«Жайлоодогу мыкты өнүгүү борбору-2015» конкурсу

July 29, 2015, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Жайлоо бала бакчасы-2015” долбоорунун алкагында тоолуу аймактарда балдарды өнүктүрүүгө багытталган жайлоо өнүгүү борборлорунун алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтат жана жергиликтүү демилгелерди колдойт. Жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнүн үстүнөн иштеп жаткан тарбиячылардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин жана ата-энелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасын жогорулатуу максатында аймактарда ачылган “өнүгүү борборлорунун” арасында кароо-сынак жарыялайт.


Конкурска “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте жайлоо бала бакчаларын уюштурууга жигердүү катышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жайыт комитеттери, тарбиячылар, ата-энелер жана бала бакчалардын башчылары катыша алышат. Конкурска катышуу боюнча талаптар менен атайын иштелип чыккан жобо аркылуу тааныша аласыздар.


Кароо сынактын номинациялары.

• “Үлгүлүү өнүгүү борбору”

• “Жаңылыктын жарчысы”

• “Жигердүү ата-эне”

• “Өнөктөш массалык маалымат кызматы”


Конкурстун байге фонду

• Баш байге жасалгасы менен кыргыз боз үйү;

• Мыкты жетишкендиктерди көргөзгөн 10 адам чет өлкөгө бир жумалык саякатка жолдомо алат;

• Андан тышкары баалуу белектер сертификаттар берилет.


Бардык жайлоо өнүгүү борборлору бул конкурска катышууга укуктуу. Аймактардагы жайлоо өнүгүү борборлорун баалоо процесси 2015-жылдын 25-августуна чейин уланат. Аймактардагы өкүлчүлүктөр жана жюри мүчөлөрү өнүгүү борборлорунун (жайлоо бала бакчалары) ишмердүүлүгүн жобонун талаптарынын негизинде, баалайт. Конкурстун жыйнтыгы 15-сентябрда жарыяланат.


Кошумча маалыматты 0312 660 368, 0556 549 154, 0552 600 738, 0771 388596 телефондору аркылуу жана www.roza.kg сайттынан билсеңиз болот.


Биздин дарегибиз: Бишкек шаары, Проспект Чүй 106/ Тыныстанов көчөсү менен кесилишет. Экономика министрлигинин имараты. 1 этаж, 115 кабинет.




“ЖАЙЛООДОГУ МЫКТЫ ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ-2015” КОНКУРСУНУН

ЖОБОСУ


Конкурстун максаты:

 

Жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнүн үстүнөн иштеп жаткан тарбиячылардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин ата-энелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасын жогорулатуу жана аракеттерин колдоо.


Конкурстун номинациялары:

 

• “Үлгүлүү өнүгүү борбору”

• “Жаңылыктын жарчысы”

• “Жигердүү ата-эне”

• “Өнөктөш массалык маалымат кызматы”


“Үлгүлүү өнүгүү борбору”.

 

Бул номинацияга өнүгүү борборлорун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуу уюштурган райондук жана айыл округдары, жайыт комитеттери, райондук билим берүү бөлүмдөрү, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, мектептер жана ЖОЖ дор катыша алышат.

Баалоо критерийлери:

• Жайлоодогу өнүгүү борборлорун уюштурууда финансылык колдоо көрсөтүү;

• Техникалык колдоо иштери;

• Коомчулукту мобилизациялоо иштери;

• Жайлоо өнүгүү борборлорун жабдуу; (боз үй, күндөлүк муктаждыктарын камсыздоо, китептер, оюнчуктар ж.б);

• Жайлоо өнүгүү борборлорунун педагогдорду жана башка билим берүү программаларын каржылоо;

• Жайлоо өнүгүү борборлорунун актуалдуулугун коомчулукка жеткирүү;

• Жайлоо өнүгүү борборун туруктуу өнүктүрүү планы.

 

“Жаңылыктын жарчысы”.


