Жайлоодогу балдар бакчасын ачуу аземинде Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлөт

June 20, 2015, 06:00

22-июнда Таш-Дөбө айылында жайлоодогу балдар бакчасын ачуу аземинде Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлөт

 

22-июнда Таш-Дөбө айылында жайлоодогу балдар бакчасын ачуу аземи өтөт, анда биринчи жолу Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми көрсөтүлөт. Ал эми 2015-жылдын жайкы сезонунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көп сандаган өнөктөрдүн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бүткүл өлкө боюнча жайлоодогу 85 балдар бакчасын ачууну пландаштырган.

 

Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» фильми жай бою бийик тоолуу жайыттардагы бардык балдар бакчаларында ачык асман астында көрсөтүлөт. Бул иш-чара улуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин унутулгус элесине арналат, ушул жылдын 11-сентябрында ал 80 жашка толмок. Маданий иш-чарага Төлөмүш Океевдин Фонду, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги катышат.

 

Төлөмүш Океев – дүйнөгө атагы чыккан «Бакайдын жайыты», «Ак илбирстин тукуму», «Кызыл алма», «Уркуя» сыяктуу жана башка фильмдердин автору.

 

Бул иш-чарага Чүй облусунун райондук администрация кызматкерлери, жайыт комитеттеринин, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Конфуций Институтунун, Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинин өкүлдөрү, ата-энелер жана балдар катышат.

 

Кошумча маалымат үчүн байланышуучу адамга кайрылууну өтүнөбүз: Мамаева Б.М. тел. 0 312 66 03 82; 0 558 67 88 99.