ЭКО-ФОТОАҢЧЫЛЫК фотосүрөттөр конкурсу

July 2, 2015, 06:00

"Экологиялык фотоаңчылык" – бул ар бир фотограф (кесипкөй же ышкыбоз) сунуш кылынган темаларга өз түшүнүгүн/көз карашын билдире ала турган аянтча.


Максат – курчап турган чөйрөнүн көйгөйлөрүн жана жаратылышка аяр мамилени чагылдыруу, коомдун экологиялык маданиятына көңүл бурдуруу. 


Фотоконкурстун милдеттери:

1. Өсүп келаткан муунда экологиялык маданиятты жана аң-сезимди калыптандыруу

2. Экологиялык акцияларга жана иш-чараларга сырттан туруп көз салуучунун позициясынан алардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү 


Сунуш кылынган темалар:

«Таң калычтуу нерсе жаныңда» - бир караганда Бишкек көчөлөрү жана үйлөрү, жөө адамдары жана айдоочулары бар демейки шаар. Бирок анын бут көп баспаган булуң-бурчтарын жана короо-жайларын карасаң, толгон токой таң калычтуу жерлерди табууга болот.


«Бишкектин көзгө урунбаган тургундары» - эгерде кунт коюп карасаң, шаардан адамдардан башка да көп нерселерди көрүүгө болот. Бул жерде биздин эле айланабызда курт-кумурскалар жана канаттуулар жашайт, чымдар жана эңилчектер өсөт, ал эми өтө баамчыл адам өзү үчүн өзүнчө бир таң калычтуу дүйнөнү ачат. Аны сүрөткө түшүнгөнгө гана үлгүрүү керек! 


Конкурска катышуунун шарттары:

1. Иштер электрондук вариантта JPEG форматында төмөнкү электрондук дарек боюнча кабыл алынат:

bilimfest2@roza.kg "Эко-фотоаңчылык" конкурсу деген белгиси менен.

же сиз ишти биздин офиске ар кандай маалымат булагында төмөнкү дарекке алып келе аласыз: Чүй проспекти, 106/ Тыныстанов көчөсү менен кесилиште, КР Экономика министрлиги, 1-кабат, 115-кабинет.

2. Файлдар 200 dpi кем эмес, до 20 Мб чейин болууга тийиш.

3. Фотосүрөттөрдү жөнөткөндө төмөнкүлөрдү сөзсүз көрсөтүү керек:

- авторду

- мобилдүү номерди

- электрондук даректи

- фотосүрөт тартылган жерди

- креативдик колтамганы/ фотосүрөткө карата комментарийди

4. Фотосүрөттөр оригиналдуу, оң мүнөздө болууга тийиш.

5. Бир катышуучудан 5тен ашык эмес иш кабыл алынат.

6. Иштер Бишкек шаары боюнча гана кабыл алынат.

7. Фотосүрөттөр «мотиватор» форматында кабыл алынат (төмөн жагында креативдик колтамгасы бар фотосүрөт).

Жогоруда саналган бир жана андан ашык пункттар сакталбаган учурда, иштер эске алынбайт. 


Жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери:

1. Конкурстук иштин аталышы (ишти коштой турган сыпаттама)

2. Фотосүрөттүн идеяларынын жана композициясынын кайталангыстыгы. 


Конкурсту өткөрүүнүн этаптары:

Иштерди кабыл алуу: 2015-жылдын 1-июлу – 25-сентябры

Жыйынтыктарды чыгаруу: 2015-жылдын 25-сентябры – 2-октябры

Конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо, жеңүүчүлөрдү сыйлоо: 2015-жылдын октябры. 


Жеңүүчүлөрдү фотоаппарат жана башка баалуу байгелер күтүп турат. 


Мыкты фотосүрөттөр төмөнкү сайттарга жайгаштырылат:

www.roza.kg

www.festival.roza.kg

www.time.kg

www.gde.kg

www.photo.kg, ошондой эле социалдык тармактарда. 


Байгелерди тапшыруу 2015-жылдын октябрында "Prego Club" (Достук) ресторанында өтөт. 


Уюштуруучулар:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (www.roza.kg)

Жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду (www.facebook.com/yrystan)

Кыргызстан фотожурналисттер Союзу (www.time.kg, www.photo.kg, www.gde.kg)

Колдоочу:

"Prego" ресторандар тармагы (www.prego.kg


Көңүл буруңуздар:

Автор өзү берген материалдын жалгыз укуктуу ээси болууга тийиш. Ишти конкурска жөнөтүү менен, автор уюштуруучуларга өзү берген материалды конкурстун өзүн жана кийинки көргөзмөлөрдү өткөрүү менен байланышкан ар кандай максаттарда пайдаланууга уруксат берет.

Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

- иштерди фотоконкурсту уюштуруучулардын жана түзүүчүлөрдүн ар кандай расмий сайттарына жайгаштырууга;

- иштерди баалоо үчүн аларды конкурстун калыстар тобуна кагазга чыгарылган же цифралык түрдө берүүгө;

- финалисттердин иштерин конкурстун көргөзмөлөрүнө кагазга чыгарылган же цифралык түрдө жайгаштырууга;

- конкурсту өткөрүү жана анын жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн финалисттердин иштерин ар кандай басылма жана электрондук ЖМКларда пайдаланууга;

- финалисттердин иштерин конкурсту жана көргөзмөнү коштой турган жана аларды өткөрүүнүн ажыралгыс бөлүгү болуп саналган фотоальбомдорду, маалыматтык буклеттерди, цифралык булактарды жана башка продукцияны даярдоо үчүн пайдаланууга;

- финалисттердин иштерин келечекте конкурсту жана изилдөө ишин жайылтууга арналган атайын иш-чараларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга.

Конкурсту уюштуруучулар ишти ар кандай түрдө пайдалануу учурунда анын авторунун ысмын көрсөтүүгө милдеттенет. Иштердин түп нускасын берүү жогоруда келтирилген шарттарга өзүнөн өзү макулдук болуп саналат.

Конкурстун катышуучулары автордук укуктар бузулгандыгын (башка фотосүрөттөрдү жайгаштыруу ж.б.) тапкан учурда төмөнкү дарек боюнча кат жазууну өтүнөбүз bilimfest2@roza.kg. Каттын темасында – «Автордук укуктары бузуу» деп көрсөтүү, текстте материалдарга шилтемелерди жана иштин автору экендигинин далилдерин келтирүү зарыл.