О деятельности Фонда рассказали в Кении

February 18, 2024, 22:19
 AGECS доолбоорунун алкагында Ага Хан фонду тарабынан Канаданын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Кенияда уюштурулган "Глобалдык окуу" иш-чарасында Фонддун өкүлдөрү Арстан Сагынтай уулу жана Азамат Алагөз уулу "АтаМЕНен" долбоорун, Фонддун ишмердигин жана Кыргызстанды таанытуу жарманкесине катышты.

Иш-чара 11-февралдан 18-февралга чейин 30га жакын мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Катышуучулар жарандык коомдун социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбаларын, гендер, климат маселелери боюнча глобалдык тренддер боюнча ой-пикирлерин алмашышты.