Билим берүү фестивалы билимди улантууну каалагандардын, бир нерселерди үйрөнүүгө ниеттенгендердин бардыгын чакырат жана жаңы билимдерге ачык!

April 25, 2015, 06:00

Бишкекте 25-апрелде «эски аянтта» үчүнчү Билим берүү фестивалынын экинчи күнү өтүп жатат, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган. Быйылкы жылдын темасы – экология.

 

Билим берүү фестивалы билимди улантууну каалагандардын, бир нерселерди үйрөнүүгө ниеттенгендердин бардыгын чакырат жана жаңы билимдерге ачык!

 

Силер үчүн чыгармачылык өнөрканалары, мастер-класстар, консультациялар иштейт, фестивалдын эң кенже меймандары үчүн балдар аянтчалары уюштурулган жана өнүктүрүүчү оюндар даярдалган.

 

Билим берүү фестивалынын расмий ачылышы эски аянттын аймагында 11:00дө болду, жабылышы 17:00дө Курманжан Датканын эстелигинин жанында (Пушкин көчөсү) өтөт.