«Мекендештер» эксперттердин ростерине 3 кадам

August 13, 2015, 06:00



Урматтуу мекендештер!

 

«Чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларын жана мекендештердин эксперттик ростерин карталоо» изилдөөсүнүн алкагында биз маалыматтарды топтоонун үчүнчү этабына, атап айтканда «Мекендештер» эксперттик ростерин түзүүгө келдик.

 

«Мекендештер» эксперттик ростери – бул кыргызстандык мекендештердин маалыматтар базасы, аларга чет өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктардын чоң жана кичине Мекени – Кыргызстанда, ошондой эле бүгүнкү күндө кыргызстандыктар жыш жашаган өлкөлөрдө экономиканын түрдүү секторлору, турмуш шартын өркүндөтүү боюнча долбоорлор жана демилгелер менен байланышын өнүктүрүү боюнча демилгелерге жана долбоорлорго катышуу сунушталат.

 

Алдын ала маалымат боюнча ушул жылдын май-июнунда онлайн режиминде анкеталанып өткөрүлгөн сурамжылоонун 86% респонденти Кыргызстанда өнүктүрүү демилгелерин колдоого кызыкдар. 150дөн ашык адам демилгелерди талкуулоо максатында «Мекендештер» маалыматтар базасына кирүү үчүн өздөрүнүн байланыш маалыматтарын калтырышкан.

 

Сиздерди КР Премьер-министринин алдындагы Мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын долбоорлору, МОМ жана Кыргыз Республикасында өнүктүрүү боюнча башка демилгелер менен кызматташуу үчүн «Мекендештер» эксперттердин ростерин түзүүгө катышууга чакырабыз.

 

«Мекендештер» эксперттердин ростерине 3 кадам


1) Эксперттердин ростерине кирүү үчүн Сиздерден төмөнкүдөй үч кадамдан өтүүнү суранабыз:


- жөнөтүүдөн же шилтеме боюнча файлды жүктөп,

- же болбосо жеке сүйлөшүүдө (эгерде сиз өзүңүз үчүн ыңгайлуу убакытты көрсөтүп жана скайп дарегиңизди mekendeshter@roza.kg электрондук почтасына жөнөтсөңүз, скайп маектешүү сиздин өтүнүчүңүз боюнча уюштурулушу мүмкүн)

суроолорго онлайн режиминде же жазуу жүзүндө жооп берүү;


2) Өзүңүздүн актуалдуу резюмеңизди/CV сүрөт менен берүү;


3) Сиздин ыктыярыңызга жараша Сизге төмөнкү темалардын каалаганына эссе же 3-5 мүнөттүк селфи видео даярдоону сунуш кылабыз:


- «Кыргызстанда колдонулуучу мен келген өлкөдөгү мыкты инновациялар/үрп-адаттар».

- «Сиздин көз карашыңыз боюнча кандай баалуулуктар чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды бириктирип жана Кыргызстандын жашоо шартын өнүктүрүүгө салым кошо алат?».

- «Сиз кайсы долбоорлорду же демилгелерди Кыргызстанда ишке ашырууга даярсыз».

- «Сиз 2016-жылдагы Мекендештер Форумунун күн тартибине кандай маселелерди киргизүүнү каалайсыз».

- Эркин тема.

 

Бардык берилген маалымат тигил же бул сектордо, региондо ж.б. мекендештердин эксперттик потенциалын илгерилетүүгө кызмат кылып, ошондой эле 2016-жылдагы Мекендештер Форумунун күн тартибин түзүү боюнча кызматташуунун башаты болуп калышы мүмкүн.

 

Бардык өздүк маалымат өздүк маалыматтарды коргоонун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуунун эл аралык стандарттарына ылайык колдонулат.

 

Андан тышкары, сиздер берген жооптордун каалаганында «ачыкка чыгарбоо үчүн маалымат» деген белги коюу менен купуялуулук боюнча өзүңүздөрдүн артык көрүүңүздөрдү билдирсеңиздер болот.

 

«Чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларын жана мекендештердин эксперттик ростерин карталоо» изилдөөсүнүн аналитикалык материалдары 2015-жылдын күз айында жарыяланат.

 

Маалыматты http://mekendeshter.org/ сайтынан жана биздин электрондук жөнөтүүлөрдөн алып турууга болот.

 

Биз бардык эксперттер «РОД» ЭКФсынын долбоорлору, анын ичинде «Форум Мекендештер» долбоору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш менен кыйла туруктуу жана үзгүлтүксүз кызматташууга кызыкдар экендигин билдирет деп ишенебиз.

 

Урматтоо менен,

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФсынын

аткаруучу директору

Кендирбаева Д.Ш.