Бишкекте үчүнчү Билим берүү фестивалы өтүп жатат

April 24, 2015, 06:00

К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 24-апрелде үчүнчү Билим берүү фестивалы өтүп жатат.

 

Билим берүү фестивалына мектеп окуучулары, студенттер, балдар жана алардын ата-энелери катышууда. Бир нече класстар ачылган, ал жерлерде келүүчүлөр үчүн мастер-класстар, гүлдөрдүн көргөзмө-ярмаркасы, концерттик-бий иш-чаралары, экобазар, спорттук оюндар, каратэ боюнча көрсөтмөлүү машыгуулар, КУАУдан эстафета сунуш кылынган, ошондой эле лаборатория классы ачык.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен Раимжан Курманов, Омар, Юлия Руцкая балдарга чыгармаларды окуп берет. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кабинетинде жазуучунун карындашы Роза Айтматова анын өмүр баянынан балдарга үзүндү окуп берди.

 

Фестивалга вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, экс-президент Роза Отунбаева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Ага-Хан фондунун өкүлдөрү келди.

 

Иш-чара КУАУнун, «Умай-Нур» билим берүү борборунун, Конфуций институтунун студенттеринин жана «Мен Кыргызстанды сүйөм» жаштар кыймылынын аткаруусунда концерттер жана бийлер менен коштолду.

 

Ошондой эле КВН экокубогунда «Позитиff», «Кыргыз Двор», «Элестет», «Ассорти», Brooklyn командалары оюн коет.

 

Фестивалдын жабылышы 25-апрелде Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.