окушту. Андан кийинки бөлүктө лирикалык “Сүйүү” ырлары окулду. Ал эми кеченин үчүнчү бөлүгүндө “Ата-мекенге сүйүү”тематикасындагы патриоттук чыгармалар жаңырды.

Кечеде үч акындын ыр саптарына жаралган обондуу ырларды Түмөнбай Колдошев, Айгүл Чалова, Адилет Азимов, Акыл Алдашев жана Нуржан Түмөнбаева аткарышты.

“Жылдыздуу кеч” Поэзия кечесине 200 дөн ашуун көрүүчү келип акындардын жан дүйнө сырлары катылган ырларын угушту.