ЭКО-СЕЛФИ конкурсу

July 3, 2015, 06:00

Сен өз ата-журтуңдун экологиясы үчүн пайдалуу иштерди жасап жатасыңбы? Анда тартынба, өзүңдү көрсөт! Өлкө өзүнүн баатырларын таанып-билүүгө тийиш! Өзүңдүн фонуңда өзүңдүн жакшы иштериңди жана анын натыйжаларын көрсөт (ишембилик, көчөт отургузуу, аймакты жашылдандыруу, короону тазалоо жана башкалар). 

 

Конкурстун шарттары:

1. Фэйсбукта биздин Билим берүү фестивалы Бишкек 2013 бетин ачуу.

2. Биздин хроникада (стенада) өзүнүн селфисин бөлүшүү.

3. Фотонун астына «Таза шаар – өзүңдөн башта!» деп жазуу жана мазмунун кыскача сүрөттөө (орду, аракет, аракеттин катышуучулары).

 

Конкурска катышуу үчүн жогоруда келтирилген бардык пункттарды сактоо зарыл.

 

Конкурска катышууга бардык каалагандарга жол берилет. Бир катышуучудан соңку жылда тартылган 5тен ашык эмес селфи кабыл алынат, аларда сөзсүз түрдө катышуучунун өзү (достору, үй-бүлөсү, кесиптештери жана башкалар менен) тартылууга тийиш.

 

Фотосүрөттүн кайталангыс болушунан тышкары конкурстун калыстар тобу селфиде тартылган экологиялык чөйрөгө конкурсанттын жалпы салымын карайт. 

 

Конкурсту өткөрүүнүн этаптары:

Иштерди кабыл алуу: 2015-жылдын 1-июлу – 25-сентябры

Жыйынтыктарды чыгаруу: 2015-жылдын 25-сентябры – 2-октябры

Конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо, жеңүүчүлөрдү сыйлоо: 2015-жылдын октябры 

 

Башкы байге - смартфон. Ошондой эле кызыктыруучу баалуу байгелер каралган.

 

Байгелерди тапшыруу 2015-жылдын октябрында "Prego Club" (Достук) ресторанында өтөт. 

 

Уюштуруучулар:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (www.roza.kg)

Жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн "ЫРЫСТАН" коомдук фонду (www.facebook.com/yrystan)

Кыргызстан фотожурналисттер Союзу (www.time.kg, www.photo.kg, www.gde.kg)

Колдоочу:

"Prego" ресторандар тармагы (www.prego.kg

 

Эко –селфи конкурсу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулду. 

 

Көңүл буруңуздар:

Автор өзү берген фотосүрөттөрдүн жалгыз укуктуу ээси болууга тийиш. Ишти конкурска жөнөтүү менен, автор уюштуруучуларга өзү берген материалды конкурстун өзүн жана кийинки көргөзмөлөрдү өткөрүү менен байланышкан ар кандай максаттарда пайдаланууга уруксат берет.

Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

иштерди фотоконкурсту уюштуруучулардын жана түзүүчүлөрдүн ар кандай расмий сайттарына жайгаштырууга;

иштерди баалоо үчүн аларды конкурстун калыстар тобуна кагазга чыгарылган же цифралык түрдө берүүгө;

финалисттердин иштерин конкурстун көргөзмөлөрүнө кагазга чыгарылган же цифралык түрдө жайгаштырууга;

конкурсту өткөрүү жана анын жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо үчүн финалисттердин иштерин ар кандай басылма жана электрондук ЖМКларда пайдаланууга;

финалисттердин иштерин конкурсту жана көргөзмөнү коштой турган жана аларды өткөрүүнүн ажыралгыс бөлүгү болуп саналган фотоальбомдорду, маалыматтык буклеттерди, цифралык булактарды жана башка продукцияны даярдоо үчүн пайдаланууга;

финалисттердин иштерин келечекте конкурсту жана изилдөө ишин жайылтууга арналган атайын иш-чараларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга.

Конкурсту уюштуруучулар ишти ар кандай түрдө пайдалануу учурунда анын авторунун ысмын көрсөтүүгө милдеттенет. Иштердин түп нускасын берүү жогоруда келтирилген шарттарга өзүнөн өзү макулдук болуп саналат.

Конкурстун катышуучулары автордук укуктар бузулгандыгын (башка фотосүрөттөрдү жайгаштыруу ж.б.) тапкан учурда төмөнкү дарек боюнча кат жазууну өтүнөбүз bilimfest2@roza.kg. Каттын темасында «Автордук укуктары бузуу» деп көрсөтүү, текстте материалдарга шилтемелерди жана иштин автору экендигинин далилдерин көрсөтүү зарыл.