Аталган номинацияга жайлоо өнүгүү борборлорунун педагогдору, тарбиячылары жана жетекчилери катышса болот.

Баалоо критерийлери.

• Балдарды жайлоо шартында өнүктүрүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды колдонуусу, жайылтуусу;

• Балдардын экологиялык билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча интерактивдүү ыкмаларды колдонуусу;

• Педагогдордун чыгармачылдыгы, демилгелүүлүгү;

• Балдарды өнүктүрүү процессинде жеткиликтүү жана жергиликтүү дидактикалык материалдарды пайдалана билүүсү;

• Бөбөктөрдүн өнүгүү динамикасын байкоо жүргүзүү ыкмалары;

• Бөбөктөрдү өнүктүрүүдө коомчулук менен жигердүү иш алып баруусу.


“Жигердүү ата-эне”.

 

Аталган номинацияга бөбөктөрдүн жайлоо шартында өнүгүүсүнө жигердүү жана ыктыярдуу колдоо көрсөткөн ата энелер, коомчулуктун өкүлдөр жана жеке инсандар катыша алышат.

Баалоо критерийлери:

• Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүктөрүнө активдүү катышуусу;

• Өнүгүү борборлорунун өнүгүшүнө кошкон салымы, колдоосу;

• Билим берүү программаларына жигердүү катышуусу (китеп окуп берүү, интерактивдүү оюндарды уюштуруу, балдар үчүн билген өнөрүн үйрөтүү, ж.б);

• Бөбөктөрдү өнүктүрүүдө педагогдор менен кызматташуусу, жардам көрсөтүүсү;

• Коомчулукту жана ата- энелерди балдарды өнүктүрүү процессине катышуусун багыттоо иштери;

• Бала бакчанын ишин жакшыртуу боюнча демилгелери, сунуштары.


“Өнөктөш массалык маалымат кызматы”.

 

Аталган номинацияга Жайлоо өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгүн чагылдырган массалык маалымат кызматынын баары катыша алат.

Баалоо критерийлери:

• Жайлоо өнүгүү борборлорунун ролун, зарылдыгын коомчулукка жеткиликтүү чагылдыруусу;

• Балдардын эрте өнүгүү зарылдыгын , актуалдуулугун жеткирүү;

• Коомчулуктун баланы өнүктүрүү зарылдыгын тастыктаган коомдук пикирди калыптандыруу;

• Ата-энелердин бала өнүктүрүү, тарбиялоо процессине катышуусун жана тажрыйбаларды чагылдыруу.

 

Конкурстун жеӊүүчүлөрүн аныктоо тартиби.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, КР Айыл чарба жана мелиорация министрилигинин Жайыт департаменти, жер-жерлердеги жайыт комитеттери, Билим берүү жана илим министрлиги, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн жюрилердин чечими менен аныкталат. Эң көп добуш топтогон катышуучу жеңүүчү деп табылат.


Сынактын женүүчү жана катышуучулары жөнүндө маалымат «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун - www.roza.kg сайтына жана башка ММК жарык көрөт.


Сынактын жюриси.

 

Жюринин курамына мамлекеттик, муниципалдык органдардын, эл аралык, жергиликтүү жарандык уюмдардын өкүлдөрү кирет. Өнүгүү борборлорунун ишин талкулоо процесси протокол менен жүргүзүлөт.


Жюриге жана уюштуруу комитетине официалдуу сыйлык берүү аземине чейин сынактын жыйынтыгын жарыялоого, тыюу салынат. Жюринин чечими акыркы деп саналып өзгөртүүгө мүмкүн эмес.


Уюштуруу комитети сынактын программасынын жана жюринин курамынын сандык жана сапаттык жактан өзгөртүүнү өзүнө калтырат.

 

Конкурстун байге фонду

• Баш байге жасалгасы менен кыргыз боз үйү;

• Мыкты жетишкендиктерди көргөзгөн 10 адам чет өлкөгө бир жумалык саякатка жолдомо алат;

• Андан тышкары баалуу белектер сертификаттар берилет.