Эко-долбоор шаардыктар үчүн актуалдуу маалыматтык материалдарды чыгарат

April 16, 2015, 06:00

«MEDIA LAB PRODUCTION» продакшн-студиясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору үчүн маалыматтык медиа материалдардын сериясын чыгара баштайт. Маалыматтык материалдар «Медиа жана арт-долбоорлор аркылуу көп түрдүүлүк жана урбан-активизм идеяларын алга илгерилетүү» багыты боюнча «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын колдоосу менен даярдалды.

 

Жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында 2015-жылдын мартынан тартып июнуна чейинки мезгилде эко-долбоордун алкагында социалдык маалыматтык-билим берүүчү 5 видеоролик тартылат. Роликтер жергиликтүү телеканалдар боюнча көрсөтүлөт жана социалдык тармактар боюнча таратылат, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жыл сайын өткөрүп жаткан Үчүнчү Билим берүү фестивалынын сайтына (festival.roza.kg) жайгаштырылат.

 

«Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору 11-мартта башталган. Долбоордун максаты – балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданиятты жогорулатуу. Биз бардыгыбыз – Бишкек шаарынын тургундары, борбор шаардын меймандары, сырттан көз жүгүртүп карап турбастан, сергек жашоо ыңгайы жана шаарыбызды туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү өз колубуз менен түзөлү.

 

Биз эңсеген шаарды кантип түзө алабыз? Райондорду, сейил бактарын, өз аймктарыбызды, өз короолорубузду жашылдандыруу, тазалоо боюнча туруктуу негиздеги бир катар экологиялык иш-чараларды өткөрүү аркылуу.

 

Сырттан көз жүгүртүп карап туруучу болбойлу – жарандарыбыздын терс жүрүш-туруштарына – көчөгө түкүрүүгө, чемичке чагууга, отургучтарга буту менен чыгып алууга, көчөгө таштандыларды таштоого каршы жигердүү күрөшөлү.

 

Эко-долбоордун алкагында төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

 

«Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы», Бишкек шаарынын мектептеринин экология боюнча мугалимдери үчүн лекторий, «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы, «ТазаБИШ» акциясы – аймактарды таштандыдан, куураган чырпыктардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо.

 

Бүгүнкү күндө «MEDIA LAB PRODUCTION» продакшн-студиясы эко-долбоордун бардык иш-чараларын медиа-коштоону жүргүзүп жатат. Бардык тартылган видеоматериалдар Үчүнчү Билим берүү фестивалында жыйынтыктоочу фильмде колдонулат, фестивалдын биринчи күнү – К.И. Скрябин атындагы КУАУда, ал эми экинчи күнү Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы жети аянтчада өтөт.

soros.kg