Бишкекте ачык билим берүү ресурстары темасы боюнча мектеп директорлорунун орун басарлары үчүн окутуучу иш-чаралар өтөт

June 5, 2015, 06:00

Өткөрүү орду: И. Раззаков атындагы КМТУ, Кыргыз-Корей борборунун залы

Өткөрүү убактысы: 2015-жылдын 9-июну. 09.00-17.00


 

2015-жылдын 9-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Бишкек шаарынын 93 мектебинин окуу-тарбиялоо иштери боюнча завучтары үчүн семинар өтөт.

 

Семинардын максаты – Бишкек шаарынын мектептеринин жалпы электрондук даректерин түзүү жана башкаруу.

 

Tili.kg долбоорунун негиздөөчүсү Александр Туманов жана «Манас» КТУнун компьютердик инженерия факультетинин улук окутуучусу Касым Барктабасов машыктыруучу болот.

 

Маалыматтык технологияларды пайдалануу жөндөмү мектеп билим берүүсүн башкарууда жана билим берүү процессинин өзүндө өтө маанилүү. Семинардын алкагында катышуучулар Кыргызстанда ачык билим берүүнү алга илгерилетүү боюнча демилгелер, Google өбөлгөлөрү менен таанышуу жана мектептерди электрондук почтасын түзүү мүмкүнчүлүгүн алат. Бул дарек мектептердин өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле Бишкек шаарынын мектептеринин ортосунда, ошондой эле башка мекемелер менен маалымат алышуу үчүн натыйжалуу шайман болуп калат.

 

Окутуучу семинар «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Эркин маалымат» программасынын колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүү (АБР/OER, Open Educational Resources) «Сорос-Кыргызстан» Фондунун артыкчылыктуу багыты, анын ичинде мектептеги багыты болуп саналат. АБРди мектептерде алга илгерилетүүнүн башкы максаты бюджеттик жана донордук каражаттарга иштелип чыккан билим берүү материалдарын акысыз таратууну, ошондой эле аларды үчүнчү жактар эркин пайдалануусун камсыз кылган ченемдик укуктук базаны кабыл алуу болуп саналат.