«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Балдарды коргоонун Эл аралык күнүн өткөрүү жөнүндө пресс-релиз

May 31, 2015, 06:00

2015-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоо күнүнө карата «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында массалык акцияларды өткөрөт: программада КР жылдыздары менен жолугушуу, алар балдар үчүн өздөрүнүн сүйүктүү чыгармаларын окуп берет, кенже мектеп окуучулары үчүн үй-бүлөлүк китеп окуу жана Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу, ошондой эле балдар сүрөттөрүнүн конкурсун өткөрүү.

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – бул үй-бүлөлүк китеп окуунун мыкты салтын кубаттаган жана өнүктүргөн долбоор. Мындай үй-бүлөлүк китеп окуу чоң эне менен неберелерди, балдар менен ата-энелерди жакындатат. Китеп окуу аркылуу биз мыкты адабият менен таанышабыз.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду балдар китептерин бардык сүйүүчүлөрдү төмөнкүдөй даректер боюнча көрүүгө куштар:

 

«Раритет» дүкөнү, 10-00дө - юридикалык компаниянын президенти Жоомарт Жолдошев китеп окуп берет;

 

Айтматов китебинин китепканасы, 13-00дө - Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Пузырева Ирина китеп окуп берет;

 

Ак-Өргө, № 84 орто мектеби, 15-00дө - КР эл артисти Жамал Сейдакматова китеп окуп берет.

 

Бул жерде китеп окуудан алынган таасирлер жөнүндө ой бөлүшүүгө, өзүңдүн үй китепканаң жөнүндө айтып берүүгө, окулгандардын мазмунун, сүрөттөдү талкуулоого, китеп окуу жагынан кеңеш суроого болот.

 

Иш-чаранын катышуучуларынын саны чектелбейт.